Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 38
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.03.2017-ж. АКТы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын орун басары А. Матисаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап А. Орозбеков айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.03.2017-ж. АКТына негиз, Кулду айылынын Кош Дөбө участкасындагы таштанды таштоочу, беккер чуӊкуруна жана башка комплекстик курулуштарга ажыратылган жалпы аянты 2,15 га жер аянтына эсептелген айыл чарба жоготууларынын төлөмү төлөнүп берилсин.
2. Төлөнүүчү төлөмдүн жалпы 351 628,20 сомдук баасы 2017-жылдын 3-квартал ичинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
И. Мадеминов |