КР
Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9
токтомуна ылайыкКҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 18-марты № 160 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 11-апрелинде-ги № 134-111 "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шай-лоону дайындоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана шайлоо комиссиялары-на Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдо-ого жана өткөрүүгө жардам көрсөтүү, жер-жерлерде шайлоо комиссиялардыништерин материалдык-техникалык камсыздоону ыкчам чечүү максатында жанаКыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекске ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Министрликтер, мамлекеттик комитетер, администрациялык ведомс-тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары-на шайлоо өнөктүгүн даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалыкмаселелерди чечүүгө жардам көрсөтүшсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2005-жылга республи-калык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгөкаралган финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыздасын. 3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлиги менен бирдикте шайлоону даярдоо жана өткөрүүмезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыздасын. 4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, аскердикбөлүктөрдүн командирлери: - жер-жерлерде шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жанаөткөрүүгө такай иштиктүү жардам көрсөтүшсүн; - шайлоочулардын тизмелерин даярдоонун сапатына өзгөчө көњүл бу-рушсун; - шайлоо комиссияларына жай бөлүп берүүгө жана добуш берүүнүөткөрүүгө, автотранспорт жана материалдык-техникалык каражаттар мененкамсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин; - шайлоо алдындагы басма үгүт материалдарды илүү үчүн атайын жаб-дылган жайларды, дубалдарды бөлүп беришсин; - "Шайлоо" автоматташтырылган мамлекеттик системасынын иштеши үчүнтийиштүү шарттарды камсыздашсын жана аны тажрыйбалуу системдик адми-нистратор кадрлар менен комплектилөө боюнча чара көрүшсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республика-сынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезги-линде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту, анын ичинде шайлоокомиссияларынын жайлары жана добуш берүүчү жайлар күзөтүлүшүн, алардынөрт коопсуздугун, шайлоо бюллетендерин жасоонун кайтарылышын жана кооп-суздугун, шайлоо бюллетендерин ташыган автотранспорт каражаттардын кош-топ жүрүлүшүн жана кайтарылышын камсыздашсын. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-рлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын: - шайлоо өткөрүүгө байланыштуу жүктөр шайлоо комиссияларына бирин-чи кезекте жеткирилишин; - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясынын, райондук (шаардык) жана участоктук шайлоо ко-миссияларынын шайлоо боюнча документтери ыкчам жеткирилишин, ошондойэле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары үчүн белгиленген тарифтер боюнча шайлоо комиссияларынафельдъегерлик жана атайын байланышты берүүнү. 7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигишайлоо комиссияларына: - тийиштүү органдарда кызмат өтөп жатышкан жарандардын; - тергөө изоляторлорундагы жана убактылуу кармоочу изоляторлордогужарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн. 8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактооминистрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, бийликтинжергиликтүү аткаруучу органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары: - шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн маалыматтардын Кыргыз Рес-публикасындагы шайлоо жөнүндө кодекстин 21-статьясынын 2,3, 4, 7, 9,10-пункттарында жана 22-статьясынын 1-пунктунда белгиленген тартиптежана мөөнөттөрдө берилишин камсыздашсын; - Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекстин 20-статьясынын1, 2, 3, 4, 5-пункттарында, 11-статьясынын 6-пунктунда, 45-статьясынын4-пунктунда, 65-статьясынын 1-пунктунда белгиленген тартипте жанамөөнөттөрдө шайлоо участокторун уюштурууга, участоктук шайлоо комиссия-ларын түзүүгө, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө прото-колдорду тийиштүү шайлоо комиссияларына тез жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнүкамсыздашсын. 9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жергиликтүү мамле-кеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен бирдикте калк арасында алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президен-тин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун маанилүүлүгү жөнүндө кењири түшүндүрүүиштерин жүргүзсүн. 10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынБиринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн. Премьер-министр К.Бакиев