Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июлу № 1
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2015-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Шаардык бюджеттин киреше бөлүгү (атайын төлөм каражаттарды жана келген трансферттерди кошкондо) жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 383077,9 миң сом, аткарылганы 383 275,4 миң сом болуп, анын ичинен атайын төлөмдөрдүн такталган планы 60 419,6 миң сом, аткарылганы 59 684,3 миң сом болду, республикалык бюджеттен келүүчү трансферттердин аткарылганы 15 576,2 миң сом болду. Чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик каражаттар боюнча аткарылганы 348 209,5 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (354 321,4 миң сом) 98,3 % га аткарылды, атайын төлөмдөр боюнча аткарылганы 60 572,4 миң сом же такталган планга салыштырмалуу (64681,0) 93,6 % га аткарылды. Шаардык бюджеттин 2015-жылдын аткарылышы шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесинде каралды.
Жогорудагыларды белгилеп, 2015-жылдын шаардык бюджетинин аткарылышы боюнча депутаттардын шаардык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылганы 383 275,4 миӊ сом, анын ичинен мамлекеттик салык башкармалыгы чогулткан – 217 835,6 миӊ сом (факт), республикалык бюджеттен келген каражат – 15576,2 миӊ сом, атайын төлөмдөр - 59684,3 миӊ сом, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан чогултулуучу жыйымдар – 8607,6 миӊ сом, муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан чогултулуучу жыйым – 11070,8 миӊ сом, ар түрдүү төлөмдөр – 10252,2 миӊ сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин кирешесинин аткарылышы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын жана Жергиликтүү салыктар башкармалыгынын 2015-жылы толбой калган салыктардын түрлөрү боюнча жеткиликтүү иш алып барууну күчөтүү боюнча Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын 2015-жылга шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 348 209,5 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин чыгашасынын планынын аткарылышы № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Атайын каражаттардын чыгаша бөлүгүнүн аткарылганы 60 572,4 миң сомду түзгөндүгүн эске алып, шаардык бюджеттин атайын каражаттардын чыгашасынын аткарылышы №2а – тиркемесине ылайык бекитилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |