Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 32а
Депутаттар тарабынан айтылган суроо талаптарды сунуштарды бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясында депутаттар тарабынан айтылган суроо талаптардын, сунуштардын иш чарасы бекитилсин. (иш чара тиркелет)
2. Иш чаранын аткарылышы боюнча тийешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте чечип аткарылышы боюнча билдирүү берүү жагы айыл өкмөт башчысына, туруктуу комиссияларга жана тийешелүү мекеме уюмдарга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы коомдук башталыштагы айылдык кеӊешинин төрагасынын көзөмөлдөө жагы коомдук башталыштагы айылдык кеӊешинин төрагасынын орун басары Ж. Тойтиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Сейдалиева |
Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IX сессиясында айтылган суроо талаптардын сунуштардын
ИШ ЧАРАСЫ
№ | Аты, атасынын аты | Суроо талаптардын сунуштардын кыскача мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат |
1 | Байсабаев Асылбек | Жолдо тоскондорду телефон тарта турган жерден тосушсун Осмон-Атага туруп алышат, эч жакка чала албайсыӊ ушуну начальнигиӊерге айтып барсаӊыздар бул элдин суроо талабы | Ар дайым | Уч. инспектор |
2. | Калыгулов Рысбек | Бир жакка кетип атсак да, огородко огородко кетип атсак да паспортуӊар кана деп текшерип атышат. Огородко паспортубузду алып алмак белек баса албай калдык деп эл айтып атышат. Кечинде гулянкага чыксак да кармайт деп атышат себепсиз эле кармай берүүнү токтотсоӊор ушул боюнча иш алып барсаӊар | Ар дайым | Уч. инспектор |
3 | Ибраимов Бектурсун | Кызыл-Ураанга келгенде 1 кулак сууну КРСке бергиле, аларда суу жок, 15 ке жакын эл жашайт, документтерди да жок суудан кыйналып атышат | Сезон убагында | УОСтун кызматкерлери |
4 | Кадыров Чынгыз | Тиксайдагы көпүрө кимге карайт, көчүп атат. Узак труба койдурган 400 дүк труба, суу батпай эки жагын жырып кеткен, бөлөк жагына салынып атат проектиде жокбу | Жыл ичинде | УОСтун кызматкерлери |
5 | Абытаева Анара | Саргатанын койгойү эмне болот казган жерлериӊерди бүтөп койбойсунарбы, кышында суу каптап атат. Мотошовдун тушу көмүлбөй турат. 2. Кодиков көчөсүн былтыр баарын жылдырган ошондон 3,4 үй эле калган, жылбай атышат, элдер айтып атат | Сентябрь | Суу техник Ж. Абдыкадыров |