Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XXXV сессия
2016-жылдын 14-июлу № 2
Жалал-Абад шаарынын мэринин 2014-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэринин 2014-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канаатандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын
Төрага | Э. Ормоков |
Шаарыбыздын өнөр жай ишканалары тарабынан өткөн 2014-жылда 3 млрд. 212,5 млн. сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүүгө жетишип, өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 108,4%ды түздү же башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан белгиленген тапшырма 3,1%га ашыгы менен аткарылды.
2014-жылдын жыйынтыгы менен шаарыбыздын өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө чоң салымын кошуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөнкү өнөр жай ишканалары болуп эсептелинет: “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коому, “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому, “Жалал-Абад жогорку кубаттулыктагы электр тармактары” ачык акционердик коому, «Келечек» ачык акционердик коому, “Нур” ачык акционердик коому, “Дан Юг” жоопкерчилиги чектелген коому, “Курулуш тетиктер комбинаты” жоопкерчилиги чектелген коому, “Жылуулук камсыздоо ” райондор аралык бирикмеси, “Жалал-Абад тазалык” ишканасы, “Суу канал” башкармалыгы, «Жалалабат УПП КОС и КОГ» жоопкерчилиги чектелген коому, «Насос» акционердик коому, “Сладости Багери” жоопкерчилиги чектелген коому, “Назик ИРИ” жоопкерчилиги чектелген коому, “Дары леса” жоопкерчилиги чектелген коому, “Алманбет” жоопкерчилиги чектелген коому жана “ЮКиМ” жоопкерчилиги чектелген коому өнөр жай ишканалары.
Жогоруда белгиленген өнөр жай ишканалары тарабынан жалпысы болуп 302,8 млн. сомдук өткөн жылда салыштырмалуу кошумча продукция өндүрүлдү, бул шаарыбызда өндүрүлгөн жалпы продукциянын көлөмүнүн 9,4%ын түзөт.Ал эми, 2014-жылдын жыйынтыгы менен шаарыбызда жайгашкан чакан жана кичи ишканалар тарабынан 193,7 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндурүлдү жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,4%ды түздү.
Ошондой эле, шаарыбыздын жеке ишкерлери тарабынан 52,9 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 109,3%га жеткирилди.
Жогоруда аталган ишкана-мекемелердин жетекчилери ички ресурстардан туура пайдалануу менен тышкы ресурстарды тартууну айкалыштыруунун натыйжасында жана өндүрүштү диверсификациялоо ыкмасы менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен жакшы көрсөткүчтөргө жетише алышты.
Шаар мэриясы тарабынан Ата Мекендик товар өндүрүүчүлөргө мыйзам чегинде ар түрдү жардам жана колдоо көрсөтүлүүдө. Бирок, 2014-жылдын жыйынтыгы менен объективдүү жана субъективдүү шарттарга байланыштуу шаарыбыздын “Борбордук Азияда ташты кайра иштетуучу завод” жоопкерчилиги чектелген коому, “Мата” акционердик коому, ОП 36-10 мекемеси, “АИГ-СМ” жоопкерчилиги чектелген коому, Жалал-Абад шаарындагы “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун филиалы жана “Ак-Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жалпысы болуп өткөн жылга салыштырмалуу 98,0 млн. сомдук продукция кем өндүрүлдү.
Мисалы: “Мата” акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн продукциясы токулбаган кездемелердин сапаты жакшы болгону менен рыноктук сурам кем. Себеби, облусубузда жайгашкан пахтаны кайра иштетуучу ишканалар токулбаган кездемелерди легалдуу эмес жолдор менен Өзбекистандан жана башка өлкөлөрдөн сатып алышууда. Азыркы күндө ишкананын кампасында 2,5 млн. сомдук токулбаган кездемелер жатат. Шаар мэриясы ишканага өндүрүлгөн продукциясынын сатууга жакындан жардам берип, жергиликтүү бюджеттен каржыланган ишкана-мекемелердин жетекчилери менен Ата Мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсотүү боюнча түшүндүрүү иштерин алып барылууда. 2013-жылдан бери жергиликтүү бюджеттен каржыланган ишканалар бардыгы “Мата” акционердик коомунун продукциясын сатып алышын камсыз кылууга жетише алдык.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаар мэриясы тарабынан 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык Өнүгүү Программасын аткаруу негизинде 2014-жыл ичинде шаар мэриясы тарабынан шаар аймагында бир нече жылдан бери токтоп турган 4 өнөр жай ишканаларын өндүрүштүк кубаттыктарын жандантыруу боюнча иш-аракеттер турмушка ашырылды.
Тактап айтсак, “ЖанДОС” жоопкерчилиги чектелген коому, “Лиматекс пахта корпорациясы” жоопкерчилиги чектелген коому, “Жалал-Абад нефтти кайра иштетуучу завод” жоопкерчилиги чектелген коому жана “Мариям” жоопкерчилиги чектелген коому. Жогорууда айтылган өнөр жай ишканаларга потенциалдык инвесторлорду издоо жана табуу боюнча ишканалардын жетекчилери менен шаар мэриясы тарабынан биргеликте практикалык иштер турмушка ашырылды.
Бирок, азыркы күнгө чейин биз алып барган практикалык иштерден “Лиматекс пахта корпорациясы” жоопкерчилиги чектелген коомудон тышкары, (Кытай Эл Республикасынан келген инвестор менен сүйлөшүлөр алынып барулууда) жакшы жыйынтык болгон жок.
Кичи жана чакан бизнес
Шаарыбыздын көпчүлүк кичи жана орто бизнестеги ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан реалдык экономинанын өсүшүнө өздөрүнүн чоң салымын кошуп келүүдө.
2014-жылда жеке ишкерлер тарабынан 38372 даана ыктыярдык патент алынды, жергиликтүү бюджетке 31 млн. 66,9 миң сом акча каражаты топтолду, же болбосо өсүү темпи 102,2% туздү. Былтыркы жылга салыштырганда 3106 даанага көп аткарылып,4 млн. 405,1 миң сомго бюджетке көп салык түштү.
Ал эми, 3088 милдеттүү патент алынды жана жергиликтүү бюджетке 9 млн. 378,1 миң сом акча каражаты жыйналды. Былтыркы 2013-жылга салыштырганда 1572 патентке көп алынып бюджетке кошумча 2 млн. 550,9 миң сомго көп салык түштү, өсүү темпи 137,4%ды түздү.
2014-жылдын жыйынтыгы менен шаарыбызда жайгашкан чакан жана кичи ишканалар тарабынан 193,7 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,4%ды түздү.
Ал эми, шаарыбыздын жеке ишкерлери тарабынан 52,9 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 109,3%га жеткирилди.
Кичи жана орто бизнестеги ишканалар,жеке ишкерлер тарабынан 2014-жылда 240,2 млн. сомдуккурулуш иштери аткарылды, же башкача айтканда өткөн 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 147,3%ды түздү.
2014-жылда шаар боюнча жеке ишкерлер тарабынын салыштырмалуу баада 10 млрд. 59,3 млн. сомдукчекене соода жүгүртүлүп, өткөн 2013-жылга карата өсүү темпи 101,0%га, анын ичинен коомдук тамак аш тармагында 732,7 млн. сомдук соода жүргүтүлүп өсүү темпи 106,7%га жеткирилди.
Өткон жылда жеке ишкерлер шаарыбыздын калкына 872,8 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтөлүп, 2013-жылга карата өсүү темпи 149,4%ге камсыздалды.
Кичи жана орто бизнестеги ишканалар,жеке ишкерлер тарабынан 2014-жылда жетишкен ийгиликтери биздин шаарыбызда ишмерлер үчүн ынгайлуу шарттар түзүүгө жетише алгандыгыбызды далилдейт.
Ошондой эле, шаарыбыздын «Кепилдик фонд «Жалал-Абад» Коомдук фонду шаар аймагында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү менен ишкерлерге колдоо көрсөтүп, бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмүнүн өсүүсүн камсыздап, аракеттеги жумушчуларга шарт түзүп берип, жаңы жумушчу орундардын түзүлүүсүнө көмөк көрсөтүп келүүдө.
Кепилдик Фонд тарабынан 2014-жылы шаарыбыздын 50 жеке ишкерине жалпы суммасы 2 790 500 (эки миллион жети жүз токсон миң беш жүз) сом кепилдик берди.
Берилген кепилдиктердин 49 даанасы «Банк Азии» ЖАКу, 1 даанасы «КБ Кыргызстан» ААКу тараптан берилди.
Кепилдиктердин 4%ы өндүрүш тармагына, 20,0%ы кызмат көрсөтүү тармагына, ал эми соода жүргүзүүгө 76%ы берилген. Жалпысы болуп кепилдик фонддун жардамы менен шаарыбыздын ишкерлери 2014-жылда 21 млн. 905 миң сомдук кредит алышты.
Фонддун ишмердуулугун жыйынтыгында бюджетке 680,0 миң сомдук салыктар түшкөн. Жаңы 53 жумушчу орундар түзүлгөн, 62 ишкерге өз ишмердулугун кеңейтүүгө шарт түзүлдү. Белгилей кетсек, кепилдик фонд тарабынан берилген кепилдиктердин кайтарымдуулугу, 2011-жылдан баштап азыркы күнгө чейин, 100%ды түзуп келүүдө.
Ошондуктан, шаарыбызда кичи жана орто бизнести, жеке ишмердикти өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарды түзүү, насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана элибиздин жашоо деңгээлин өсүшүн камсыз кылуу максатында кепилдик фонддун ишмердулугун жандантыруу зарыл.
Айыл чарба тармагы
Шаар боюнча 2014-жылдын жыйынтыгы менен статистикалык маалыматтарды салыштырып караганда, менчиктин түрүнѳ карабастан 185 млн. 9,9 миң сомдук айыл чарба продукциясы ѳндүрүлүп ѳткѳн жылга салыштырмалуу ѳсүү темпи 103,2%ды түздү жана жеткирилген план-тапшырма 101,2%га аткарылды.
Т. Тайгараев аймактык башкармалыгынын фермерлери жана дыйкан чарбаларына ѳз убагында керектүү агротехникалык жумуштар жана жер семирткичтер менен камсыздантыруу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан өз убагында иш жүргүзүлдү.Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында дыйкан жана фермерлер тарабынан 69 млн. 478,3 миң сомдук таалачылык продукциясы жыйнап алынды, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102,8%ды түздү.Ал эми, мал чарбасында жалпысы болуп 115,5 млн. сомдук продукция өндүрүүгө жетише алдык, же болбосо өткөн 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103,4%га жеткерилди.
Туризм тармагы
2014-жылдын жыйынтыгы менен шаарыбыздын туристтик объектилерине 17 миң 735 эс алуучу келген, же болбосо өсүү темпи 115%ды түздү. Анын ичинен: ички туристтер 16 миң 915 адам, тышкы туристтер 393 адам. Ал эми, салык боюнча жыл ичинде 13 млн. 206,0 миң сом чегирилип, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103%ды түздү.
Инвестиция тармагы
2014-жылда жыйынтыгы менен шаарыбыздын экономикасынын ар түрдү тармактарына 3 млрд. 74 млн. 459,9 миң сомдук инвестициялар тартылып, өсүү темпи 176,8%ды түздү. Анын ичинен: ички инвестициялар 2 млрд. 678 млн. 126,9 миң сом, тышкы инвестициялар 396 млн. 333,0 миң сомду түздү. Тартылган инвестициялар эсебинен жаңы 287 чарба субъектилери ачылды, алар тарабынан 3425 жаңы иш орундар түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,0%ды түздү, же болбосо 388ден көп иш орундар түзүлдү.
Мамлекеттик түз инвестицияларды тартуу максатында жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын экономика министирлигине 9 бизнес-долбоор даярдалып жонотулду. Анын ичинен: кайра иштетуу тармагына 7 бизнес-долбоор жалпысы болуп акча каражаттардын көлөмү 15 млн. 829 миӊ АКШ доллар жана 930 миӊ Евро, айыл чарбасына - 1,6 млн. сом, тейлөө тармагына - 23 млн. 857 миӊ сом.
Соода жана тейлѳѳ тармагы боюнча
Бүгүнкү күндѳ Жалал-Абад шаарынын аймагында 284төн ашуун соода түйүн, 162 коомдук тамактануучу жай жана 17 базар жайгашкан.
Алар тарабынан 2014-жылдын жыйынтыгы менен шаар аймагында салыштырмалуу баада 16 млрд. 607 млн. 577,0 миң сомдук чекене соода жүргүзүлүп, ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ѳсүү темпи 114,8%ды түздү. Анын ичинен уюштурулган соода тармагы боюнча 6 млрд. 548,3 млн. сомдук өсүү темпи 145,2%ды түздү, ал эми шаар боюнча уюштурулбаган соода тармагы боюнча тарабынан 10 млрд. 59,3 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлгөн жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 101,0%ды түздү.
Шаарыбыздын мейманканалары жана коомдук тамак-аш ишканалары тарабынан 2014-жылда 732,7 млн. сомдук продукция сатылды жана өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 106,7%ды түздү.
Үстүбүздөгү жылда, шаарыбыздын тургундарына 2014-жылда шаар боюнча 2 млрд. 235,2 млн. сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү жана өткөн 2013-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 120,5%ды түздү.
Шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин 2014- жылдын планы 9 млн. 880,0 миң сом болсо, аткарылганы 10 млн. 386,5 миң сом болду, же башкача айтканда белгиленген план-тапшырма 105 %га аткарылды.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети 2014-жыл ичинде шаардын муниципалдык менчик башкармасынын обьектилеринин иш деңгээлин жогорулатуу, аларды эффективдүү жана рационалдуу колдонуу боюнча, шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ сапаттуу иштерди жүргүзүүдө.
Комитеттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага 2014-жыл ичинде 12 млн. 382 миң сом түшкөн, бекитилген планда үстүбүздөгү жылга 11 млн. 740 миң сомго белгиленген. Киреше жагынан план 105,5% га аткарылган же болбосо 642,1 миң сом акча каражаты ашыкча түшкөн.
Бирок, 2014-жылдын 1-февралынан тартып шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке адамдардан авто транспорт каражаттарын коюу укугу үчүн жыйымдардан 3 млн. 39 миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план боюнча 3 млн. 240 миң сом болсо, планды аткаруу 93,8% га аткарылган. Себеби шаардык мэрия тарабынан жоюлган автопарковкалардын эсебинен толбой калган.
Укук күбөлөндүрүүчү документтерди даярдоо кызматы үчүн шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына 1 млн. 963,6 миң сом акча каражатын которуп берип муниципалдык менчиктеги объектилерге укук күбөлөндүрүүчү документтер жасалды.
Түркия мамлекетинин Тарсус шаарынан белекке берилген нан бышыруучу цехке имарат куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен каржылоосуна 4,8 млн. сомго тендер откорүлүп. Тендерде 3 млн. 995,2 миң сом акча каражатына “Эрк строй” ишканасы утуп алып курулуш иштери бүтүп ишке кирүү алдында турат.
Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында ишеним башкарууга берилген 81 даана келишимдер Курулуш куруу жана жерди пайдалануу комиссиясы тарабынан жокко чыгарылып шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга убактылуу пайдаланууга бериле турган жер аянттарын торук аркылуу берилип, ижара акыларын эсептөө тартиби шаардык кенештин депутаттары тарабынан жактырылып, ижара келишимдерди 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүү жагы шаардык кенештин депутаттары тарабынан бекитилди.
Салык кызматы боюнча.
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2014-жылдын январь-декабрь айларына салык төлөмдөрү боюнча жеткирилген план-тапшырма 648 млн. 231,4 миң сом, аткарылганы 650 млн. 534,7 миң сом. Жеткирилген план-тапшырмадан 2 млн. 303,3, миң сомго көп чогултулуп 100,4 % түздү. Былтыркы жылга салыштырганда 55 млн. 371,9 миң сомго көп салык жыйналып, өсүү темпи 109,3 % түздү.
Анын ичинен республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 373 млн. 556,8 миң сом болсо, аткарылганы 374 млн. 285,9 миң сом. Жеткирилген план тапшырмадан 1017,5 миң сомго көп салык жыйналып, же болбосо 100,2 % түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 20 млн. 833,8 миң сомго көп салык жыйналып, өсүү темпи 105,9% түздү.
Жергиликтүү бюджетке жеткирилген план тапшырма 274 млн. 674,6 миң сом, аткарылганы 276 млн. 248,8 миң сом, жеткирилген план тапшырмадан 1 млн. 574,2 миң сомго көп салык жыйналган, же болбосо 100,6% түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 34 млн. 538,1 миң сомго жергиликтүү бюджетке көп салык жыйналып, өсүү темпи 114,3 % түзгөн.
2014-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан көпчүлүк салык түрлөрүнөн пландар аткарылганы менен, салыктын жана салык эмес төлөмдөрдүн кээ бир түрлөрү белгилүү себептерге байланыштуу аткарылбай калган. Алар төмөндөгү салыктар жана салык эмес төлөмдөр: киреше салыгы - 91,7%; кошумча нарк салыгы – 77,5%; автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым - 93,8%; арбитраждык соттун мампошлинасы – 63,1%.
Салык төлөмдөрүнүн түрлөрү боюнча план тапшырмалардын аткарылбай калуусунун негизги себеби, салыктын кээ бир түрлөрү боюнча жогорулатылган пландардын жеткизилүүсү эсептелет.
Салык карыздары 2014-жылдын 1-январына салыштырмалуу 10 млн. 684,4 миң сомго кыскарган. Салык карыздарын кыскартууну 10% пайызга жеткизүү милдеттендирилген болсо, карыздын көлөмүн 24,0% пайызга кыскартууга жетишилген.
Киреше бөлүгү
Жалал-Абад шаарынын 2014-жылынын 12 айынын бюджетинин киреше бөлүгү жалпы такталган планы 355 млн. 128,3 миң сом, аткарылганы 352 млн. 904,3 миң сом болуп, 99,4 % аткарылып, 2 млн. 224,0 миң сомго кем түштү. Бунун ичинен жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 285 млн. 966,4 миң сом болуп, 284 млн. 932,4 миң сом түшүп 99,6 % аткарылды (бекитилген планга (279 млн. 35,5 миң сом) салыштырмалуу 5 млн. 896,9 миң сом көп түшүп 102,1 % аткарылды), же болбосо 1 млн. 34,0 миң сомго кеп түштү. Атайын төлөм каражаттары боюнча такталган план 52 млн. 731,0 миң сом, аткарылганы 51 млн. 541,0 миң сомду, түзүп, 97,7 % га аткарылды.
Жогоруда аталган каражаттардан бөлөк республикалык бюджеттен 16 млн. 430,9 миң сом акча каражаты келип түштү. Бул каражат Маданият техникумунун, № 3 балдар спорт мектебинин, көркөм-сүрөт мектебинин жана музыкалдык мектебтин эмгек акыларын төлөө үчүн, социалдык кызматкерлердин шаардык аскер коммисариатынын тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына келген каражат.
Чыгаша бөлүгү
Шаардык бюджеттин чыгашалар бөлүгү такталган планга салыштырганда 90,1 % га аткарылган, бюджеттик каражаттар бюнча такталган план 330 млн. 821,5 миң сомду түзүп 298 млн. 27,5 миң сомго аткарылды.
Курулуш тармагы
2014-жылдын январь-декабрь айларына капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 404 млн. 430 миң сомду түзүп 2013-жылга салыштырмалуу – 144,8%ды түздү. Мамлекеттик мүлктүн эсебинен капиталдык салым 46806,8 сомду, жалпы көрсөтүлгөн көлөмдөн 11,6%ды түздү. Ал эми жеке менчик эсебинен иштетилген капиталдык салымдар 357 млн. 623 миң сомду түздү.
Жеке курулуш мекемелердин эсебинен 2014-жыл ичинде каптиладык салымы көлөмү 336 млн. 995 миң сом же болбосо 2013-жылга салыштырмалуу 132,4%ды түздү.
Турак-жай коммуналдык чарба департаменти
Турак-жай коммуналдык чарба департаменти 2014-жылдын жыл ичинде бир топ иш-чараларды жүзөгө ашырууга жетишишти. Айта кетсек, шаардын борбордук көчөсүнө жөө адамдар өтүү үчүн асма көпүрө курулду ага 5724,0 миң сом сарпталды. «Мир» кинотеатрдын алдындагы аянттын курулушун бүтүрүүгө 1736,0 миң сом, борбордук аянтта кошумча курулуш жумуштарын аткарууга 2734,0 миң сом, жол сызыктарын сызууга, жол белгилерин сатып алууга жана орнотууга, светофорлорду оңдоп түзөөгө 1543,4 миң сом сарпталды. Ирригациялык тармакты жакшыртуу максатында Транспортный көчөсүнө 268 метр лотоктор орнотулуп, шаар жолдоруна суу өтүүчү темир бетон лотокторду орнотуп, үстүнкү бөлүгүн чугун решаткалар менен жабууга 2182,3 миң сом акча каражаты жумшалды. 2014-жылы жыл ичинде Сел-Арык 1600м2 625,8 миң сом, Хан-Арык 2670 м3 198,1 миң сом, Чоко-Арык 1004 м3 78,8 миң сом жумшалып, каналдар тазаланды, ал эми 2013-жылы Сел-Арык 1280 метр 1743,9 миң сом, Хан-Арык,Чоко-Арык 326 метр 450,0 миң сом жумшалып, каналдар тазаланган.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы
Мекеме тарабынан шаардын көчөлөрүнө 100 түп сосна, 565 түп можжевельник, 500 түп кара жыгач, 570 түп роза гүлү, 10 түп голубой ель, 26850 түп тагетти, петуня гүл көчөттөрү отургузулду. Манас проспектисине, Түрк лицейге, Н. Айтматова, Тарсус көчөлөрүнө суу түтүктөрү менен кошо суу эсептегичтер орнотулду.
Жол башкармалыгы
2014-жылдын титулдук иш-планынын негизинде 8397 м2 жолго жамап-жасоо иштери жүргүзүлдү, жаңы курулган жолдор 3,2 километрди түзүп Котур-Каман, Загорная, Базарная, Ходжибаева, Долбоорлоо, Малабаев, Гагарин, Жалал-Абад Тазалык мекемесинин айланасы, Исанов, Салахова көчөлөрүнө асфальт төшөлүп кеткен каражат 14 млн.120 миң сомду түздү, ал эми ямочный 9 млн. 595 миң 300 сом, жылдын жыйынтыгы менен 6 млн. 983 миң сом кредитти кайтарылды. Былтыркы жылы асфальт- бетон заводунун курулушу, иш-кагаздары кеч бүтүп, аба ырайынын тез өзгөрүүсүнөн улам асфальт төшөө иштери жүргүзүлбөгөн, бирок жолго асфальт төшөлбосө да, жолдорду сактап калуу максатында 6999 м2 жолго жамап-жасоо иштерин жасоого жетишип, кеткен каражат 6019,0 миң сомду түзгөн.
Жалал-Абадсууканал башкармалыгы
Азыркы мезгилде шаарга суу жеткирип берүүдө 19 насостук станция иштөөдө. Жалпы абоненттердин саны 19787, шаардын калкын суу менен камсыз кылуу 100%ды түзөт. 2014-жылда борбордук суу түтүк тармактарында 736 авария, ал эми саркынды суу түтүк тармактарында 444 авария катталып алардын баары калыбына келтирилип, 108 метр суу түтүктөрү жаңыланды. Ошондой эле 1963-жылы курулган кубаттуулугу суткасына 1450 м3 жана 1990-жылы курулган кубаттуулугу суткасына 35000 м3 тазалоочу курулмаларсаркынды сууларды кабыл алып, тынымсыз иштөөдө. Бирок саркынды сууларды тазалоочу чоң курулма толугу менен бүтпөй ишке берилгендиги баарыбызга маалым. Шаардын аймагында суу түтүктөрүн калыбына келтирүү максатында Европалык Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Банкы тарабынан камаз ассенизациялык, ЗИЛ маркасындагы түтүктөңдү тазалоочу, экскаватор, кран манипулятор алынды. Андан сырткары Азиялык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү гранттын эсебинен «Пригород» кичи шаарчасына 2 даана 3000 м3 резервуар, лаборатория, хлораторный, 7 даана скважина куруу үчүн долбоорлоо иштери бүтүп, тендер жарыяланып, иш-аракеттер башталды.
2015-жылдын 1-январына дебитордук карыз 6 млн. 10 миң сомду, анын ичинен калк млн. 965 миң сом, мекеме-ишканалардыкы 1 млн 262 миң сомду түздү. Ал эми 2014-жылдын 1-январына 7 млн. 71 миң сом, анын ичинен калк 4 млн. 634 миң сом, мекеме-ишканалар 1 млн 761 миң сомду түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу дебитордук карыз 1060,2 миң сомго кыскарган.
Санитардык атайын автобазасы
Мекеменин балансында турган 22 техника атайын автоунаалар элге кызмат көрсөтөт жана шаар тургундарынан келип түшкөн заявкалар аркылуу таштандыларын алуу менен иш жүргүзөт. Шаар ичинен жолбун ит жана мышыктарды атуу боюнча 2014-жыл ичинде 2414 ит атылып, «Беккер» чуңкуруна жеткирилди ага 2491 даана ок жумшалды. 2013-жыл 2826 ит атылып, ага 2930 даана ок чыгымдалды. «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемеси 2013-жыл ичинде 10 млн. 223 миң сом акча каражатын жыйнаган болсо, 2014-жыл ичинде 13 млн. 45 миң сом акча каражатын жыйнаган башкача айтканда 2013-жылга салыштырмалуу 2 млн. 822 миңсомакчакаражатыжыйналып, көрсөткүч 127%дытүздү. 2013-жылдынжыличинде 12728 рейстурмуш-тиричиликкалдыктары 89096м3ташылганболсо, 2014-ж. 16813 рейстурмуш-тиричилик 130559м3калдыктарыалынды.
Социалдык тармак
2014-жылы Жалал-Абад шаарынын социалдык тармагын өнүктүрүү боюнча бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды. Атап айтсак,Социалдык Фонддун шаардык башкармалыгы тарабынан2014-жылы ичинде 553 пенсионерге жаңыдан пенсия чектелип, 648 пенсионерге топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө (КБ2) кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп берилди.
2015-жылдын 1-январына карата шаар боюнча 7108 пенсионер каттоодо турат.
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияларды төлөө үчүн 390,1 млн. сом керектелсе, каржылаганы 390,1 млн. сом болуп керектөөнүн 100 пайызы камсыз болгон, же болбосо, пенсияларды төлөө үчүн орто эсеп менен ай сайын керектелүүчү сумма 32,5 млн. сомду түзгөн.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун 2014-жылдын 18-сентябрындагы «2014-жылдын 1-октябрынан пенсиянын өлчөмүмүн камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндөгү» №89-токтомунун негизинде 7024 пенсионерге кайра эсептөөлөр жүргүзүлдү. Жалпы пенсиянын өлчөмү 30 мн. 647 мин сомдон 32 млн. 382 мин сомго көтөрүлдү, же болбосо айырмасы 1 млн. 734 мин сомду түзүп, орточо пенсиянын көбөйгөнү 245,85 сомду түздү.
