Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-сентябры № 4
Алтын боюнча кол күчү менен казып жаткан атуулдарга чара көрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С.Мамакеевдин жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ушул убакытка чейин алтын боюнча мораторий жарыялап чыгарган токтомго баш ийбей, Кара-Камыш көлүнүн өйдө жагынан кол күчү менен иштеп жаткан атуулдарды тактап келип, чара көрүү жагы айыл чарба кен байлыктар, суу ресурстары, жайыт боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жаркынбаев |