Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/2
«Исфана шаар мэриясынын айыл чарба жана жер боюнча адисинин жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын айыл чарба жана жер боюнча адисинин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын айыл чарба жана жер боюнча адисинин жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагы Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын
2017-жылдын 14-декабрындагы кезектеги
Х сессиясынын №10/2 токтомуна тиркеме
-2017 -жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин ижара акысы 693 300 сомду түзөт, 2017- жылдын тогуз айлык план 427,2 миң сом болсо, жалпысынан ижара акы 492,7 миң сом өндүрүлүп алынды.Ошондой эле эски жылдардын 2015-2016 жылга 60394 сом Исфана шаар мэриясынын эсебине төгүлгөн.
к/н № | Салык түрү | План 9 ай 2016ж | Факт 9 ай 2016ж | План 9 ай 2017ж | Факт 9 ай 2017ж | Айырма+/- |
|
сумма | |||||||
1 | ижара МКБФ | 530 400 | 486 600 | 427 200 | 492 700 | 65 500 | 115,3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| жыйынтыгы | 530 400 | 486 600 | 427 200 | 492 700 | 65 500 | 115,3 |
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 917 га, чоп чабынды жер аянты – 232 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 297, га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча,алыстыгы,таштактуулугу боюнча берилген жок.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө - 2620 га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 1540 га буудай, 1910 га арпа эгилди. Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2017 – жылдын түшумү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 2000 сом, дан сепкич менен себүү – 700 сом белгиленген.Комбайн менен оруп жыйноо суулуу жерге-3000-3200 сом, кайрак айдоо жерге-2000-2200сом,чөп оруу суулуу жерге-800-1200 сом, кайрак жерге-800-1000сом,чөп жыйннагыч-700-800, чөп таңгактоо-10-12 сом.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64 даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 4 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич(сеялка)-9 даана.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулду.
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып. 2017- жылдын 10-апрелинде, мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү. 9,2 га сугат айдоо, 121,0 га кайрак айдоо жерлер аукционго коюлду.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 4056 га жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген анын ичинен:
-2145 га жерге буудай эгилип ,4018т дан алынган орточо 18.7ц түзгөн.
-1911 га жерге арпа эгилип, 3005т дан алынып,орточо 15,7ц түзгөн.
-98 га жерге дандык жүгөрү эгилип, 541т дан алынып орточо 55,2 ц түзгөн.
-30 га жерге дандык буурчак эгилип, 26,4т дан алынып орточо 8,8 ц түзгөн.
-110 га жерге картошка эгилип,1500 т алынып орточо 136.4ц түзгөн.
-124 га жерге жашылча эгилип,2264 т жашылча алынып 182,6 ц түзгөн.
-10 га жерге май өсүмдүктөрү эгилип, 7 т май өсүмдүгү алынып 7,0 ц түзгөн.
-80 га жерге мөмө жемиш эгилип, 288 т мөмө жемиш алынып 36,0 ц түзгөн.
-Кесек тоют 11670 т жыйналып алынган, анын ичинен – чөп- 6050 тонна,саман – 5620 тонна.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 4 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич(сеялка)-9 даана.
Бирок үлүш жер боюнча чечилбеген маселелер көп.
- Исфана шаар мэриясынын айыл чарба болумуно атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын саны – 139 даана.,оозеки түшкөн арыздар 27 ни түзөт.Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Башкы адиси | К. Шамшиев |