Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 4
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылдык башкармалыгынын Кыргызстан айылындагы спорт залды Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 05.07.2018-жылдагы чыг.№06-5/522- каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылдык башкармалыгынын Кыргызстан айылындагы эки кабаттуу, жалпы аянты 3576,5 м2, курулуш аянты 124,8 м2 болгон спорт залды Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Спорт залды оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А. Джолдошев |