Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/3
«Исфана шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерин жана Исфана шаарынын административдик тышкы чек араларын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерин жана Исфана шаарынын административдик тышкы чек араларын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Администртивдик аймактык бирдиктер жөнүндө” Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 9-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине жана Исфана шаарынын административдик тышкы чек араларын өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Тогуз-Булак айыл Аймагынан картада белгиленген жер участокторун Исфана шаарына өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине баланса сакталуу менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышын Исфана шаарынын мэрине А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |