Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 31
ОсОО «Кирекс оф минералс» 2017-2020 жылдар аралыгында Такталык тоо кыркаларында жана Каргыш учаскасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
ОсОО «Кирекс оф минералс» генералдык директору Э. Жумаевдин 2017-жылдын 18-майындагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө тиешелүү жалпы 6272 га аянт жерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Молдомусаевдин наамына жазылган кайрылуунун негизинде Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ОсОО «Кирекс оф минералс» 2017-2020 жылдар аралыгында Үч-Терек айыл өкмөтүнө тиешелүү жалпы 6272 га аянт геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Аталган аянттарда ОсОО «Кирекс оф минералс» тарабынан жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштеринин мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Молдомусаев Нурланга милдеттендирилсин.
3. Геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн мезгилде экологиялык жана жайыт мыйзамдарынын так сакталышын камсыз кылуу жагы ОсОО «Кирекс оф минералс» ге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |