Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 6
Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кварталдык комитеттердин чек араларын бекитүү жана каттоо жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 31.07.2018-ж. чыг.№02-03/1980-катты жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Мыйзамынын 55-беренесинин 3-4-пункттарын негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кварталдык комитеттердин чек аралары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана кварталдык комитет катары статус алып катталсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы кварталдык комитеттердин Жобосу №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына кварталдык комитеттерди юстиция органдарынан каттоого алынуусуна көмөктөшүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага |
А. Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17-август 2018-жылдагы
кезексиз XI сессиясынын 6-токтомуна 1 тиркеме
Жалал-Абад шаарынын аймактык башкарууларындагы кварталдык комитеттеринин чек аралары боюнча тизме
Достук аймактык башкаруусу | |||||
№ | кв.ком.№ жана түтүн саны | Көчөлөрдүн аталыштары | Кварталдык комтиеттердин төрагалары жөнүндө жалпы маалымат | ||
Кварталдык комитеттин төрагасынын Ф.А.А. | Туулган жылы | Жашаган дареги | |||
1 | №5 529 түтүн | 1. Ленин көч. 36-118, Пионерская көч. 4-61 баардыгы, 1туп.Пионерская 3,5,7,11,17, 6,8,10,12,14,16, 2туп.Пионерская 2-6, 3-4, Кырг.Респуб.көч. 1-61,2-64, Кырг.Респуб.кыска көч. 2-10, 1-19, Абдугапиров көч. 2-66,1-61, Абдугапиров 1-туюк көч. 2-28, Абдугапиров 2-туюк көч. 1-7,13-15, Островский көч. 116-174,109-161, Торговый кыска көч. 5-31, Набережная кыска көч. 2,4,8,9,31,37, Пирогов көч. 2,4, 1-31, Московская көч., 27, 29, 31, 33, 37, Стрелковая кыска көч.1-17, 2-14, Литейный -Заводской кыска көч. 2-6, 3,5, Восточный кыс.көч. 2-10, Грибоедов көч. 2-34, 1-35, Ремзаводская кыс.көч. 2-8,1-13, Менделеева көч. 2-20, 1-19, Ж.Бакиев 39-51,74-80, Чехов көч. 3,7,9,11,13,15,21,23, Мамыр Баатыр (Строителей) 1-28 | Таджибаев Махмуджан | 01.01.1950
| Кырг. Респуб.- 9а 2-12-73 0550174301
|
2 | №6 313 түтүн | 1. Островский көч.163-229,176-242, Стрелковый кыс.көч. 16-46, Островский кыс.көч. 3-6, Тоголок Молдо көч.1-«Сел арык»чейин Кыргыз Республикасы 63-135,66-100, Панфилов көч.11-22, Гоголь кыс.көч. 3-17, 6-16, Чернышевский көч. 3-21, Дзержин-ский көч. 3-36, Московский көч. 22-48,19-51, Орозбеков көч. 3-34, ВЛКСМ көч. 1-13,2-14, Гоголь көч. 3-35, Рабочая көч. 3-19 | Маткурбанова Мубарахан Ибрагимовна | 04.09.1953 | Панфилов, 13 7-35-95 0555 09 53 04 0773 31 69 23 |
3 | №7 641 | 1. Т.Байзаков көч. 1-17,2-16, Чехов көч. 29-97,8-88, Чехов кыска көч. 1-15, 57,57А, 59, 59 А, Шопоков кыска көч.1-14, Шопоков көч. 1-31,2-36, Чкалов көч. 1-35, Чапаев көч. 1-35, Панфилов көч. 1-9,2-20, Бөкөнбаев көч. 1-21, Достоевский көч. 57-83,50-80, Панфилов кыска көч. 1-10, Московский кыска көч. 1-21, Киров көч. 1-29А, Будённый көч. 1-30, С.Акбаров көч. 49-85,50-80, Темиржол көч. 125-235, Манас көч. 1-19, Чутская көч. 39-53,34-50, Сарчибаев көч. 1-45,2-54, Горький көч. 37-49,54-68, Тургенев көч. 2-38, Ломоносов көч. 1-52, Бабкин көч. 79дан аягына чейин, 64төн аягына чейин, Бабкина кыска көч. 1-7, Маяковский көч. 2-54, 1туп.Московский 1-6 | Турдиева Зухрахон | 17.08.1951 | Тургенев к. 17 7-08-25 0777500709 |
4 |
№8 521 | 1.Б.Осмонов көч. 23-99, Манас көч. 1-16, Артиллерская көч. 2-60, Белинский көч. 1-26, Навои көч. 1-25, Шопоков көч,41-56,48-56, Ленинградский 3-39, Шевченко көч. 6-40, Ташкентский көч.,1-29, Тайгараев көч.1-25, В.Андреева көч. 3-35, В.Андреева туюк көч. 1-10, Матросов көч. 4-35,2-38, Фурманов көч. 4-48, Манас 1-кыс.көч.1-6, Манас 2-кыс.көч. 1-6,Тайгараев 1-кыс.көч. 1-16, Тайгараев 2-кыска көч.1-25, Тайгараев туюк көч. 1-25, Сарчибаев көч. 47-81,56-88, Маяковский көч, 9-88, Поддубный кыска көч. 1-8, Кашкин кыска көч. 7-15, Аюб-Булак көч. 1-46, Пушкин көч. Без № | Заиров Мейманбай | 02.05.1938
| Артилерийская 7-07-69 0550437799к. 15 |
5 |
№20 480 | 1.Дачная көч. 2-10, Арал көч. 1-9,2-16, Светлая көч. 1-21,2-36, Заречная көч. 1-21,2-38, Кызыл-Аскер көч. 1-13,2-24, Кара-Алма көч. 1-7, 2-6, Архитектурная көч. 1-7,2-4, Центральный көч.1-5, Светлая көч.толугу менен, Архитектурный кыска көч.толугу менен | Керимкулова Дженайым | 04.02.1953 | Саидмурадов к. 87-75-04 0772107643 |
6 |
№23 592 | 1.Артыкбаева көч. 1-40, Шерматов көч. 4-41, Достук көч. 2-127, Орозбаев көч.1-49, Раззакова көч. 1-39, Э.Алиева көч.1-80, Ибрагимов көч. 3-75, Рахимов көч. 1-15, Исанов көч.1-63, Салахов көч. 1-56, Умурзаков көч. 1-55, Умурзаков кыска көч. 1-4, Абдыкадыров көч. 1-23, Алиев туюк.көч. 1-6, Алиев 1-кыска көч. 1-14, Алиев 2-кыска көч. 1-18 | Жоробаева Мамира | 13.03.1958
| Э.Алиев к. 64 7-12-41 0777627788 |
7 |
№24 317 | 1.Осмонова көч. 120-126, Строителей көч. 3-21, Могол көч. 6дан аягына чейин, Могол кыска көч. 1-7, .Курманбек көч. 2-24, ВЛКСМ көч. 23-27, Манас көч. 35-60, Баетов кыс.көч. 1-15, Нефтянников көч. 1-13, Т.Байзаков көч. 40-50, Геологов кыска көч. 1-25, Толбухина кыска көч. 1-9, Ватутин кыска көч.1-10, Ковпака кыска көч.1-11 | Аманов Абдыкадыр | 20.12.1952
| пер.Геологов, 11/2 5-35-02 2-05-62 0773957556 |
8 |
№27 368 | 1. А.Бегимкулова 1-40, СССР 1-50, Б.Мурзакулов1-56, К.Тыныстанов 1-57, К.Тыныстанов туюк көчө 1-8, Ч.Түлөбердиев 1-26, Т.Тайгараев 1-30, Т.Балтагулов 1-11, Б.Осмонов 1-33, С.Ибраимов 1-11, С.Рахимов 1-2, Кыска көчөлөр: Акимжанов к/к. 1-12, Жолдошов Нияз Ажы к/к. 1-10, Жумуков к/к. 1-11, Проектируемая к/к 1-12 | Орозова Турдайым | 01.01.1951 | Мурзакулов к.12 7-26-38 0773220624 |
9 | №28 119 | 1. Ашуров көчөсү толугу менен, Бикузина толугу менен , Ленин 36-176 | Джанбаев Бахридин | 20.05.1958 | Ленин к. 24 0773545324 |
Ч.Айтматов кварталдык комитети | |||||
1 | №1 | 1.Токтогул көч. №1-5; Барпы Сейил №2-142; Куркура №3-31; ЖД №4-62; Октябрьский тар көч. №2-144,1-97; Загорная көч. №1-5,2-8; Загорная тар.көч. №1-21а; Темир-жол №68/1/3/7/8 | Маматалиев Хасанбай |
| Барпы тар.көч. №6 2-45-78, 0776199746 |
2 | №2 | 1.Алыкулов №1-8; Барпы-Сейил №144-256; Биринчи май №4-26; Дехканский тар.көч. №3-39; Ленин көч. №1-33; Токтогул көч. 11-37; Базарная көч. №1-18; Эркиндик №3-12; Нагорная №2-200,129-179; Нагорная 1-тар.көч. №2-14; Нагорная 2-тар.көч. №1-33; | Ахмедахунова Мухаббат
|
| Алыкулов көч.10 2-21-08 0552022108 Нагорная к. 0778881354 |
3 | №3 | 1.Кузнечная №11-89,12-58; Кузнечная тар.көч. №1-15,2-28; Бадалов №2-60,3-51; Бадалов тар.көч. №1-17,2-14; Транспортная №4-18,3-99; Кольцевой тар к.№6-14,9-13; Юж-транспортный коч.№1-17,2-18; Мадаминов көч.№3-73,2-64; Мадаминов тар.көч. №1-19,2-26; Темир жол №1-121; Темир жол 1-тар.к.№2-20; Темир жол 2-тар.к.№1-11,6-14; Южный тар.к.№1-23,2-12 | Умурзаков Мадаминжан |
| Кузнечная 27 2-16-37 0555939146 |
4 | №4 | 1.Ленин көч.№55-97; Базарная тар.к.№1-123, Северная №1-90, Ходжибаев көч.№2-48-81, Пахта-Куча №2-44, Завод тар.көч. №3-50, Островкский №2-114,49-107 | Ходжашева Зулайхо |
| Островский 86 2-57-12 0556149520 |
5 | №19 | 1.Минөрүк, Барпинская, Высотная, Швейная, Миндальная, Парковая, Дача Электрон | Абакиров Аблай |
| Высотная 0777413718 |
6 | №31 | 1.Пахта-Куча №211-205-207-203-199-201-191-195-185-123-181-175-177-179;, Ленин №123-139, Низами, Домор 20 үй (проектируемая) | Кадирова Миновар |
| Низами 2-57-35 0555898584 |
Курманбек аймактык башкаруусу | |||||
1 | 9 293 | Акмаль Икрамов, Джамбул, Хамза, Мукуми, К. Жуматаев, Курортный Ключ тар көч. | Ташходжаев Абдупатта |
| А Икрамова 36 2-29-52 0556 202063 |
2 | 10 394 | Джамбул, Пушкин, С. Бакиев, Некрасов , Ю. Шасалимов, Фадеев, Садовая, Б. Сейил, Х. Абушаит, О. Кошевой | Тахирходжаева Шамшат
|
| Б. Сейил 331 |
3 | 11
| Горький көчөсү 1 ден 52 чейин, Калинин, Калинин чолок көчөсү К. Цеткина, Достоевский 1 ден 48 чейин, Орозова 1-5 чейин, Фрунзе 1 ден 27 чейин, Фрунзе чолок көчөсү, Железнодорожный көчөсү 82 ден 214 чейин, Разина , Разина чолок көчөсү, Разина туюк көчөсү, Мичурин, Глинка, Л. Толстой, Пугачев көчөсү 54 дөн 99 чейин, Пушкин көчөсү 47-105 чейин | Габитова Римма |
| 2-49-78 2-14-10 0550 024978 |
4 | 12 437 | Эркиндик көчөсү 55-164 чейин, Эркиндик туюк көчөсү, 4 туп Эркиндик3-й пер Советский, С. Акбаров, М. Бабкин, Партизанский, Темир-жол, Ф.Тешебаев ч/к, Достоевский 1 -55 чейин, Крылов 1- 101 чейин, Е. Мазков 1-35 чейин, М. Бабкин ч/к, Радищев 1-12 чейин, Тельман ч/к, А.С. Пушкин ч/к 1-16чейин, Западный ч/к, Мира 1-12 чейин, Пушкин 27-47 чейин Пугачев 1-101чейин, Чутская 1- 32чейин, Ф.Тешабаев 69-106 чейин, Калинин, Эркиндик туюк көчөсү | Мансуралиев Абдумажит |
| Мазков 12 2-30-01 0558502700 |
5 | 13 315 | С. Бакиева к. 1-31 чейин, Некрасова к. 5-65 чейин, 2-60, Б.Сейил к. 316-280, 233-280, Пушкина к. 22-80, Х. Абдушаита к. 5-27, 2-40 К. Закирова к. 16-40, 23-39, О. Кошевой к. 1-69 чейин, Мельничный к. 2-16 чейин, Садовая к. 4-20 чейин, Лермонтова к. 2-10, 1-9 чейин | Вахидова Изатпоша |
| Б. Сейил, 257 2-21-83 0555 202627 0771 06 55 85 |
6 | 14 246 | Ф. Тешебаев, Г. Базарбаев, Типографский ч/к, Осовиахима ч/к, Комунальный ч/к, Өтмө Комунальный, Пугачев, Пушкин 1-25чейин, М. Бабкин, Школьный ч/к |
|
| Пер Токтогула 0557 104900 0773 008300 |
7 | 15 254 | Эркин-Тоо 1 туюк көчө, Токтогул ч/к, Эркиндик 2 ч/к, С. Акбарова, М. Бабкин 2 ч/к, Кооперативный ч/к, Новый ч/к, Н. Айтматова, Ж. Бакиева, МТС, Дмитрова ч/к, Темир жол | Маматсабиров Ислам Тиленбаевич |
| Ж. Бакиева 56-5 2-27-13 0778 41 03 07 |
8 | 16 413 | Б. Сейил 133-231 чейин, Б Сейил 5 ч/к, Базар-Курганский ч/к, Мельничный ч/к 1-9 чейин, Кустарный ч/к, Арычный ч/к, Банный ч/к, Родниковый, Кирпичный ч/к, Ленин 2- 16чейин, Спортивный ч/к, Горный ч/к, Пушкин к. 2- 20 чейин, Эркин-Тоо к., Курортный ч/к, Курортный, Мельничный, Эркин-Тоо ч/к, Х. Ключ ч/к | Жуманазаров Тешабай Курманбекович |
| Б. Сейил 298 0779 80 80 93
|
9 | 21 | 1 к. - Темир жол , 2 к - Гаиббаев, 3 к - Э. Алиев, 4 к - Суеркулов, 5 к – Жумабаев, 6 к - Амираев, 7 к - Эрмегалиев, 8 к - Ысманов, 8 к - Мурзакул Болуш, 9 к - Козубаев, 10 к – Санжар Кандыбаев, 11 к - Жумабаев, 12 к - Мавлянов, 13 к – Арча Бешик, 14,15- 21 Проектируемая | Акушова Манзура |
| Мавлянова 36 0778 83 29 65
|
10 | 26 334 | Курортный ключ ч/к, Подхоз Курорт | Хакимжанов Латипжан |
| Курортный ключ 69, 2-45-77 0555 57 77 95 |
Спутник аймактык башкаруусу | |||||
1 | 22 184 | Ул. З. Жамашев 1-123, четная сторона 2-16, Б. Осмонов 125-161, четная сторона 130-138, Пр.Манас 82-168, Дорожный 2-6, не четная сторона 1-5 | Кадыров Абдрашит | 10.10.1944 | З. Жамашев-113 5-29-06, 0778105447 |
2 | 18 340 | Ул. Крупская 1-30, пер.Тихий 1-65, Циолковский 1-28, Куренкеев 1-57, Манас пр.28-76, Жени-Жок 25-103, Студенческая 1-36, Макаренко 1-10,Кугартская 2-24, Абдукаимова 1-27 | Акматов Эсенбек | 19.11.1947 | Тихий 11 5-25-36, 0557504750 |
3 | 31 400
| Ул. Проект.2 кочо, З. Жамашев н/ж, Профсоюзная –н/ж, Жаштык 1-20, Жениш 1-108, Ж.Таджибаев 1-40, С.Умаркулов 1-25, Жакып Айтиев 1-20, Хамид Арапбаев 1-30 | Алдосова Бактыгул Садыбакасовна | 01.05.1970 | Победа н/ж 0772285007 |
4 | 30 164 | Ул.Тойчу Юлчибаев 1-49, Абиджанов 1-27, Момин Сатыбалдиев 1-93 | Ташматова Шарипа Мухамеджановна | 10.01.1961 | Сатыбалдиева-75, 5-56-12, 0554014283 |
5 | 17 211 | Сузакский 1-73, Ивасишина 1-72, Ленина 196-222, өтмө Сузакский 2-36, барачные дома. Өтмө Узгенский 1,2,3,4 | Балтабаев Абдуллажан Каримжанович | 18.10.1956 | Сатбалдиева -44 0771144682 |
6 | 32 | Пр. Манас, Гагарин, Р. Азимов, Дружба, Манас | Сыдыкова Майрам Абыловна | 08.03.1965 | Гагарина 0777324170 |
7 | 34 | Маматали Малабаев 1-26, Кугарт, Фабричная, Циолковский | Галчабаева Батма Нышановна | 06.01.1963 | Малабаева-9 0777721163 0558034063 |
8 | 33 72 | Авиационный тар көч.1-18, Абдрахманов 11-25, ул. Курманбек 1-10, барачные дома Курманбек, Абдрахманова , Манас -70/1,70/2,70/3,70/4 | Назаралиева Бегай Нурбаевна | 18.12.1958 | Авиационный-3 0770697606 |
9 |
| Эрмек Мурзабеков, Тарсус | Руслан |
| 0777476295 |
Жооптуу катчы Б.Беркбаева
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17-август 2018-жылдагы
кезексиз XI сессиясынын 1-токтомуна 2-тиркеме
Жалал-Абад шаарындагы кварталдык комитеттер жөнүндө Жобо
I. Жалпы жобо
Ушул Жобо кварталдык комитеттердин ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жөнгө салынат.
1.1. Кварталдык комитеттер - жергиликтүү аймактык өз алдынча башкаруу органынын коомдук чыгармачыл демилгесин өнүктүрүүгө жана кварталдын аймагындагы мамлекеттик, чарбалык жана социалдык-маданий курулуштар боюнча маселелерин чечүүдө жарандарды кеӊири тартууга жөндөмдүү болгон алгачкы коомдук орган болуп саналат.
1.2. Кварталдык комитеттер - турак жай массивдеринде жана жеке курулуштар жайгашкан 300 дөн кем эмес түтүнү бар конуштарда Аймактык башкаруунун, мэриянын сунушуна ылайык, шаардык кенештин чечими менен түзүлөт.
1.3. Кварталдык комитеттердин жобосу шаар мэриясы тарабынан иштелип чыгып шаардык кеӊешке сунушталат жана шаардык кеӊештин токтому менен бекитилет.
1.4. Кварталдык комитеттердин ишмердүүлүк жүргүзүү чек аралары аймактык башкаруунун жана жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен такталып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин токтому менен бекитилет.
1.5. Комитеттер жарандардын жалпы жыйындарында (чогулуштарда) шайлоо жолу менен түзүлөт.
1.6. Комитеттер өзүнүн статусун Жалал-Абад шаарынын мэриясында милдеттүү түрдө каттоодон өткөндөн кийин алат. Комитеттер өзүнүн иш кагаздарын анын түзүлүшү жөнүндө чечим чыккандан кийин 10 күндүк мөөнөт ичинде каттоого сунуштайт жана келишимдик негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарын ишке ашырат жана аткарат.
1.7. Комитеттер жарандардын жыйындарына жана аларды каттаган Жалал-Абад шаарынын мэриясына берилген ыйгарым укуктары чегинде отчет берүүгө милдеттүү.
II. Комитеттерди уюштуруу жана шайлоолорду өткөрүү
2.1. Кварталдык комитеттердин шайлоосу кварталдын белгиленген аймагында туруктуу жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйындарында уюштурулат.
2.2. Жалпы жыйын аталган аймактын жашоочулары тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт.
2.3. Жалпы жыйындын ишине:
а) тийиштүү аймакта катталган, 18-жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
б) сунуш берүу добушу менен Жалал-Абад шаарынын кеӊешинин депутаттары жана аймактык башкаруунун өкүлдөрү катышууга укуктуу;
2.4. Кварталдык комитеттерди жана алардын өкүлчүлүктөрүн шайлоо жарандардын комитеттин аймагында жашагандардын санынын 35% катышкан жалпы жыйынында жабык же ачык добуш берүү жолу менен (жыйындын чечимине ылайык) жүргүзүлөт, кварталдык комитеттерди шайлоо боюнча жарандардын жыйындары, чогулуштары аймактык башкаруунун чечими менен чакырылат жана тийиштүү иш кагаздар менен таризделет.
