Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 30
ОсОО «Ант компани» 2017-2020 жылдар аралыгында Такталык тоо кыркаларында жана Каргыш участкасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
ОсОО «Ант компани» генералдык директору Жакебаеванын 2017 жылдын 03-майындагы Такталык жана Каргыш участкаларында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Молдомусаевдин наамына жазылган кайрылуунун негизинде Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ОсОО «Ант компани» 2017-2020 жылдар аралыгында Такталык тоо кыркаларында жана Каргыш участкасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Аталган участкаларда ОсОО «Ант компани» тарабынан жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштеринин мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Молдомусаев Нурланга милдеттендирилсин.
3. Геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн мезгилде экологиялык жана жайыт мыйзамдарынын так сакталышын камсыз кылуу жагы ОсОО «Ант компани»ге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |