Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 10/4
“Исфана шаарынын аймагындагы жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек арасын тактоо материалдарын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114-токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 24-мартындагы №13-7/11 токтомунун жана Лейлек районунун мамлекеттик админстрациясынын 2017-жылдын 4-апрелиндеги №27-токтомуна Исфана шаар мэриясынын 2017-жылдын 3-майындагы №52-токтомунун негизинде, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Исфана шаар мэриясынын жалпы жер фондун инвентаризациялоо жумуштары боюнча жасалган материалдарын жана калктуу конуштардын сырткы чек арасын тактоо материалдарынын баяндамасын карап чыгып, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Исфана шаарынын жер фондун инвентаризациялоо материалдары жана калктуу конуштардын чек араларын тактоо материалдары бекитилсин.
2. Исфана шаарынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү Сүлүктү-Лейлек аймактык кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жана Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |