Редакцияот 17.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 17-августу № 5

Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунда жаӊы кварталдык комитетти түзүү жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.08.2018-ж. чыг.№04-09/2049-кат жана Курманбек аймактык башкаруусунун жашоочуларынын кайрылуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 55-беренесинин 3-4-пункттарын негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын мурдагы Питомник участкасындагы 15-көчөдөн 23-көчөгө чейинки шаардын территориясына тийиштүү болгон конуш жаны кварталдык комитет болуп түзүүгө жана “Курманбек” аймактык башкаруусунун карамагына өткөрүүгө уруксат берилсин.

2.  Жалал-Абад шаарынын мэриясына жаӊы түзүлгөн кварталдык комитетти юстиция органдарынан каттоого алынуусуна көмөктөшүү жагы жүктөлсүн.

3.  Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

А. Джолдошев