Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/8
«Исфана шаарына караштуу Ак-Булак айылындагы Жороев Каныбек Таировичке тийиштүү аянты 2000 чарчы метр жер тилкесин турак жайы менен кошо муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаар мэринин Исфана шаарына караштуу Ак-Булак айылындагы Жороев Каныбек Таировичке тийиштүү аянты 2000 чарчы метр жер тилкесин турак жайы менен кошо муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарына караштуу Ак-Булак айылындагы Жороев Каныбек Таировичке тийиштүү аянты 2000 чарчы метр жер тилкесин турак жайы менен кошо муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |