Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 10/1
«Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө»
Исфана жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандыраарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагы Исфана жайыт комитетинин төрагасы У. Мамыровго жана Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын
2017-жылдын 14-декабрындагы кезектеги
Х сессиясынын №10/1 токтомуна тиркеме
М А А Л Ы М А Т.
Мал каттоонун жыйынтыктары менен 2017-жылга кабыл ала турган бюджеттин жана 2017-жылга аткарыла турган иш пландарын шаардык Кенештин сессиясына материалдарды даярдоо иштерин, жайыт комитетинин курамындагы мүчөлөрүнүн катышуусу менен карап чыктык.
Исфана жайыт комитетинин шаардык Кенештин сессиясында бекитип берген бюджети 2017-жылга 697.0 мин сом. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын айларында жүргүзүлгөн иш чаралар.
2017-жылдын биринчи кварталында жайыт жерлеринде жайгашкан короо жайларда жайгашкан малдардын санын так алып, малчылар менен жайытты үнөмдүү пайдалануу боюнча келишимдерди түзүп, Беш-Кудук, Темич-Кол, Шор-Булак, Тоо-Жайлоо, Кутчу, Шапкырт жайыттары боюнча мониторинг жүргүзүп чыктык.
Кыркымкана жайыт участкасы боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган малдарды бышуучу жана жүн кыркуучу жайды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп, 776.30 сомго тендер өткөрүлүп, АРИС тарабынан 547.0сом, жамаат тарабынан 214,369 сом сарпталды.
Ала-Тамыр жайыт участкасынын боюнча 2016-2017жылга АРИС тарабынан каржыланган скважинаны капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп сомго тендер өткөрүлүп, АРИС тарабынан 354.0 мин сом жамаат тарабынан 122.0 мин сом сарпталды.
АРИС тарабынан 2 транш бөлүнүп автогрейдер үчүн 4 635 000 сом каралып. жамаатык салым 1545 000 сом болуп жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилүүдө.
Жайытка баруучу жолдор техниканын жардамы менен оңдолуп түзөтулдү, техниканы иштетүү үчүн чыгымдар 7.0 сомду түздү.
2017-жылдын тогуз айлык бюджетин аткарылышы 628,795,0 мин сомду түзүп, Соц.фондго 22,56,0 мин сом, подоход налогко 6,3 мин сом, жергиликтүү жер салагына 89,0 мин сом, калдыгы 35,00 мин сом.жайыттарга барып малчыларга жайыт пайдалануунун графиктерин түшүндүрүп, мал жандарын тактап мониторинг жургүзүү үчүн транспорт акысына 31,0 мин сом, жарыя үчүн 3.0 сом, айлык акыга 81,9 мин сом, сапар кызматына 10,0мин сом, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга 7,0 мин сом сарпталды жана Исфана шаар мэриясынын жайыттар төлөмдөрү боюнча резервтик счетуна 378935 сом чегерилди.
Исфана шаар мэриясынын денгелинде өткөрүлүп туруучу маарекелерге жайыт комитети да салымын кошуп активтүү катышууда,
Исфана жайыт комитетинин | Х.Мамыров |