2014-жылдын 1-январынан баштап кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 4589 сомду түздү.
Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүү үчүн 2014-жылга 561,1 млн. сом план бекитилген болсо, пландын аткарылганы 591,3 млн. сом, же болбосо 105,4%ды түздү. 2013-жылга салыштырмалуу 47,6 млн. сом көп өндүрүлгөн.
Ал эми, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бардык карызы 2014-жылдын 1-январына карата 115,7 млн. сом болсо, 2015-жылдын 1-январына карата 101,8 млн. сомду түзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карызы 13,9 млн. сомго азайтылган.
Социалдык коргоо тармагы боюнча
2014-жылы шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө социалдык паспорт толтурулду, тактап айтсак шаар боюнча 724 үй-бүлө өтө жакыр, же болбосо 2,9 %ды түзөт, жакыр 1208 үй-бүлө же болбосо 4,9 %ды түзөт, орто жакыр 2886 үй-бүлө же болбосо 11,7 %ды түзөт. Жакырчылыктын деңгээли шаар боюнча 4818 үй-бүлө болуп, жалпысынан 19,6 % түздү.
2014-жылы шаар боюнча642 үй-бүлөдөн 1733 балага 78 млн. 623 миң сом жөлөк пул, 182 балага туулганда бир жолу берилүүчү 385 миң сомдук сүйүнчү акча аныкталган. 2014-жылы жалпы 11 млн. 766 миң сомдук жөлөк пул чектелип, бүгүнкү күнгө каржыланганы 11 млн. 722 миң сомду түздү.
Ошондой эле, социалдык жөлөк пул 1450 адамга 38 млн. 441 миң сом чектелип, каржыланганы 38 млн. 438 миң сомду түздү.
2014-жыл ичинде 18 социалдык кызматкер тарабынан 195 жалгызбой карылар камкордукка алынып, 27899 каттоо жасалып, 31418 ар түрдүү кызматтар көрсөтүлдү.
Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлерине, согушта курман болгондордун жесирлерине, Чернобыль апаатынын катышуучуларына, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жеңилдиктер берилип, жалпы 20 млн. 178 миң сомдук жөлөк пулдар өз убагында төлөнүп берилди. Ушундай эле категориядагы адамдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысынан2014-жылы 179 адамга 741,0 миң сомдук жеңилдиктер көрсөтүлдү.
Балдарды коргоо боюнча аткарылган иштерге токтолсок, 2014-жыл ичинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан оор турмуштун кырдаалына кабылган балдардын укугун коргоо планы иштелип чыгып, шаардык мэриянын балдар иштери боюнча комиссиясына 29 маселе жана Жалал-Абад шаардык сотунун отурумунда кароого 48 маселе жиберилди.
Жалал-Абад областтык төрөт үйүндө төрөп, энеси баш тарткан 7 жаңы төрөлгөн ымыркайга ысым ыйгарылып, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө каттатуу иштери жүргүзүлдү, бала асырап алуу үчүн кезекте турган жарандардын камкордугуна аталган 7 ымыркай асыроо үчүн берилди.
Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен турмуштун оор кырдаалына кабылган 17 бала камкордукка, 4 жаш өспүрүм көзөмөлчүлүккө, 10 бала асыроого берилди жана 2 асырап алуу жокко чыгарылды. 6 туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок бала аныкталып, 5 күбөлүк алынып берилди.
Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында шаардык мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциясынын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жаштарга, окуучуларга жана ата-энелерге «Өз өмүрүн кыюу», «Наркотикалык баш айландыруучу каражаттар», «Кылмыш жөнүндө түшүнүк», «Вич/Спид» деген темаларда жолугушуулар өткөрүлдү.
«Оор жумуш менен алектенген балдар», «Мыйзамсыз иштеген», «Көчө балдары», «Мыйзам бузган балдар», «Кайыр сураган балдар» деген темаларда базарларга рейд жүргүзүлүп, балдардын турмуш-тиричилик шарттары аныкталды.
Шаардык билим берүү тармагы
2013- 2014-окуу жылында шаардагы метептерде 11-классты 684 окуучу аяктаса, алардын ичинен 30 бүтүрүүчү “Артыкчылык аттестатына” ээ болушту. Бул көрсөткүч Жалал-Абад облусу боюнча эң жогорку көрсөткүч, ал эми республикалык деңгээлде Бишкек шаарынан кийин 2-орунга чыгууга жетишилди.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 9-11-класстар арасында сегиз предметтен үч жолу улуттук тестирлөө өткөрүлүп, ал предметтер боюнча окуучулардын билим сапаты 46,9 % түздү.
Шаарыбыздан мектеп окуучуларынын областтык олимпиадасына 10 предмет боюнча 34 окуучу катышып, андан 8 окуучу I орунду, 5 окуучу II орунду, 7 окуучу III орунду ээлеп, областтык билим берүү борборунун I, II, III даражадагы дипломдору менен сыйланышып, олимпиаданын республикалык этабына катышууга 8 окуучу жолдомо алышты.
Мектеп окуучуларынын областтык олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн республикалык олимпиадага даярдоо иштери оз денгээлинде жүргүзүлүп, 2014-жылдын 27-31-март кундору Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиясынын жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базаларында откорулду. Ага жогорда атап откондой шаарыбыздын мектептеринен 8 окуучу катышып, 1окуучу I орунду, 1окуучу III орунду, 2 окуучу IV орунду ээлешип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин I, III даражадагы дипломдору жана грамоталары менен сыйланышты.
Шаардын аймагында жайгашкан мектептерде 2014 – 2015-окуу жылына карата тиешелүү деңгээлде камылгалар жүргүзүлүп, 17634 окуучу менен 630 класс комплектелди.
Окуу жылы башталаары менен эле жалпы орто билим берүүчү мектептерде мектеп окуяларынын кылмыштарын жана укук бузууга жөндөмдүү шарттарын, себептерин табуу, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу иштери катуу колго алынып, бул багыттагы иштердин абалын иликтөө жана талдоо максатында шаардык мэриянын, укук коргоо органдарынын (ички иштер бөлүмү, прокуратура), аймактык башкаруу башкармалыгынан, ата-энелер комитетинен, мектеп окуучуларынын, класс жетекчилердин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен сентябрь, октябрь айларында жолугушуу өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара ар бир мектептердин өзүндө да уюштурулду.
2014-жылдын 3-октябрында Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, алдыңкы педагогдор шаардык мэриянын, шаардык кеңештин ардак грамоталары менен сыйланышты жана ар бир мугалимге 2000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Ардагер мугалимдерге 500 сом өлчөмүндө жардамдар берилди. Буга жергиликтүү бюджеттен жалпы 2246,0 мин сом акча каржыланды.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча
Шаардагы 23 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме, анын үчөө жеке менчик болуп, 2014-жылы толук кандуу иш алып барып, анда 4370 бала тарбияланса, 767 бала бүгүнкү күндө даярдоо тайпасын аяктап, мектептерге жөнөтүлдү. Жалпысынан кезекте турган 344бала катталды.
№5,12 балдар бакчаларынан башкасы ата-энелер төлөөчү төлөмдөн 100% га 21 бала, 50%га 325 бала бошотулган.
№17,19,33-балдар бакчаларынын ар биринде үчтөн тайпа толук ремонттон өтүп, натыйжада 350 орун пайдаланууга берилди.
Саламаттыкты сактоо тармагында
Шаар боюнча төрөлүү 2013-жылы 2365ти түзгөн болсо, 2014-жылы 2 645ти түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу бул жылы көрсөткүч 280ге көп болду.
Жалпы өлүмдүн көрсөткүчү бир азга (0,1ге) азайган, өткөн2014-жылы 4,5 болгон болсо, 2013-жыл ичинде 4,4 болгон.
Энелердин өлүмү 2014-жыл ичинде катталган эмес.
Кош бойлуу аялдарды эрте каттоого алуу иштери бир кыйла жакшы жүргүзүлүп, көрсөткүчү 2013-жылы 86% болгон болсо, ал эми 2014-жылы 89%ды түздү.Жугуштуу оорулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 4 %га аз катталды. 2013-жылы 8608 учур катталса, 2014-жылы 8 265 болгон.
Жалал-Абад шаардык санитардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда
2014-жылда 786 объекткөзөмөлдө турду. Бул объекттер санитардык кызматкерлер тарабынан 1253 жолу текшерилип, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн мекеме, ишканалардын жетекчилерине 72 200 сомдук айып пул салынган. Муну менен катар санитардык талапка жооп бербегендиги үчүн 46 объект убактылуу ремонтко жабылган. Бактериологиялык лабораторияга келишимдин негизинде 58 мөмө-жемиштин пробасы, 65 даяр тамактын пробасы алынып, санитардык-гигиеналык лабораторияда нитратка иликтөөгө 338 мөмө-жемиштин, 68 даяр тамактын пробасы алынды.
Таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча шаарда жайгашкан суу түтүкчөлөрдөн бактериологиялык лабороторияга иликтөөгө 347 суунун пробасы алынган. Булардын ичинен талапка жооп бербегени 6 проба, бул 1,6% түзгөн.
Санитардык-гигиеналык лабороторияга иликтөөгө 387 суунун пробасы алынган. Булардын ичинен талапка жооп бербегени 9 проба, бул 2,3%ды түзгөн.Ал эми, жугуштуу ооруларга карата эмдөөлөргө токтолсок, жаңы төрөлгөн балдардан тартып, 11 жашка чейинки балдарга кургак учукка, кара сарыкка, шалга, кептөөр, көк жөтөл, селейме жана кызылча-кызамыкка каршы эмдөөлөр мерчем боюнча аткарылды.
Шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасы тарабынан эпизоотияга каршы иш-чаралар түзүлүп, анын негизинде үй жандыктарынын (жылкы, кара мал, кой, эчкилер, ит) бруцелёзго серологиялык изилдөө жүргүзүлүп, изилдөөнүн натыйжасында 4 кара малдан аталган оору табылган жана алар ветеринардык мыйзамдын негизинде союлуп жок кылынган.
Жылкынын кеңги оорусуна, сап оорусуна серологиялык изилдөө пландан ашыгы менен аткарылып, 2014-жылы аталган оорулар табылган жок. Ошондой эле, кутурма, чечек, малдардын сарык оорусуна, кара өпкө жана башка жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр боюнча да план толугу менен аткарылып, бүгүнкү күнгө карата эпизоотиялык абал туруктуу.
Кайрымдуулук боюнча аткарылган иштер
2014-жылда 606 аз камсыз болгон калктын социалдык аяр катмарындагы шаар тургундары түшкү ысык тамак менен жана тиричилик кызматынан (чач-тарач, өтүк устасы) акысыз пайдаланышты.
Кургак учук оорусунан жабыркаган шаар жарандарына Ыссык- Көлдөгү реабилитациялык борборго барып келүүчү жол каражатына 14 кишиге 51,4 мин сом төлөндү.
Өткөн 2014-жылдын ичинде шаардын тургундары үчүн каралган материалдык жардамдан 107 кишиге 313,5 мин сом төлөнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы «Белгилүү жашаган жери жок адамдарга түнөк үйлөрүндө көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндөгү» №640 сандуу токтомун быйылкы жылы да турмушка ашыруу максатында көчө селсаяктарынын жылдын суук мезгилдеринде убактылуу түнөөлөрү үчүн 20 адамга ылайыкталган жатакана ачылып, ал имарттын ичин косметикалык ремонттон өткөрүү үчүн 20 миң сом акча каражаты жумшалды.
Бул түнөк үйдө түнөөчү көчө селсаяктары, адаттагыдай эле, бир адамга орточо наркы 75 сомдук бир маал ысык тамак менен камсыз болушуп, ага жалпысынан 893,1 миң сом сарпталды.
Шаардык Кайрымдуулук борбору аркылуу 2014-жыл ичинде калктын жеңилдик алуучу катмарына жалпысынан 4 млн. 16 миң 800 сом сарпталып, 2013-жылга салыштырмалуу 539 миң 200 сомго көп каржыланды.
Диний чөйрө
Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарын аткаруу шаардык мэрия тарабынан көзөмөлдөнүп, шаардык казыят, мечиттердин имамдары, шаардык ички иштер бөлүмү, аймактык башкаруулар менен биргеликте иштер алынып барылып, калк арасында, айрыкча мектеп окуучуларынын арасында туура дин тутуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Учурда шаардын аймагында 27 мечит 4 намазкана болуп, шаардык мэрия шаардык прокуратура жана областтык Казыят менен биргеликте көзөмөлдөп, шаардагы мечиттердин баары мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.
«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы
Шаардын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө көп алгылыктуу жумуштар аткарылды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган көптөгөн кароо-сынактар, салтанаттуу жолугушуулар шаардагы мекеме, ишканалардын, студенттердин жана мектеп окуучуларынын арасында байма-бай өткөрүлүп турду. Ошондой эле, КРнын Мамлекеттик тил Мыйзамынын 24-27 беренелерин ишке ашырууда, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жарнамалардын, көрнөк-жарнактардын, кулактандыруулардын сабаттуу жана мыйзам талабына ылайык жазылышын тартипке салуу үчүн жана мекеме, уюм, ишканалардын иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде даярдалышын текшерүү боюнча комиссиянын курамы тарабынан 16 жолу рейд уюштурулду.
Миграция
Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө 2014-жыл ичинде миграция маселелери боюнча 4300 атуул кайрылган. Алардын негизги бөлүгүн Россия, Казакстан жана Корея мамлекеттерине иштеп келүүнү каалаган жарандар түзгөн.
Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар боюнча
Учурда шаардын аймагында 793 этникалык кыргыздар катталган. Кайрылман статусун алган адамдардын саны 793тү түзөт, Кыргыз Республикеасынын жарандыгын алган адамдардын саны 293, өз күчү менен турак-жай сатып алгандардын саны 43, Өзбекистан Республикасынан келгендердин саны 783, Таджикистан Республикасынан келгендердин саны - 10.
Жаштар иштериШаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү жана шаардык жаштар кеңеши тарабынан 2014-жылы жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багыт берүүчү бир топ жумуштар аткарылды. Жаштар борборунун 25 волонтёру «Ак-Бермет» балдар үйүнө кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.
Жаштардын кайрымдуулук жумалыгына карата Жалал-Абад шаарынын Жаштар борбору “Команда менен иштөө”, “Лидерлик сапаттар” жана “Оратордук искусство” аталыштагытренинг өткөрүштү. Тренингге жалпысынан 30-40тан ашуун жаштар катышты.
Шаарда жайгашкан жогорку жана атайын орто окуу жайларда студенттердин катышуусунда “Ден соолук”, “Жаштар диний экстремизмге каршы” жана башка көптөгөн семинар, тегерек столдор өткөрүлдү жана окуу жайлардын студенттери шаарда болуп өткөн маданий иш-чараларга да активдүү катышышты.
2014-жылы 22-февралында “Мекенди коргоо” күнүнө карата “Мекеним менин Кыргызстан” профилактикалык иш-чарасынын алкагында “Жаштар-кылмыштуулукка каршы”, “Биз мекенди коргойбуз” деген ураандардын астында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасы тарабынан Ооган согушунун ардагерлери, Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатынын жетекчи офицерлери, коомдук жана жаштар уюмдарынын, шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн, милициянын ардагерлери жана кызматкерлеринин катышуусунда Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери үчүн атайын жөө жүрүш уюштурулду. Жүрүшкө катышкандар ок атуучу полигонго баруу учун 10км аралык басып өтүшүп, ал жерде “Калашников” автоматынан ок атышып, милиция кызматкерлери тарабынан күжүрмөн даярдык боюнча сабактарды алышты. Ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери келген конокторго жана милиция кызматкерлерине концерттик программа тартуулашты. Иш-чарага жалпы болуп 900гө чукул адам катышты.
2014-жылдын 4-июнунда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Диний экстремизм жана Сириядагы абал” деген темада атайын кенен жыйын болуп, жыйынга ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин жана Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери болуп, жалпы 457 студент катышты. Студенттер менен өткөрүлгөн жолугушуу жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкери Эржан Чокоев диний экстремизм, терроризм жана Сириядагы болуп жаткан коомдук абал жагдайында кеңири маалымат жасады. Ал өз сөзүндө ар кандай диний агымдардын көбөйүп кеткендигин, айрыкча, “Вахабизм”, “Хизб-ут-Тахрир”, “Акрамия”, Баптистер сыяктуу көптөгөн каттоодон өтпөгөн диний агымдар жаштарды туура эмес багыттарга азгырып кетип жатышкандыгын айтып өттү.
Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров студенттер менен болгон жолугушуу жыйынында Ислам дини дүйнөдөгү эң күчтүү жана таза дин экендигин белгиледи. Айрым каттоодон өтпөгөн диний агымдар жаштарды өз катарларына азгырып, кошууга аракеттенип жаткандыктан, жаштарды этият болууга чакырды. Мындан сырткары даават жөнүндө маалымат берип, дин сабаты жетиштүү инсандар гана ага бара тургандыгын айтты. Жолугушуу жыйындын жүрүшүндө студенттер тарабынан УКМКнын кызматкери Э.Чокоев менен облус казысы А. Закировго көптөгөн суроолор берилди.
Мындан сырткары, жыйынга катышкан жаштарга Сириядагы бүгүнкү оор абал туурасындагы видео тасма тартууланды.
Дене тарбия жана спорт тармагы
2014-жылдын ичинде спорттун 11 түрү боюнча жалпысынан 91 же 2013-жылгасалыштырмалуу 9га көп мелдеш өткөрүлүп, спортсмендерибиз 91 байгелүү орундарга жетишишти. Анын ичинен 25алтын, 29күмүш жана 38 коло медалдарга ээ болушту. Жыл ичинде спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, спортсмендерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү. Анын натыйжасында шаардын спортсмендери спорттун бир нече түрү боюнча Эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Жалал-Абад шаарындагы спорт мектептерде чебер тренерлер спорттун 11 түрү боюнча 1200дөн ашуун жаш өспүрүмдөрдү спорт менен машыктырып келишүүдө. Жыл ичинде спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн 93 мелдеш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, спортсмендерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү. Анын натыйжасында шаардын спортсмендери спорттун бир нече түрү боюнча Эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Маданият тармагы
2014-жылы баары болуп 101 же болбосо, өткөн жылга салыштырмалуу 17ге көп маданий иш-чара уюштурулуп, өткөрүлдү. Бардык саясий, тарыхый жана нравалык маанидеги майрамдар жана даталуу күндөр тиешелүү деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Шаарда болуп өткөн иш-чараларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы 1529,8 мин сом акча каражаты жумшалып 2013-жылга салыштырмалуу 249,8 мин сомго көп акча каражаты сарпталды.
Ички иштер бөлүмү
Жалал-Абад шаарынын аймагында 2014-жылдын 12 ай ичинде кылмыштардын бетин ачуу, коомдук-саясий жана оперативдик кырдаалдар боюнча анализ жүргүзгөндө жалпысынан төмөндөгүдөй көрсөткүчкө ээ болду.2014-жылдын 12 ай ичинде шаардын аймагында баары болуп 165 ыкчам-профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү, анын ичинен кылмыш иликтөө багыты боюнча 25, легалсыз миграцияга каршы күрөшүү багыты боюнча 4, банги затка каршы күрөшүү багыты боюнча 6, коомдуккоопсуздукту камсыздоо багыты боюнча 21, ЖЖОИсы - 27, жол коопсуздукту камсыздоо багыты боюнча 82.Соттон жана тергөөдөн качып жүргөн кылмышкерлерди аныктоо багытында жалпысынан 209 ( 221,-12) 69 (150,-81) издөө иштери жүргүзүлүп, кармалганы 77 (81,-4) кармоо пайызы 36,8 (36,7) түздү. Азыркы күндө 132 (140) кылмышкер издөөдө жүрөт.
Бангиликке жана банги затка каршы күрөшүү тобу 2014-жылдын 12 айына жалпысынан 31 (2013-28)+3 кылмыш аныкталган. Аныкталган фактылар боюнча жалпысынан 8 кг 416 гр банги заты алынган, (2013-600гр)+7 кг 816 гр.Былтыркы жылга салыштырмалуу банги затын сатуу 1 фактка коп аныкталган. Аныкталган факт боюнча 20 эркек киши кармалган (2013-21). Ошондой эле Бангиликке жана банги затка каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери ШИИБнун КИБму тарабынан издоодо жургон Жалал-Абад шаарынын С.Акбарова-35 у.т 1976-ж.т Абдымомунов Шавкат кармалып УКИне киргизилген.
