Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу № 8
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы IV сессиясынын 11-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн каттын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэри М. Тагаевдин баяндамасын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 21.12.2017-жылдагы IV сессиясынын 11-токтомунун 1 пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Ю.Абдрахманов,8 дарегинде жайгашкан мурдагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү жана консервалоочу комбинатына караштуу 1,04 гектар жер аянтын жана жер аянтында курулган имаратты Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине баланска кабыл алууга уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга алууну боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Баев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |