КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
1999-жылдын 27-майы № 219-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 26-июнундагы № 344-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө сууда сүзүүчү каражаттарды эксплуатациялоону контролдоону күчөтүү жана коопсуздугун камсыздоо максатында:
1. Ысык-Көлдүн жээгинде Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынан "Ысык-Көл" санаторийине чейин сууда сүзүүчү каражаттарды пайдаланууну чектөө менен кайтарылуучу аймак белгиленсин.
2. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-июнундагы № 344-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ысык-Көл районун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик кайтарылуучу аймакта сууда сүзүү каражаттарын пайдалануу шарттарынын тартибин жана коопсуздугун карамагындагы каражаттар менен камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-июнундагы № 344-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кайтарылуучу аймакта сууда сүзүү каражаттарын пайдаланууга атайын уруксат берүү укугу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сакчылык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Президент Иш башкармасына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-июнундагы № 344-б буйругунун редакциясына ылайык)
Вице-премьер-министри
| Б.Силаев |