Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 3
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин V чакырылышынын 29.12.2010-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын 18-токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 09.08.2018-жылдагы чыг.№06-5/626- каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин V чакырылышынын 29.12.2010-жылдагы кезектеги XVI сессиясынын 18-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» фольклордук этнографиялык комплексин сынак аркылуу ижарага берүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» фольклордук этнографиялык комплексин сынак аркылуу ижарага берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы жана ижарага алуучу талапкерлердин долбоорлорун Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кеӊейтилген жыйынынын кароосуна чыгаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А. Джолдошев |