Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 29
ОсОО «Кирекс ОФ Минеральс» ишканасынын «Айыл аймагынын Күлдү айылынын Кара Булак участкасынан 75,0 га жайыт жеринен,656 га мамлекеттик запастагы жер аянтын убактылуу пайдаланууга» сураган каты жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын орун басары А. Матисаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап А. Орозбеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ОсОО «Кирекс ОФ Минеральс» ишканасына айыл аймагынын Күлдү айылынын Кара Булак участкасынан 75,0 га жайыт жеринен, 656 га мамлекеттик запастагы жер аянтына чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. ОсОО «Кирекс ОФ Минеральс» ишканасына экологияны бузбоо, жер кыртышын өз калыбында сактоо, казуу иштеринен кийин рекультивация жүргүзүүгө, лицензияны кармоо төлөмдөрүн убагында төлөп туруу жагы жүктөлсүн
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И. Мадеминов |