2014-жылдын 12 айында Жалал-Абад ШИИБнүн 10-тобунун кызматкерлери коомдук-саясий багытка өзгөчө көнүл бөлүшүп, шаардын аймагында болуп жаткан жана боло турган саясий маанидеги маалыматтардын үстүндө иш алып барышууда. Отчеттук мезгилде аталган багыт боюнча жалпысынан шаарды 61 атуул каттоодо турат, алардын ичинен 2 кыргыз, ал эми 59 озбек улутундагылар. 6-лидер, 8-аял, 53-эркек. 12 ай ичинде -1 атуул каттоого алынып, “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун 7 мүчөсү каттодон чыгарылган.
2000-жылдан бери бул багытта соттолгондордун саны 13. Бул каттоонун кескин өзгөрүшүнүн себеби, алдын ала жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында көпчүлүгү оңолуу жолуна түшсө, ал эми кээ бирлери СНГ мамлекеттерине жумуш издеп чыгып кетип жатышат. 2014-жылдын 12 ай ичинде диний кастыкты козутуу боюнча 2 (2013-2) факт аныкталган. Жогоруда корсотулгон фактылар боюнча “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик агымынын максаттарын таркатуучу 36 (2013-61) даана далил буюмдар алынган.Аталган факт боюнча топтолгон материал, Жалал-Абад ШИИБнун КККне №186 саны менен катталып, КР КЖКнин 299- беренесинин 1-болуму менен 32-14-61 сандуу кылмыш иши козголгон.
Түзүлгөн иш мерчемдин негизинде 12 айдын ичнде 5 жолу «Нелегал» жана «Мигрант» операциясы өткөрүлду. Легалсыз миграцияга каршы курошуу максатында оперативдик иликтоо иштери жургузулуп, отчеттук мезгилде 2 чек араны мыйзамсыз басып отуу фактысы аныкталган. Андан сырткары 190 чет мамлекеттик жаранга карата КР адм.кодексинин 390-беренесинин негизинде ар бирине 1000 сомдон жалпысы 190 000 сом айып толому салынган.
Административдик тартипти бузгандыгы үчүн ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө 5250 (5200) атуул алып келинген.
Коомдук коопсуздукту сактоо максатында жүргүзүлгөн паспорт эрежеси боюнча иш чаралар учурунда 16593 кожолук, 77265 атуул камтылган, анын ичинен эркектер 36774, аялдар 40491 паспорт эрежеси боюнча текшерилип паспорт эрежесин бузгандыгы үчүн 168 протокол түзүлдү.
Жалал-Абад шаарынын аймагында, коомдук жайда 2013-жылдын12 ай ичинде 104 кылмыш, 2014-жылдын 12 ай ичинде 103 кылмыш катталган. ШИИБнун жашы жетеэлектер менен иштөө инспекторлору 2014-жылдын 12 ай ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМ-нин 10-январь 2009-жылдагы № 601 жана 22.07.2013-жылдагы № 1069 буйруктарынын негизинде ОИИБ-нун ШИИБ-нүн буйруктарынын жана тапшырмаларынын негизинде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштын алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатат. Шаар боюнча ЖЖОИде 7 инспектор эмгектенет.
2013-2014-окуу жылына карата Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан орто мектептер арасында жаш өспүрүмдөр менен кылмыштуулукту алдын-алуу жана болтурбоо максатында ЖЖОИнын кызматкерлери мектептерге 240 жолу барып, ар түрдүү жол эрежеси, “кылмыш деген эмне?”, “мектеп рекеттери”, “улуттар аралык келишпестик” сыяктуу лекцияларды окушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жогорудагы алдын улуу иштеринин жүрүшүндө 40 жолкусунда жалал-Абад ШИИБнүн жетекчилиги менен чогуу өткөрүлдү.
Шаарда жашаган 10 тоголок жетим баланы “Кара-Алма” токой чарбасына алып барылып эс алдырып келинди.
Жалал-Абад шаарынын аймагында жашаган жашы жетпеген 17 тоголок жетим балдар Жалал-Абад ШИИБнүн озунун эсебинен САРЫ ЧЕЛЕК коругуна алынып барылып уч кундук эс алуу уюштурулду.
Ал эми 2014- жылдын декабрь айында “Элдер достугу” спорт сарайында шаардын 8- класс окуучулары катышкан 10 команда арасында мелдеш уюштурулуп берилди жана ар кандай спорттук кийимдер жана ар түрдүү белектер берилди.
“Ак Бермет” уй було тибиндеги балдар уйуно жаны окуу жылы башталышы менен ал жердеги 12 жаш оспурумго окуу куралдары жана спорттук топтор белекке берилди, андан сырткары Жалал-Абад шаарында жайгашкан жаш оспурумдордун психоневролгиялык диспансерине 100 даана памперс, 200 даана, ар турдуу кийим кече, 100 даана ар кандай бут кийимдер Жалал-Абад ШИИБнүн жетекчиги жана шаардын мектептери менен биргеликте тапшырылды.
Азыркы учурда 76 жаш өспүрүм ЖЖОИнын профилактикалык каттоодо турат. Каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен ар айда 2 жолу ата-энелери менен же аларды алмаштырган адамдар менен алдын алуу иштери жургузулуудо.
ШИИБнү тарабынан 2014-жылдын 12 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 22 кылмыш 18 (өспүрүм катышкан) иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Ал эми 2013- жылы 20 кылмыш иши 25 (жаш өспүрүм катышкан) кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.Катышкан өспүрүмдөргө токтолсок 2014-жылы 18 өспүрүм 7 (2013-ж. 25 өспүрүм), окуучулар 2014-жылы 3 окуучу-1 (2013-ж. 4 окуучу).
Шаардык ички иштер болумунун жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмчөсүндө штат боюнча 4 кызматкер эмгектенет. 2014-жылдын 12 ай ичинде шаардын аймагында 903 (105+802) автожол кырсыктары болуп, 144 (150)-6 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан жана 5 (11-6) адам каза болгон.
Жаш өспүрүмдөр арасында 19 (23) жол транспорт кырсыгы катталды, денелеринен ар кандай жараат алган 19 (23). 2014-жылдын 12 ай ичинде КРнын КЖКнин талаптарын бузгандыгы үчүн жалпысынан 321 атуул түрдүү кылмыш кылгандыктары үчүн Убактылуу кармап туруучу изолятордо кармалып, алардын ичинен - эркектер - 276, аялдар - 34, жашы жете элек оспурумдор - 11.
Азыркы учурда Жалал-Абад ШИИБнүн УКИда 51 адам кармалууда, анын ичинен тергөөдө - 12, сотто - 36, соттолгону - 3, аялдар - 8, жашы жете электер-1, УПК 94 ст.-1, административдик укук бузгандар - 0.