2.5. Кварталдык комитеттердин мүчөлөрү ачык добуш берүү менен 3 кишиден кем эмес курамда шайланат.
а) Кварталдык комитеттин төрагалары шайлангандан кийин аймактык башкаруунун башчысы тарабынан бекитилет.
б) Аталган аймактын курамына кирген кварталдын жашоочуларынын жалпы жыйындарын өткөрүү тартиби жана өкүлчүлүктүн ченемдери, аймактык башкаруу тарабынан аныкталат;
в) Аталган жыйында, чогулушта катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун алгандар Кварталдык комитеттердин курамына шайланды деп эсептелет.
2.6. Кварталдык комитеттердин курамынан орун басарын, катчыны шайлайт жана комитеттин башка мүчөлөрү арасында милдеттерди бөлүштүрөт.
2.7. Кварталдык комитеттердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – 2 жыл;
Кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, башка мүчөлөрү төмөнкү учурларда өз ыйгарым укуктарынан:
-аймактык башкаруунун берилген функционалдык милдеттерин жетишерлик денгээлде аткарбагандыгы жөнүндөгү сунушуна ылайык;
-такталган жамааттык даттанууга;
-жеке арызы же ден соолугуна жараша;
- кварталдык комитеттерди мөөнөтүнөн мурда шайлоо аймактык башкаруу тарабынан төрага бошогон учурда чакырылат;
-мүчөлөрүнүн көпчүлүгү комитеттердин курамынан чыгып кеткенде;
-Аймактык башкаруунун демилгеси менен четтетилиши мүмкүн.
2.8. Кварталдык комитеттер аймактык башкаруунун алдында, жарандардын чогулуштарында, жыйындарында отчет берет. Отчет зарыл учурда, бир жылда бир жолу, жана жарым жылда бир жолудан кем эмес чыгарылат.
2.9. Кварталдык комитеттин мүчөсү болуп 18 жаштан кем эмес 65 жаш куракка чейинки, жалпы орто билими бар, сабаттуу, аткаруучулук жана лидерлик жөндөмү бар ошол кварталда жашаган Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.
III. Кварталдык комитеттердин тапшырмалары
3.1.Кварталдык комитеттер калктын аймакты көрктөндүрүү, сактоо, турак-жай-коммуналдык чарбасын жакшыртуу жана туура пайдалануу иштеринде санитардык иш чараларды ишке ашырууга жана коомдук тартипти бекемдөөгө катышуусун уюштурат.
Кварталдык комитеттер бул максатта:
-кварталдын жашоочуларын эсепке алат жана үй чарба китебин жүргүзөт;
-жарандардын паспорттук режимди сактоодо, каттоосуз жашагандарды аныктоодо көмөк көрсөтөт;
-жашоочулар менен көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат (короолорду, үйлөрдү, аларга караган аймактарды, дарактарды отургузуу, боео, үйлөрдү, тосмолорду актоо, арыктарды тазалоо ж.б.у.с.);
-мектепке чейинки балдарды эсепке алуу, мектепке барбаган балдарды тактоодо, балдардын кароосуз калуусу менен күрөшүү боюнча билим берүү мекемелерине көмөк көрсөтөт;
-саламаттыкты сактоо мекмелерине калк арасында дарылоонун алдын алууларды, ошондой эле санитардык-агартуу иш чараларын өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
-каржы органдарына жана коммуналдык кызматтарга калктын өз учурунда белгиленген салык төлөмдөрүн төлөө маселелерине жардам көрсөтөт;
- согуштун жана эмгектин майыптарынын, курман болгон жана багуучусун жоготкон аскер кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнүн, карылардын зарылчылыктары жөнүндө кам көрүү, алардын жашоо-шарттарын изилдөөнү жүргүзөт. Зарыл учурда аймактык башкаруу аркылуу коомдук жардамды уюштурат;
- коомдук тартипти сактоо боюнча Аймактык башкаруу, ШИИБ жана КААБ менен биргеликте элдик кошундардын иштерин уюштурат;
-өзүнүн кварталындагы жашоочуларга аймактык башкаруунун өздүк базасынын негизинде үй бүлө курамы жөнүндө жана жашагандыгы тууралуу тактамаларды монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан бекитилген реестрге ылайык берет.
IV. Кварталдык комитеттердин укуктары жана милдеттери
4.1. Кварталдык комитеттердин укуктары:
-алардын компетенцияларына кирген маселелерди чечүү үчүн кварталдын жашоочуларынын чогулуштарын жана жыйындарын чакырууга, аймактык башкаруунун ишмердүүлүгүнүн айланасына кирген тийиштүү Аймактык башкарууга өттүнмөлөрдү жана сунуштарды киргизүүгө;
-кварталдык комитет тейлеген аймактын өнүгүү пландарын түзүүдө катышат жана көрктөндүрүү-жашылдандыруу, оӊдоо, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүнү уюштурат;
-социалдык - тармактагы отбъектилерди кабыл алууда катышат;
-өзүнүн аймагында турак жайларды куруу эрежелерин сактоону көзөмөлдөөнү ишке ашырат жана башка алардын кароосуна кирген маселелер боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу сунушун тиешелүү аймактык башкарууга киргизет;
- коомдук тартипти, турак-жайды пайдаланууда, санитардык ченемдерди жана башка эрежелерди бузган кварталдын жашоочуларына жалпы жыйындарда коомдук таасир берүү чараларын колдонуу жолу менен чара көрөт. Кварталдык комиттердин жыйындарында жана отурумдарында, же аксакалдар сотторуна, Аймактык башкарууга жана башка мамлекеттик органдарга материал жөнөтөт.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык кенештин чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтөт;
4.2. Кварталдык комитет калктын коомдук ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдары болгондуктан буйрук жана тескемелерди чыгара албайт, кандайдыр бир чара көрө албайт.
4.3. Кварталдык комитет Аймактык башкаруунун башчысына жана шаар мэриясынын жетекчилиги алдында отчет берет.
V. Кварталдык комитеттердин ишин уюштуруу
5.1. Кварталдык комитеттер өз ишин тийиштүү Аймактык башкаруу менен макулдашылган план боюнча жүргүзөт.
5.2. Кварталдык комитеттин отуруму катышкан комитеттин мүчөлөрүнүн добушуна ылайык чакырылып, протоколго түшүрүлөт.
5.3. Кварталдык комитеттер коомдук санитардык абалды сактоо, аялдар арасында, балдар арасында иш алып баруу, коомдук тартипти бекемдөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, аз камсыз болгон үй бүлөлөр менен иштөө боюнча комиссияларды түзөт.
VI. Кварталдык комитеттердин жетекчилиги
6.1. Аймактык башкаруу кварталдык комитеттердин ишмердүүлүгүн жетекчиликке алат:
-кварталдык комитеттердин төрагалары менен отурумдарды өткөрүп, комитеттердин экономикалык жана социалдык-маданий тармагынын өнүгүүсү боюнча жакынкы жылдарга, кварталга түзүлгөн пландары менен тааныштырат.
-алардын ишин текшерүүнү уюштурат, аларга жардам көрсөтөт, алардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчетторду талкуулайт.
-кварталдык комитеттердин практикалык ишмердүүлүгүнө зарыл шарттарды түзөт, аларды окуу куралдары, справочниктер жана башка материалдар менен камсыздайт.
-кварталдык комитеттер арасында мелдештерди уюштурат, эн жакшы комитеттердин тажрыйбасын жыйнайт жана таратат, комитеттин мүчөлөрүн сыйлоого сунуштайт.
-кварталдык комитеттердин сунуштарын бир айлык мөөнөттө карап, аларга тийиштүү чара көрөт.
-ушул Жободо каралаган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн Аймактык башкаруу менен келишим түзөт.
6.2. Аймактык башкаруу кварталдык комитеттин отрумунда же жалпы жыйында кабыл алынган чечимди мыйзамга туура келбеген учурда тоолук же жарым жартылай жокко чыгарууга укуктуу.
VII. Корутунду бөлүк.
8.1. Жарандардын жалпы жыйындарынын, Комитеттердин уюштуруу отурумдарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү Аймактык башкарууларга берилет.
8.2. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, шаардык депутаттар кеӊешинин сунушу менен киргизилип, шаардык кеӊеш токтом менен бекиткенден кийин күчүнө кирет.
Жооптуу катчы Б. Беркбаева