Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 33
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Молдомусаевдин 2017-жылдын 6 ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Молдомусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеӊештин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫДАТ
1. Айыл өкмөттүн башчысы Н. Молдомусаевтин 2017-жылдын 6 айында жүргүзгөн уюштуруучулук жана чарбалык иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылдардын социалдык абалын жана инфрастуктурасын өнүктүрүү боюнча элдик жана Республикалык инвестицияларды тартуу аркылуу иш жүргүзүүнү аткарууга алуу жагы айыл өкмөткө жана айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Бостектир таза суу программасы 2017-жылы башталып жаткандыгына байланыштуу аны ишке ашырууну көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөткө жана айыл башчыга тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана өз убагында пайдалануу боюнча иш алып баруу жагы башкы эсепчи К. Көкөевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
Ж. Сейдалиева
|