Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 01-10/54
Баткен шаардык кеңешинин 2014-жылдын 29-августундагы Vчакырылышынын кезектеги X сессиясынын №2-3/33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Баткен шаардык кеңешинин 3-чакырылышынын 2016-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюумунун «Кыргыз Республикасында жер реформасы» долбоорунун колдоосу менен бекитилген Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куру укугу» (Правила застройки и землеползования города Баткен) эрежесинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык кеңешинин курулуш куруу, өнөр жай, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын сентябрдагы отурумунун протоколуна жана шаардын Аэропорт кварталынын туруну Жусупбеков Көчкөнбайдын 2017-жылдын 14-августундагы макулдук каты, 2017-жылдын 10-августундагы Жусупбеков менен Абдуллаев Сейдахматтын ортосунда сатып алуу, саттуу келишиминин негизинде Баткен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 29-августундагы Vчакырылышынын кезектеги X сессиясынын №2-3/33 токтомуна өзгөртүү киргизилсин:
- Шаардын Аэропорт кварталынын туруну Жусупбеков Көчкөнбайдын 2017-жылдын 14-августундагы макулдук каты, 2017-жылдын 10-августундагы Жусупбеков Көчкөнбай менен Абдуллаев Сейдахматтын ортосунда сатып алуу, саттуу келишиминин негизинде 0,65 га өлчөмүндөгү Ж-1 багытындагы жер аянтынан 0,07 га жер аянты кыскартылсын.
2. Жусупбеков Көчкөнбайдын П-1 багытынан, Ж-1 багытына өткөрүлгөн жер аянты 0,58 га экендиги белгиленсин.
3. Абдуллаев Сейдахматтын 0, 07 га өлчөмүндөгү П-1 багытындагы жер аянты Ж-1 багытына өзгөрүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча турктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |