Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/6
«Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкынын долбоорун ишке ашыруу боюнча 10%дык салымды жергиликтүү бюджетке киргизүүгө жана долбоордун алкагында ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэринин Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкынын долбоорун ишке ашыруу максатында 10%дык салымды жергиликтүү бюджетке киргизүүгө жана долбоордун алкагында ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14 жана 17-пунктарына ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европа өнүктүрүү жана оңдоо банкынын долбоорун ишке ашыруу боюнча 10%дык салымды жергиликтүү бюджетке киргизүүгө жана долбоордун алкагында ичүүчү сууга болгон тарифти өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Долбоордун негизги багыттары боюнча иш алып баруу жана тарифтердин өзгөрүүсү тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З. Бойзоковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |