Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 32
«Чабалекей» балдар бакчасына маркум Чаргынова Айнурдун атын берүү жөнүндө
Үч-Терек айылында жайгашкан «Чабалекей» балдар бакчасына маркум Эл агартуунун отличниги, эмгек ардагери Чаргынова Айнурдун атын берүү боюнча социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үч-Терек айылында жайгашкан «Чабалекей» балдар бакчасына маркум Чаргынов Айнурдун ысымы берилсин. «Чабалекей» балдар бакчасынын 2017 жылдын 22-февралындагы № 1 протоколунун негизинде Чаргынова Айнур атындагы «Чабалекей» мектепке чейинки билим берүү уюму болуп аталсын.
2. Аталган балдар бакчасынын тазалыгына көнүл бөлүү, жарыктандыруу жана айланасын көрктөндүрүү бала бакчанын ар кандай иштерине жыл сайын көмөк көрсөтүп турүү жагы балдар бакчасына ысымы ыйгарылган маркум Чаргынова Айнурдун уулу Мырзалиев Сапарбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары Ж. Тойтиевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |