Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 10/10
«Исфана шаардык Кенешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык Кенешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Исфана шаардык Кенешинин 2018-жылга карата иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин (иш план тиркелет).
Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы З. Туяковго, шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн жана иш пландын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын Х сессиясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы
№ 10/10- токтомуна тиркеме
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
| Исфана шаарынын мэринин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету | I квартал 2018-жылдын февраль айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
| Исфана шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал 2018-жылдын март айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын 2017-жылдын Өнүгүү программасынын жана индикативдик планынын аткарылышы, 2018-жылдын Өнүгүү программасын) жана индикативдик планын бекитүү жөнүндө | I квартал 2018-жылдын март айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын жаштар жана спорт тармагындагы жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | II квартал 2018-жылдын апрель айы | Социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө | II квартал 2018-жылдын апрель айы | Туруктуу комиссиялар |
| Исфана шаарынын аймагында үрп-адаттар, каада-салттарды жөнгө салуу боюнч кабыл алынган Жобонун аткарылышы боюнча Исфана шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | II квартал 2018-жылдын май айы | Социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясы |
| “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | II квартал 2018-жылдын июнь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча иштеринин абалы жөнүндө | II квартал 2018-жылдын июнь айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаарынын Аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө | II квартал 2018-жылдын июнь айы | Туруктуу комиссиялар |
| Исфана шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | III квартал 2018-жылдын август айы | Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясы, Исфана шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
| Исфана шаарынын мэринин 2018-жылга карата аткарылган иштери боюнча 6 айлык отчету | III квартал 2018-жылдын август айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
| Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | III квартал 2018-жылдын август айы | Социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын 2018-жылга карата Өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө | III квартал 2018-жылдын сентябрь айы | Туруктуу комиссиялар |
| Жайыт комитетинин жана жер адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету | III квартал 2018-жылдын сентябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчик департаментинин отчету | IV квартал 2018-жылдын октябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
| Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө | IV квартал 2018-жылдын октябрь айы | Социалдык тармак боюнча туруктуу комиссиясы |
| «Лейлек–Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө отчету
| IV квартал 2018-жылдын декабрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер,транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |