Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/5
«“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын (отчет тиркелет).
2. Кетирилген кемчиликтерди четтетүү жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З. Бойзоковго жана Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
| Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2017-жылдын 14-декабрындагы кезектеги Х сессиясынын №10/5 токтомуна тиркеме |
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө төмөнкү кызматкер 5 жооптуу кызматкер, 6 кассир контролер, 5 ремонттоо бригадасы, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 завхоз жана 1 техничка жалпысынан 25 кызматкерлер эмгектенишет. Андан сырткары 1 кызматкер Чимген айлында келишим менен эмгектенип келет. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
1.2017-жылда 12 ай ичинде Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн арыздардын саны 128 арыз катталган.
2017-жылдын 12 айлыгында элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 2 138 514 сом, коммерциялык точкалардан 150 797 сом, Бюджет мекеме, ишканалардан 524 383 сом жана суу түтүгүн кошуу, ондоп түздөө иштеринен 231190 сом. Жалпы суммасы – 3 044 884 сомду тузду. Эмгек акысына, соцфондго, салыктарга, 5%тик кредитке,коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга административдик иштерге, ондоп түздөө иштерине жалпысынан – 3 044 844 сом чыгымдалган.
2.Лесная көчөсүндө скважинада насос ремонттолуп, кайрадан орнотулду (30 000 сомдук) .
3. “Ас-Сафа” балдар интернатына узундугу 500 метрге суу түтүгуү тартуу учун казуу жана монтаждоо иштери жүргүзүлдү (31300сомдук).
4.Тарифтер мыйзамдаштырылып, монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгы тарабынан бекитилди.
5. 2- кичи районунун Э.Эгембердиев жана К.Кундузов көчөлөрүндө суу буруучу задвижкалар алмашып, керектүү жерлерге ремонттолуп коюлду(10000 сомдук).
6.Тоголок Молдо көчөсүндөгү 2- кичи районунда авария болуп,d =200мм 8метр суу түтүгү алмашылды (7500 сомдук).
7.«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына караштуу суу резервуарлары тазаланып, санитардык сапатын жакшыртуу боюнча хлорлонду. Жогоруда аталган ишканага караштуу суу түтүктөр күн сайын ремонттолуп элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча өз убагында жумуштар аткарылып, көзөмөлдөнүүдө (45 000 сомдук).
8.Тоголок Молдо көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы 12 кожолукту суу менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүрүп,аталган көчөдө суу түтүктөрүнө чункур казылып, жогоруда аталган көчөнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту. (Ашар жолу менен 45000 сомдук).
9.2017-жылдын апрель жана май айларында “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы менен таза суу пайдалануучулар ортосунда келишимдер 97 % тузулду.
10.Голбо айылындагы суу түтүктөрү текшерилип чыгып, арыз даттануулар боюнча 170м d =25мм суу түтүгү жаныланды (6400 сомдук).
11. Суунун акчасын төлөбөгөн көчөлөрдүн суу түтүктөрү жабылып салынды, ошондой эле суунун акысын төлөбөгөн 14 жарандын кранттары акттын негизинде кесилип суу берүү токтотулду.
12.Тоо жайлоо- Тегирменти суунун башына барып, дренаждык трубаларды ремонттоо жана тазалоо жумуштары аткарылды. Андан сарткары жогоруда аталган линияда ондоо жумуштары жүргүзүлүп жатат (15000 сомдук).
13.Тоголок Молдо көчүсүндө рейд жүргүзүлүп, сугат суу иретинде пайдаланган 2 жарандын кранты акттын негизинде токтотулду.
14.Баланска алуу иштери жүрүп, Каптаркана-Тайлан-Узун Сай линиясы боюнча жумуштар башталып резервуарга чейинки жана айылдын ичиндеги суу түтүктөрүн абал менен таанышылды.
15. Салам Бава көчөсүндөгү 160 метр аралыкта жаны линия тартылып, сууга болгон көйгөй чечилди (12800 сомдук).
16.Восточная көчөсүндөгү скважинанын 2 задвижкасы ондолуп, ошол эле көчөдөгү суу буруучу задвижкасы колодец менен бирге орнотулду.
17. 2017-жылдын май айында Заманбап интернет жана телефон жабдуулары менен камсыздалды өзүнүн электрондук почтасын ачты. isfana.tazasuu@mail.ru
18.Исфана шаарынын мэриясына караштуу Чимген айылындагы “Чимген” булагынан жогоруда аталган айылды суу менен камсыз кылуу үчүн демөөрчү Бабакул Осмонов тарабынан 450 000 сом акча каражаты жана “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан 20 000 сом жалпы суммасы 470 000 сом каралып, жашоочулар суу менен камсыз болушту.
19. Чимген айылынын Корук көчөсүнө 200 метрге суу түтүгүн тартып, эки көчө крантын чыгарууга СДПК партиясы тарабынан 12 000 сом “Исфана таза суу” муниципадык ишканасы тарабынан 10 130 сом жана эл тарабынан ашар жолу менен 3000 сом жалпы сметасы 23130 болгон жумуш сентябрь айында аткарылды.
20. “Исфана таза суу муниципалдык” ишканасынын 2-кичи районунундагы суу кампасына 1998-жылдан бери иштебей келе жаткан скважина Кувейт мамлекетинен Назар Аль-Насафтын атынан оңдолуп тазаланып,кубаттуулугу 11 ква болгон тереңдиктен суу тартуучу 8 дик насос орнотулду жана хлорлоо жайы оңдолуп түзөлдү. Жалпы суммасы 600 000 сомду түзгөн бул долбоор 2-кичи районунун элинин суу менен камсыз болушуна жардам болду “Исфана таза суу”муниципалдык ишканасы тарабынан 45 100 сом коротулду.
21. 1-кичи районунун Восточная көчөсунун 15 кожолугун суу менен камсыз кылуу максатында 200 метр суу түтүгү тартылып, элди суу менен камсыз кылуу жумуштары аткарылды.(8000 сомдук).
22. Восточная, Салам-Бава, И.Раззаков, Пилол, Пулон, Жаны абад, Чынар, Эгембердиев көчөлөрүндө ремонт иштери жүргүзүлдү.(5000 сомдук)
23.Эчки баш участкасындагы ремонт иштери (2000сомдук).
24. “Исфана таза суу ” муниципалдык ишанасынын кызматкерлерине Евро банктын экология адистери тарабынан семинар тренинг өткөрүлдү.
25. Береке базарына, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана РИИБ нө пожарный гидранттар үчүн диаметри 32 жана 50 лүк суу түтүктөрү 160 метрге тартылды жана ошондой жумуштар Лейлек базарында уланып жатат.
26. Бөзөгүл участкасында суу түтүктөр жана колодецтер ремонтолду.
27. Чимген айылында 4 колодецке суу бургучтар жаңыланып коюулуп берилди.
28.Туракулбай- Ата чайханасынын алдында суу түтүгүн ондоо иштери жүргүзүлдү-(1850сом).
29.Дружба,Госспецхоз,Тоголок Молдо, Чынар, Кошмуратов, Пилол,Бөзөгүл көчөсүндөгү жаны тартылган суу түтүгүн ондоо иштери(15530сом) жүргүзүлдү.
30.Голбо айылында суу түтүктөрүнүн жарылган жерлери ондолду- 1500сомдук, Ак-Өргө көчөсүдө суу түтүктөргө винтель жана гусак коюлду-1065сом. 200м суу түтүктүрү өткөрүлдү(5000сомдук).
31. 1- кичи районундагы скважинасынын айланасын тосуу иштери жургузулду -4800 сомдук.
32.Токтогул мектебинин суу түтүктөрү ондолду-(2000 сомдук). Салам-Бава көчөсүндөгү мечиттин суу түтүгү ондолуп берилди-(1200 сом).
33.Тегирменти суу башында 12метр дринаждык трубалар кошулуп коюлду. (10 500 сом).
34. 2-кичи районунун суу кампасынын ичиндеги d =200 болгон 8 метр суу түтүгү жаныланды (8500сомдук) иш аткарылды.
35. Ас-Сафа балдар интернатына демөөрчүлөр тарабынан кошумча 500 метр суу түтүгү жана кубатттуулугу 4 квт болгон ЭЦВ 8 насосу орнотулду.
36.Чимген айылындагы суу кампасынын чыга беришине d =220 суу буруучу коюлду (6000сомдук).
“Исфана таза суу” МИнын башчысы | З.Байзоков |