Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 29
Ветеринариялык иш чаралардын аткарылышы жөнүндө
Вет.адис Жумабеков Көчкөнбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Вет.адистердин малдарды дарылоодо бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыктары белгиленсин.
2. Жайыттарды туура пайдалануу жана жайыттардын абалын жакшыртуу, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттарды пайдалануу жана ижара акыларын төлөо тартибин жөнгө салуу жана эпитозиялык кырдаалды жакшыртуу иш чараларынын аткарылышын камсыздоо жагы вет.адис К. Жумабековго, жайт комитетинин төрагасы Ж. Сатыбаевге милдеттендирилсин.
3. Жугуштуу ооруларга каршы лабораториялык анализдерди алуу, дарылоо вакцинациялоо иштерин уюшкандыкта өз мөөнөтүндө жүргүзүү, малды асылдандыруу үчүн жасалма куут пункттарын уюштуруу жагы вет.адис К. Жумабековго милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагынын айылдарында айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын арасында кутурма оорусуна каршы иш чараларды күчөтүү менен бирге кара малдарды, ит, мышыктарды кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн толук өткөрүү жагы вет.адис К. Жумабековго жана жеке вет.адистерге милдеттендирилсин.
5. Идентификациядан өткөн малдарды операторлор аркылуу каттоо, көзөмөлдөө системасына маалыматтарды киргизүү уюштурулсун жана көзөмөлгө алынсын.
6. Айыл аймагында жаныбарларды идентификациялоонун жүрүшүн уюштуруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж. Казимидиновго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |