Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 11/1
«Исфана шаарын 2018-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарын 2018-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарын 2018-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлор тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Долбоорлордун бюджетинин 15%дан кем эмес өлчөмдөгү суммасы өздүк салым катары 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясынын 2017-жылдын 19 - декабрындагы №11/1- токтомуна №1-тиркеме
№ | Мекеменин, обьекттин аталышы | Жетекчисинин фамилиясы, аты | Долбоордун аталышы | Долбоордун бюджети | Каржылоо | ||
үлүштүк грант | жергиликтүү бюджет | өздүк салым | |||||
1 | № 1 Гимназия жатак-интернаты | Тагаева Айнура | № 1 Гимназия жатак-интернатына чарбалык имараттарды куруу жана мектептин аймагын абаттоо | 4656,047 | 3000,0 | 1656,047 | 36 % |
2 | Исфана орто мектеби | Худойназаров Давронбек | Исфана орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо жана мектептин аймагын абаттоо | 3968,215 | 3000,0 | 968,215 | 24,4% |
3 | Строительная, И.Раззаков, Додосьян жана Манас-Ата көчөсү | Кадыров Жолдош | Исфана шаарынын Строительная, И.Раззаков, Додосьян жана Манас-Ата көчөсүндөгү тротуарларды оңдоо | 3150,890 | 2678,090 | 472,8 | 15% |
|
|
| Жалпы | 11775,152 | 8678,090 | 3097,062 |
|
Жооптуу катчысы | З. Туяков |