Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-февралы № 25
Орозбеков айыл аймагындагы Арзыгул гиссар асыл-тукум кой фермердик чарбасынын пайдаланып жүргөн жер аянты жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Орозбеков айыл аймагындагы Арзыгул гиссар асыл-тукум кой фермердик чарбасынын ижарага алып, пайдаланып келген 26,0 га айдоо сугат жер аянттарынын ижаралык мөөнөтү бүткөндүгүнөн, аттестациядан 2015-жылы кайра каттодон өтпөй калгандыгына байланыштуу, кайрадан 20,0 га айдоо кайрак жер аянтынын ижаралык акысы гектарына 2 500 (эки миӊ беш жүз) сом өлчөмүндө 2018-жылдын 30-августуна аттестациядан өткөргөнгө чейин ижаралык мөөнөтү узартылып берилсин.
2. Арзыгул гиссар асыл-тукум кой өстүрүү фермер чарбасы менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеӊештин агрардык жана бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага |
И. Мадеминов |