Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 7
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылдык башкармалыгынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.08.2018-жылдагы чыг.№04-09/2159-каттын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылдык башкармалыгынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысынын баштапкы баасы 4300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев айылдык башкармалыгынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарага берүүнү мыйзам талаптарын сактоо менен жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |