Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 2-апрели ПЖ № 120
Эки тилдүүлүктү (билингвизм) өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарт түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык тил чөйрөсүндө эки тилдүүлүк (билингвизм) расмий бекемделген: мамлекеттик тил болуп кыргыз тили саналат, расмий тил катары орус тили колдонулат.
Мамлекеттик тил катары кыргыз тилинин статусун мыйзам менен бекемдөө кыргыз тилин коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө аны ар тараптан жана толук колдонууну камсыз кылуу үчүн негиз түзгөндүгүн эске алып,
кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялоо башка ар кандай тил эне тили болуп саналган жарандардын конституциялык укуктарын кемитпегендигин жана кемсинтпегендигин көңүлгө алып,
көп улуттуу мамлекеттердеги тилдер жөнүндөгү жана адамдын тил жагындагы укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн бирдей демократиялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылчылыгы жөнүндөгү эларалык уюмдардын документтериндеги рекомендацияларга негизденип
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекеттик тилди бардык чаралар менен өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик тилди эркин, акысыз жана ыктыярдуу үйрөнүшү үчүн бардык зарыл уюштуруу, материалдык-техникалык шарттарды түзүүгө, ошондой эле расмий тилдин иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү экендиги белгиленсин.
Мамлекеттик жана расмий тилдердин, ошондой эле башка тилдердин иштеши жана өнүгүшү боюнча программалар менен иш-чараларды финансылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, ошондой эле улуттук маданий борборлордун, юридикалык жактардын жана жарандардын ыктыярдуу негизде берилген каражаттары кошумча тартылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги боюнча жарандардын укуктарын кысымга алууга тыюу салынат.
Тийиштүү кызмат орундарын ээлөө үчүн квалификациялык талап катары мамлекеттик тилди же расмий тилди билүү колдонуудагы мыйзамдар менен каралгандан тышкаркы учурларда аларды билип-билбегендигине жараша жарандардын укуктарын кандайдыр бир тике же кыйыр чектөөгө жана эмгекке болгон укуктарын жүзөгө ашырууда тикелей же кыйыр артыкчылыктарды белгилөөгө жол берилбей тургандыгы жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келе тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2004-жылдын 1-сентябрына чейин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" жана "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын программасын иштеп чыксын жана кабыл алсын, башкалардын арасында төмөнкү милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү чараларды карасын:
- 2005-жылдын 1-январынан баштап, жыл сайын республикалык бюджетте "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча зарыл каражаттарды өзүнчө сап менен карасын;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын, биринчи кезекте мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарынын органдарындагы жогорку жана башкы мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди эркин жана акысыз үйрөнүү үчүн зарыл уюштуруу, материалдык-техникалык шарттарды түзсүн;
- котормочу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, жалпыга жеткиликтүү окуу-методикалык куралдарды, тармактык терминологиялык сөздүктөрдү, сүйлөшмөлөрдү жана өзалдынча тил үйрөнүү китептерин мамлекеттик тилде даярдоо жана чыгарууну камсыз кылуу системасын өркүндөтсүн;
- мектепке чейинки жана мектептик мекемелерде, кесиптик, атайын орто жана жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун, эң оболу аларда кыргыз тили жана адабиятынын типтүү кабинеттерин (борборлорун) түзүү, аларды лингофондук аппаратура жана окутуунун башка эң жаңы техникалык каражаттары, окуу-көрсөтмө куралдары менен камсыз кылуу аркылуу окутуунун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылсын;
- расмий тилдин иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл уюштуруу, материалдык-техникалык шарттарды түзсүн, Баткен, Жалалабат, Ысыккөл, Нарын, Ош жана Талас областтарынын мектепке чейинки жана мектептик мекемелеринде расмий тилди окутуунун талаптагыдай деңгээлин, эң оболу аларда орус тили жана адабиятынын типтүү кабинеттерин (борборлорун) түзүү аларды лингофондук аппаратура жана окутуунун башка эң жаңы техникалык каражаттары, окуу-көрсөтмө куралдары менен жабдуу аркылуу камсыз кылсын;
мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында ишкагаздарын жүргүзүүнү 2015-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик тилге этап боюнча которуп, муну менен бирге ишкагаздары мамлекеттик тил менен катар расмий тилде жүргүзүлүшү мүмкүн болгон областтарды, райондорду, шаарларды жана айылдык конуштарды аныктасын;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл көлөмдө билүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик кызматчылардын тизмесин аныктап, муну менен бирге 2007-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн мамлекеттик тилди билүүгө тийиштүү квалификациялык талаптарды, мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү боюнча квалификациялык сынактардан өтүшүнүн шартын жана тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө, министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде, администрациялык ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында орус тилдүү жарандардын адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылсын;
- мамлекеттик тилде китеп басып чыгаруу жана газета-журнал, радио жана телекөрсөтүүнү өнүктүрсүн, мамлекеттик тилде радио жана теле берүүлөрдүн басма, аудио жана видеопродукциялардын көлөмүн этап боюнча жогорулатсын;
- мамлекеттик тилде жалпы улуттук маалыматтык мейкиндикти жана кыргыз тилин жана адабиятын максатка умтулгандык менен жайылтуунун өркүндөтсүн;
- мамлекеттик тилдеги мыкты окуу программаларынын, окуу китептеринин жана куралдардын авторлорун; окутуу орус жана башка тилдеринде жүргүзүлгөн мектепке чейинки жана мектептик мекемелерде, кесиптик атайын орто жана жогорку окуу жайларда иштеген кыргыз тил жана адабиятынын мугалимдерин жана окутуучуларын материалдык жана моралдык жактан колдоо системасын өркүндөтсүн;
- Баткен, Жалалабат, Ысыккөл, Нарын, Ош жана Талас областтарынын мектепке чейинки жана мектептик мекемелеринде, кесиптик атайын орто жана жогорку окуу жайларында иштеген орус тил жана адабиятынын мугалимдерин жана окутуучуларын материалдык жана моралдык жактан колдоо системасын өркүндөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы 2004-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү Программасы жөнүндөгү" Указы менен бекитилген 2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү Программасын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу жана ушул Жарлыктан келип чыккан өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылган сунушту киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы 2004-жылдын 1-июнуна чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин колдонуудагы ченемдик укук актыларын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жарлыкка ылайык келтирүү боюнча сунушту киргизсин.
7. Ушул Жарлыктын 1, 3, жана 4-пункттарын аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
8. Ушул Жарлыктын 2-пункттун аткарууга контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |