БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/53
Баткен шаарынын аймагында топтолуучу салык жана жыйымдар жөнүндө шаар мэриясы менен шаардык салык кызматынын ортосундагы келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2015-жылдын 15-июлдагы №101-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби» жөнүндө Мыйзамынын 5-статьясынын 1;3-пункуттарына жана шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаар мэриясы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Баткен шаардык башкармалыгынын ортосундагы «Баткен шаарынын аймагында топтолуучу салык жана жыйымдар жөнүндө» келишими бекитилсин. (келишим тиркелет.)
2. Ушул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З. Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |