Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 28
Таза суу жана сугат суулардын берилиши боюнча СОВП, УОС жана СПАнын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Таза суу жана сугат суулардын берилиши жөнүндө УОСтун кызматкери Абдыкадыров Алтынбектин, таза суу техниктери Абдыкадыров Жумагул жана Нурматов Жолдошбектин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Суу чыгуучу түтүкчөлөрдү оӊдоо жарылган жерлерин ремонтто иштерин жүргүзүүдө жана элди таза суу менен камсыз кылууда суу техник Абдыкадыров Жумагулдун Нурматов Жолдошбектин жүргүзгөн иштеринде кетирген кемчиликтерин эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Насостук станцияларды ремонтто, каналдарды, арыктарды тазалатуу жана УОС менен жазгы суугатка кетүүчү суунун көлөмү боюнча келишимдерди түзүү, жагы айыл башчыларына жана айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Ж. Казымидиновка милдеттендирилсин.
3. Ден-соолук үчүн «Таза суу» жана сугат суунун берилишинде тазалыгын сактоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана водозабордун тазалыгын сактоо, хлорлоо иштерин жүргүзүү жагы Ж. Нурматовго, Ж. Абдыкадыровго, УОСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Айдоо жерлерди сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу, элдин сууга болгон талабын канаттандыруу, Такталык участкасын өз убагында сугат суу менен камсыз кылуу жагы СПАнын башчысы Арапбаев Зарыпбекке, УОСтун кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Таза суу акысын чогултуу боюнча иш алып баруу, чогулган акчаны касага төгүү жагы салык инспектору Б. Оморовага, Ж. Нурматовго жана чогулган акчаны бузулган жерлерди өндөө үчүн жумшоо жагы суу техник Нурматов Ж. Абдыкадыров Ж. милдеттендирилсин.
6. Таза боюнча чогулган акчаны оӊдөө иштерине жана задвижкаларды алуу үчүн өз убагында алып берип туруу жагы башкы бухгалтер К. Көкөевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Ж. Тойтиевага милдеттендирилсин.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |