Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы № 26
«Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук филиалына почтанын жаӊы имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
«Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасына 400 (төрт жүз) байланыш бөлүмүн куруп берүүгө атайын долбоор даярдалып, натыйжада ар бир айылга жаӊы почта бөлүмүнүн имараттарын куруу иштери иш жүзүнө ашырылаары жөнүндө «Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук филиалына почтанын жаӊы имаратын куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Токтогул райондук филиалынын 2017-жылдын 11-майындагы № 65 каты боюнча айыл өкмөтүн жер адиси К. Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук филиалына почтанын жаӊы имаратын куруу жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү 2017-жылдын 11-майындагы № 65 кайрылуу каты жактырылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген, Кызыл-Ураан, Саргата, Үч-Терек айылдарына жаӊы почта имараттарын курууга 0,02 га жер участогун мыйзам чегинде берүү жагы жер адис К. Абазовго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
Ж. Сейдалиев |