Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 27
Уч. инспектордун, жашы жетпегендер боюнча уч.инспектордун жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Уч. Инспектордун жүргүзгөн иштери жөнүндө уч.инспектордун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Участкалык иеспекторлордун жана жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча инспектордун жыл ичинде жүргүзгөн иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кылымыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча төмөндөгү иштерди аткаруу жагы уч.инспекторго, жашы жете элек балдар боюнча иштөө инспекторуна, айыл башчыларына, ВУСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
- укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрөшүү, мектеп окуучуларынын арасында тартипти чындоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү;
- коомдук тартипти сактоо жана хулиганчылык, тоноо, адамдын денесине залал келтирүү жана уурулукту болтурбоо боюнча иш алып баруу;
- паспорту жок жана паспорт эрежесин бузуучуларга мыйзамга ылайык административдик чараларды көрүү жагы;
- жашы жете элек балдар арасында укук бузууларды профилактикалоо, коомдук жерлерде жүрүм-турум эрежелерин белгилөө;
- окуудан баш тарткан балдарды окууга кайтаруу боюнча аксакалдар сотторунда кароо иштерин уюштуруу;
3. Диний чөйрөдөгү карама каршылыктардын күчөп кетүүсүнө жол бербөө, диний экстремизмге каршы иш жүргүзүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жобого ылайык иш алып баруу жагы айыл башчыларына жана уч. Инспекторлоруна милдеттендирилсин.
4. Эл арасында терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүү, улуттар аралык чыр чатактарды болтурбоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы уч.инспекторго, жашы жетпегендер боюнча иштөө инспекторуна милдеттендирилсин.
5. Эл арасында терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүү, улуттар аралык чыр чатактарды болтурбоонун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана айылдарда диний коопсуздуктун сакталышын камсыз кылуу жагы көзөмөлгө алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басары Ж. Тойтиевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
Ж. Сейдалиева |