Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
2018-жылдын 06-июлу № 3
Там арка салыктарынын топтолушу жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Там арка салыгын топтоодогу кемчиликтерди депутаттар менен биргеликте тактап, кийинки сессияда алып келүү башкы салыкчы Р.Нээталиевге милдеттендирилсин.
2. Эгерде кийинки сессияга чейин тактабаса, кызматтык абалын кароо боюнча өкмөт башчыга кайрылуу жагы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Керимкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаркынбаев |