Загрузка документа…
КЕН-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXXIХ-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2018-жылдын 30-апрели № 3
Жол кире чыгымга акча каражатын берүү жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагана караштуу А.Арыстанов орто мектебинин дене тарбия мугалими Асанов Курманбектин кайрылуусун карап чыгып,талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык спартакиадага бара турган А.Арыстанов орто мектебинин дене тарбия мугалими жана 3 окуучунун жол кире акысы айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И.Жумабеков |