Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты № 32
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 14.02.2017-жылгы № 1-5/44 «Кадамжай районунун аймагындагы бодо малдарды идентификациядан өткөрүүнү уюштуруу жөнүндөгү» буйругу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын орун басары А. Матисаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап А. Орозбеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай райондук мамлекеттик админитсрациясынын 14.02.2017-жылгы № 1-5/44 – буйругуна негиз, айыл аймагындагы жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасын маалымат базасына киргизүү үчүн операторлордун айлык акысын жана ветеринардык врачтардын кызмат акысын төлөп берүү айылдык кеӊештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет, экономика маселенлери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Э. Аскаровага жүктөлсүн.
Төрага |
И. Мадеминов |