Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 2
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.02.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын 5-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушу Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралган корутундусунун негизинде депутаттардын шаардык кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 28.05.2018-ж. № 3 токтомунун 6, 7 пункттарын аткаруу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан берилген сунушуна ылайык Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөр № 1- тиркемеге ылайык 3015,9 миӊ сомго (анын ичинен бюджеттик каражатттардан 2065,9 миӊ сом атайын каражаттан 950,0 миӊ сом) кыскартылсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен тактоо жагы КР Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2018-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттарды шаардын бөлөк муктаждыктарын жылдыруу № 2 , № 3- тиркемелерге ылыйык бекитилсин жана ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык киреше бөлүгүнүн азайгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгү теӊдештирилсин.
3. Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарынан келген атайын делегацияны расмий тосуп алууга жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу, кошумча каражатты мэрдин резервдик фондунан иштетүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме-ишканаларга күйүүчү майга болгон баанын кескин түрдө жогорулагандыгын эске алып, жыл ичинде бекитилип берилген акча каражаттын чегинде бааларга мониторинг жүргүзүү менен мыйзам талаптарына ылайык сатып алуу жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Туркия Республикасынын Мерсин жана Тарсус шаарларынан келүүчү атайын делегацияга ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Наманган шаарынан Жалал-Абад шаарына келип жаткан атайын делегацияга мэриянын жылдык сметасында өкүлчүлүк чыгымдарга каралган каражаттын эсебинен каржылоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунушталсын.
6. Битумга болгон баанын жогорулагандыгына байланыштуу жарыяланган тендерге эч ким катышпай жаткандыгын эске алып, бааларга мониторинг жүргүзүү менен бекитилген жалпы сумманын чегинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен бирге кайрадан тендер жарыялоо жагы Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаарынын тургуну Атабеков Азимбектин тубаса глаукома көз ооруусуна Россия Федерациясынын Москва шаарында операция жасатуу үчүн Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигинин резервдик фондунан 100,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү шаар мэрине сунушталсын, Жалал-Абад шаарынын Кайрымдуулук борборунун жеӊилдиктер беренесинде материалдык жардамдарга карлган каражаттан 70,0 миӊ сом, жалпысынан 170,0 миӊ сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
8. Жалал-Абад шаарынын Кайрымдуулук борборуна туруктуу жашоочу үйү жок жарандардын дарылануусуна 34,1 миӊ сом, сезондук 1 штат бирдик кароолчу жана 0,5 штат жыйноочу кармоо үчүн жалпысынан 66,9 миӊ сом акча каражатын мекеменин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен мыйзамдын талаптарына ылайык бөлүп берүү КР Финансы министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
11.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |