Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XXXV сессия
2016-жылдын 14-июлу № 3
Жалал-Абад шаарынын мэринин 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун 8-пунктчасына ылайык Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэринин 2015-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылда социалдык-
экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
шаар мэринин отчету
Шаардын 2013-2017 жылдарга Стратегиялык өнүгүү программасынын иш чарасын турмушка ашыруу алкагында 2015-жылы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө реалдык секторлордо өсүү темпин камсыздоого жетише алып, ар түрдү тармактар боюнча жакшы жетишкендиктерге ээ болдук.
Өнөр жай ишканалар тарабынан 2015-жылда 3 млрд. 351,8 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмү 101,5%ды түздү, шаардын элине 2 млрд. 803,8 млн сомдук акылуу кызмат көрсөтүлүп өсүү темпи 105,9%ды түздү, чекене соода жүргүзүү көлөмү 18 млрд. 173,6 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 109%ды түздү, айыл чарба тармагында 162,1 млн. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүп өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 120,3%ды түздү.
Жалал-Абад шаары үчүн приоритеттүү тармак болуп ѳнѳр жай тармагы эсептелет. Шаардагы көпчүлүк өнөр жай ишканалардын жетекчилери ички ресурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарында кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууну жолго салышып жакшы жетишкендиктерге жетише алышты.
Тактап айтсак, өнөр жай ишканалар тарабынан 2015-жылда 3 млрд. 351,8 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмү 101,5%ды түздү, же болбосо кошумча 284,9 млн. сомдук продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Шаарыбыздын өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшүнө чоң салымын кошуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен төмөнкү өнөр жай ишканалары болуп эсептелинет: “Жалал-Абадэлектро” ААК – 362,1 млн. сомго (жетекчиси АбдылдаевА.К.), «Жалал-Абад нефтти кайра иштетуучу завод» - 50,4 млн. сомго (Ташиев Ш. К.), “Элдик” мамлекеттик ишканасы – 19,9 млн. сом, “Жалал-Абад тазалык” ишканасы – 6,0 млн. сомго (Бакиров Т.К.), “Суу канал” башкармалыгы – 4,5 млн. сомго (Мусаев А.И.), «Келечек» ААКу – 1,5 млн. сомго (Туманов К.Т.), “«Жалал-Абад дүлөйлөр жана көзү азиздер окуу-өндурүү ишканасы” ЖЧКу – 2,8 млн. сомго (Печелов У.П.), 36/10 мекемеси – 1,3 млн. сомго (Койлиев К.), “Жылуулук менен камсыздоо” райондор аралык бирикмеси – 1,5 млн. сомго (Козубаев Т.М.) жана «Мата» АКу – 118,2 миң сомго өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп продукция өндүрүүгө жетише алышты.
Ошондой эле, эмерек, тигүү буюмдарын, нан иштеп чыгаруучу май, алкоголсу ичимдиктер, пластмасса буюмдарын, кагаз өндүрүүчү жеке ишкерлер тарабынан жыл ичинде 4,5 млн. сомдук кошумча өнөр жай продукцияларды өндүрүүнү камсыз кылып өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,6%ды түздү.
Ал эми, орто жана кичи ишканалар тарабынан өткөн жылга салыштырмалуу 30,1 млн. сомдук продукцияларды көп өндүрүштү жана 2,2 эсеге өндүрүлгөн продукциянын өсүшүн камсыз кыла алышты.
Жогорудагы жетишкендиктерге карабастан, объективдүү жана субъективдүү себептерге байланыштуу, шаарыбыздын 12 өнөр жай ишканалар белгиленген план-тапшырманы аткара алышпады. 2015-жылда алар жалпысы бөлүп 138,2 млн. сомдук продукциясы кем өндүрүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу шаар боюнча өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индексин 4,2%га төмөндөшүнө жол беришти.
Тактап айтсак, “Дан Юг” ЖЧКу – 60,5 млн. сомго (жетекчиси Тойгонбаев С.К.), “Газпром Кыргызстан” ЖЧКун Жалал-Абадгаз филиалы – 59,1 млн. сомго (Тургунбаев М.Ж.), “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК – 17,7 млн. сомго (Касымбеков Д. С.), “Борбордук Азиядагы ташты кайра иштетүүчү завод” ЖЧКу – 13,6 млн. сомго (Галиев Э.Э.), “Насос” Аку – 3,4 млн. сомго (Абдурахманов А.А.), “Алманбет” ЖЧКу – 0,8 млн. сомго (Кыдыков Н.Т.), “Көк-Арт” Аку – 0,6 млн. сомго (Нурдинов М.С.), “Мата” АКу – 0,1 млн. сомго жана “Нур” ААКу – 72,9 миң сомго кем продукция өндүрүштү.
Ал эми, нан иштеп чыгаруучу кичи ишканалар 2,9 млн. сомдук, консерва иштеп чыгаруу ишканалар 2,4 млн. сомдук жана кислород иштеп чыгаруу ишканалар 313,6 миң сомдук продукцияны өткөн жылга салыштырмалуу кем өндүрүшүнө жол беришти.
“Азрат-Айып” АКу жана “Ак-Алтын” ЖЧКу өндүруүшүн токтоп калганына байланыштуу 1,6 млн. сомдук жана 4,1 млн сом продукция алар тарабынан өндүрүлбөй калды. Себеби айланма акча каражаттардын, чийки заттардын жоктугуна байланыштуу.
Ошондой эле, жогорудагы себептерге “ЖанДос” ЖЧКу жана “Лиматекс пахта корпорациясы” ЖЧКу өндүрүш кубаттыктары көп жылдардан бери токтоп турат.
Ал эми, ички рынокто чет ѳлкѳлѳрдѳн арзан баада ун продукцияларынын кѳлѳмү кескин ѳсүшүнѳ байланыштуу «Мариям» ЖЧКсы ѳндүрүштүк кубаттуулуктары 2013-жылдын январь айынан бери токтоп турат.
Шаар мэриясы тарабынан шаар аймагында жаңы ишканаларды түзүү, токтоп турган өнөр жай ишканаларды ишке киргизүү боюнча ишканалардын жетекчилерине жакындан практикалык жардам берилүүдө жана тиешелүү жумуштар турмушка ашырылууда.
Тактап айтсак, 2015-жылда шаардын реалдык секторунун ар түрдү тармактарда жаңы 220 чарба субъектилери түзүлүп ишке киргизилди. Анын ичинен 39 юридикалык чарба субъектилер жана 181 физикалык субъектилер, алардан өнөр жай тармагында 10 чарба субъектилер түзүлдү жана 204 туруктуу жаңы иш орундар ачылды.
2015-жылдын август айында “Разави” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш кубаттыктары ишке тарабынан 20,0 млн. сомдук инвестиция эсебинен жаңы кондитердик продукция өндүрүүчү ишкананын курулуш иштери бүткүрүлдү жана жана ишкана ишке киргизилди. Бул ишканада азыркы күндө 30 жакын жаңы жумуш орундар түзүлдү. Ишканын өндуруш кубаттуулугу 792 тонна продукция өндүрүнү камсыз кылат, же болбосо бир жылда 115,0 млн. сомго жакын кошумча продукция өндүрүлөт. Азыркы күндө фабриканын экинчи өндүрүш линиясын ишке киргизилди. Келечекте ишканада жана 100 ашуун жаңы жумуш орундар түзүлөт.
Андан сырткары, «Армада Агро» жоопкерчилиги чектелген коому октябрь айынан баштап өндүрүшү ишке киргизилди. Бул ишканада кургатылган мөмө-жемиштерди иштеп чыгаруу жолго салынып 25 жаңы жумуш орун түзүлдү. Келечекте, ишканада толук кандуу ишке киргизилет жана 60 жакын жаңы жумуш орундар түзүлөт.
Ошондой эле, шаар аймагында “Элнур Дан” ун иштеп чыгаруучу ишкананын филиалын куруу боюнча курулуш иштери аткарылды. Ишкананын өндүрүш кубаттулуугу бир жылда 401,3 млн. сомдук продукция чыгара алат. Ун комбинатынын өндүрүшү үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын акырында ишке киргизилди жана 8,4 млн. сомдук продукция өндүрүлдү. Комбинатта азыркы күндө 15 иш орун түзүлгөн жана жаңы 45 жумуш орун түзүлөт.
Шаар мэриясы тарабынан шаарыбыз аймагында жайгашкан токтоп турган ѳнѳр-жай ишканалардын ѳндүрүшүн жандандыруу боюнча иш-аркеттер турмушка ашырылып келинүүдѳ. Үстүбүздөгү жылда “Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү завод” ЖЧКун жетекчилиги тарабынан заводтун өндүрүшүн жандандырылып апрель айынан ишкана тарабынан 50,4 млн. сомдук продукция өндүрүлдү.
“Лиматекс пахта корпорациясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүшү айланпа акча каражаты жоктугуна байланыштуу токтоп турат. Бул ишкананын өндүрүшүн жандантыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы инвестиция тартуу боюнча агенттигинин адистери менен биргеликте Кытай Эл Республикасыдан инвестор издеп табылып 2,0 млн. АКШ доллар көлөмүндө инвестиция тартуу боюнча бизнес долбоор түзүлүп жогорку органдарга берилди. Ошондой эле, Кыргыз-Россия өнүктүрү фондуна 4,0 млн. АКШ доллардык бизнес-долбоор иштелип чыгылып тапшырылган.
“ЖанДОС” жоопкерчилиги чектелген коомунун өндүрүш кубаттуулуктарын токтоп турушунун негизги себеби алар тарабынан өндүрүлгөн продукцияга чет элдик рынокто аларман жоктугунан.
Ошондой эле, «Мариям» ЖЧКун айланпа акча каражаттары жетишерлигине карабастан ишкана тарабынан өндүрүлгөн продукциясына ички жана четки рынокто алармандар жоктугуна байланыштуу өндүрүш кубаттуулуктары токтоп турат. Ишкананын базасында жаңы өндүрүштү ишке киргизүү боюнча практикалык жумуштар турмушка ашырылууда.
Айыл чарба тармагы
Шаар боюнча 2015-жылдын жыйынтыгы менен сатистикалык маалыматтарды салыштырып караганда, 162,1 млн. сомдук айыл чарба продукция ѳндүрүлүп ѳткѳн жылга салыштырмалуу ѳсүү темпи 120,3%ды түздү жана жеткирилген план-тапшырма ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылда 10,3 млн. сомдук таалачылык продукциясы, 151,8 млн. сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлдү, же болбосо өсүү темпи 115,8% жана 120,7%ды түздү.
2015-жылдын айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүдө тактап айтсак, 367 гектар кылкандуу дан эгиндери, анын ичинен 37 гектар күздүк буудай, 330 гектар дандык жүгөрү, 226 гектар жашылча, картошка 54 гектар, 188 гектар май өсүмдүктөрү, 9 гектар шаалы, 617 гектар кѳп жылдык чѳп жана 2 гектар бакча өсүмдүктөрү эгилген.
Аймактык башкармалыгындагы айыл чарба техникалары жана жабдыктары эскирген жана заман талабына жооп бербейт. Көпчүлүк убакта, күз келген учурда айдоо жерди терең аңтарып айдоо ыкмасы (тоңдурма) болбой жатат. 2015-жылда аймактык башкармалыгында жалпысы бөлүп 330 гектар жер терең аңтарып айдалды, же болбосо айыл чарба жерлеринин 25,5%.
Бардыбызга белгилүү тоңдурма айдоо болсо, түшүмдүүлүк 15-20%га, жазгы эгиндердин түшүмдүүлүгү жогору болушу иш жүзүндө тастыкталган. Ошонун кесепетинен, отоо чөптөрдүн уругу чирибей, кайра өсүүгө шарт түзүп берип, отоо чөптөр жана камыштар басып жатат. Мындан сырткары, дыйкан же жеке чарбанын жер аз аянт болгондуктан, күчтүү тракторго чегерилген соколор менен айдоо колдонулбай жатат жана бир эле жерге жылдан жылга бир эле өсүмдүктү эгип, максатуу алмаштырып эгүү (севооборот) болбой, жердин кыртышынын күрдүүлүгү (плодородие) төмөндөөдө.
Өткөн жылга салыштырмалуу бир гектардан буудайдын түшүмдүүлүгү 1,29 центрнерге, дандык жүгөрүнүн 1,5 центрнерге, май өсүмдүктөрдүн 0,6 центрнерге, жашылчалардын 0,7 центрнерге араң жогорулатылды. Ал эми картошканын түшүмдүүлүгү бир гектардан 17,7 центрнерге төмөндөп кетти.
2015-жылда өндүрүлгөн мал чарба продукциянын көлөму 120,7%га өсүшүн камсыз кылынды. Аймактык башкармалыктын дыйкан жана фермер чарбалары тарабынан 464 тонна эт, 3056,0 тонна сүт, 1246,0 миң даана жумуртка жана 21 тонна жүн алынды. Өткөн жылга салыштырмалуу 86,0 тонна эт, 460,0 тонна сүт, 284,0 миң даана жумуртка жана 3,0 тонна жүн көп өндүрүлдү.
Инвестиция тармагы боюнча
Шаардык мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн адистери тарабынан шаарыбыздын бюджетинин эсебинен каржылана турган ишкана-мекемелердин жетекчилери жана эсепчилеринин катышуусу менен гранттарды алуу үчүн, бизнес-долбоорлорду түзүү боюнча түшүндүрүү иштери алынып барылуусу жакшы жыйынтыктарды берүүдө.
Тактап айтсак, 2015-жылда шаардын реалдык секторунун ар түрдү тармактарына тартылган инвестициялардын көлөмү 3 млрд. 260,3 млн. сомду түзүп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 106,1%ды түздү. Тартылган инвестициялардын ичинен ички инвестиция каражаты 2 млрд. 699,5 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу осуу темпи 100,8%ды түздү. Ал эми тышкы инвестиция 560,8 млн. сомго барабар болду жана осуу темпи 141,5%ды түздү.
Тартылган инвестициялар эсебинен 220 шаарыбыздын ар түрдүү тармактарында жаңы чарба субъектилери түзүлдү, анын ичинен 39 юридикалык чарбалар жан 181 жеке ишкерлер өз ишмердигин башташты.
Ал эми, шаарыбыздын кичи жана чакан ишканаларга, жеке ишкерлерге шаардын «Кепилдик фонд» коомдук фонду аркылуу үстүбүздөгү 2015-жылда жалпысы болуп 2 млн. 244,5 миң сомдук 25 кепилдик берилди жана тартылган насыялардын көлөмү 8 млн. 365 миң сомго жеткирилди. Берилген кепилдиктердин эсебинен жалпысы бөлүп 94 жумушчу орундар түзүлдү, анын ичинен 27 туруктуу жаңы жумуш орундар.
Чекене соода жана тейлөө тармагы.
2015-жылдын башынан шаар аймагында салыштырмалуу баада 18 млрд. 173,6 млн. сомдук чекене соода жүргүзүлдү жана ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ѳсүү темпи 109,4%ды түздү. Жеткирилген план-тапшырма 4,4%га ашыгы менен аткарылды.
Уюштурулган соода тармагында чекене соода көлөмү 7 млрд. 801,0 млн. сомду түзүп өсүү темпи 114,5%ды, уюштурулбаган соода тармагында 11 млрд. 110,0 млн. сомду түзүп өсүү темпи 160,1%дуүздү. Мейманкана жана коомдук тамактануу мекемелери тарабынан 840,8 млн. сомдук продукция сатылып, өсүү темпи 114,8%га жеткирилди.
Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин 2015- жылда киреше жана чыгышалары боюнча экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча белгиленген план-тапшырма аткарылды. 2015-жылгажеткирилген планы 14 млн. 589,9 миң сом, ал эми аткарылганы 15 млн. 106,9 миң сомду түздү же болбосо 103,5%га аткарылды.
Муниципалдык менчикти башкаруу
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитети 2015-жыл ичинде шаардын муниципалдык менчик башкармасынын обьектилеринин иш деңгээлин жогорулатуу, аларды эффективдүү жана рационалдуу колдонуу боюнча, шаардык казынага акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүү максатында бир топ сапаттуу иштерди жүргүздү.
Комитеттин максаттуу жүргүзүп жаткан ишинин негизинде шаардык казынага2015-жыличинде 11 млн. 426,4 миң сом топтолду жана бекитилген киреше боюнча план 111,5% га аткарылды же болбосо 1 млн. 182,7 миң сом акча каражаты көп топтолду.
Атап айтсак, муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан 2015-жыл ичинде бекитилген пландын жыйынтыгы төмөндөгүдөй аткарылган:
Шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди сатууну убактылуу токтотуу жөнүндө Шаардык мэриянын 2015-жылдын 02-июнундагы №189 токтомунун негизинде жер сатуу убактылуу токтотулду.
2015-жыличинде жер участокторун ижарага берүү боюнча 12 жолу конкурс өткөрүлүп,конкурс аркылуу 101 жер участкасы ижарага берилген жалпы жер аянты 40 миң 459,44м2түзөт,жер участокторун ижарага берүүдөн 5 млн. 971,2миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген планды аткаруу 119,2%ге аткарылда же болбосо 961,5миң сомго ашыкча акча каражаты шаардык казынага түшкөн.
Шаар аймагындагы муниципалдык автопарковкаларды иретке келтирүү жана бюджетти көбөйтүү максатында жеке адамдардан авто транспорт каражаттарын коюу укугу үчүн жыйымдардан 2 млн. 467,6миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 100,0% га аткарылды.
Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан комитеттин алдындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо бөлүмү шаар аймагындагы жарнак жана кооздоп жасалгалоо кызматтарына уруксат берүүчү документтерди бергендик үчүн акы төлөө кызматынан 1 млн. 578,8миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 101,7% га аткарылган же болбосо 25,8миң сомго ашыкча аткарылган. 2015-жылдамуниципалдык менчиктин карамагында болгон жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берүү боюнча 2 жолу конкурс өткөрүлүп,конкурс аркылуу 10 жашоого ыңгайлашпаган имараттарды жана курулуштарды ижарага берилген жалпы жер аянты 209,6м2ижарага берилди жана 1 млн. 39,2миң сом акча каражаты шаардык казынага түшкөн, белгиленген план 120,3% ге аткарылды же болбосо 175,2миң сомго ашыкча акча каражаты шаардык казынага түшкөн.
Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан муниципалдык обьектилерин эффективдүү жана рационалдуу пайдаланууну күчөтүп, бюджеттин кирешелик бөлүгүн көбөйтүү максатында аракеттер көрүлүп муниципалдык жерлерди ижарага берилген жерлерге келишимдер түзүлүп, ижара акылары убагында өндүрүлдү. Ошондой эле сейил бактарда жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан 2015-жыл ичинде төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды
Укук күбөлөндүрүүчү документтерди даярдоо кызматы учун Шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына 675,0миң сом акча каражатын которуп берилип,722,4миңсомдук укук күбөлөндүрүүчү документтер, муниципалдык жерлерге кортундулар даярдалды.
Шаардык архитектурага Жалал-Абад шаарынын аймактарын абаттоо жана жашылдандыруу боюнча жер тилкелерин бекитип беруу китепчесин даярдоо,муниципалдык жерге корутунду даярдоо жана архитектуралык кызмат акылары учун 1 млн. 275,7миң сом акча каражатын которуп берилип архитектуралык күбөлөндүрүүчү документтер даярдалды.
Шаардагы №6-мектептин сейсмологиясын изилдоо үчүн 65,0миң сом акча каражаты которулуп берилип сейсмологиялык изилдөө документтери даярдалып берилди.
№6 үй-бүлөлүк дарыгерлер эмканасын оңдоо жумуштарына депутаттык наказдарга каралган акчадан муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу282,0миң сом акча каражаты бөлүнүп дарыгерлер эмканасын оңдоо жумуштары аткарылды.
Шаардагы Тарыхый жана маданий эстеликтерди реставрациялоого 177,0миң сомакча каражаты бөлүнүп берилди, Н.Айтматова көчөсүндөгү жер тилкеге муниципалдык жеңил констурукцияда аялдама жергиликтүү бюджеттен 158,8 миң сомго курулду,“Жениш” паркындагы фантанды кайра оңдоп,кооздоо боюнча жумуштары үчүн жергиликтүү бюджеттен 470,0 миң сом, менчикти башкаруу комитетинин архивдик кабинеттерине 65,0 миң сомгоөрткө каршы сигнализация аппараты орнотулду жана комитеттинимаратынын сырткы жана ички көрүнүштөрүн оңдоо жумуштары үчүн жергиликтүү бюджеттен 344,6 миң сом акча каражаты каралыпсырткы көрүнүштөрүн оңдоо жумуштары аткарылды.
Мындан сырткары шаардык мэрия менен АРИС программасы аркылуу келишимдин негизинде курулуш иштери жүрүп жаткан,муниципалдык иммараттардын архитектуралык пландоо схемасы долбоордук документтерди жана сметасын жасоо кызмат акылары мамлекеттик экспертизада өткөрүү кызматтары,куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен үлүштүк каржылануусуна да муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу төмөндөгү иштер жүргүзүлдү. “Курманбек” аймактык башкармасына караштуу Пушкин көчөсүндөгү№4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кошумча 2-этаждуу имараты пандусу менен кошо бүткөрүлүп жумушка киргизилди. Ошондой эле, “Спутник”аймактык башкармасына караштуу Жеңи-Жок көчөсүнө курулуп жаткан Балдар чыгармачылык борборунун имараты бүткөрүлдү, “Достук” аймактык башкармасына караштуу Ибраимов көчөсүнө курулуп жаткан 50-орунду Балдар бакчасынын имараты, “Ч.Айтматов”аймактык башкармасына караштуу Жеңиш кичи шаарчасындагы №17 мектепке кошумча имараты бүткөрүлүп жумушка киргизилди.
Мындан сырткары мэриянын алдындагы муниципалдык менчиктибашкаруу комитети аркылуу 2015-жыл ичинде 2жолу тендер өткөрүп төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
“Достук” аймактык башкармасына караштуу № 4-балдар бакчасын коргондоо куруулуш иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1146 миң сом, балдар бакчасына мөмө-жемиш сактоочу жай курууга 882 миң сом, Т. Тайгараев аймактык башкармасына караштуу № 31-балдар бакчасынын от казанын кайрадан оңдоо жана бастырма куруу иштерине 1322,6 миң сом,балдар бакчасына 6 көздүү ажааткана куруу иштерине 422,1 миң сом, “Курманбек” аймактык башкармасына караштуу № 16-балдар бакчасын коргондоо иштерине 580,0 миң сом, “Достук” аймактык башкармасына караштуу нан бышыруучу цехке трансформатор жана электр зымдарын орнотуу иштерине 372,1 миң сом жана “Спутник” аймактык башкармасынын имаратын оңдоо куруу иштерине 450 миң сом бөлүнүп берилип жогоруда аталган объектердин курулуш иштерин бүткөрүлдү.
“Курманбек” стадиондун Батыш тарабындагы трибунасын бастырмасы менен реконструциялоо жана имаратты оңдоо курулуш, резиналык чуркоо килемин төшөө иштерине, түштүк тарабындагы кире бериш дарбазасынын тосмосу менен капиталдык оңдоп түздөө, чуркоо аянтына жана ички тарабына асфальт төшөө жана стадиондун боюнча куруулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен жалпысы бөлүп 32 млн. 779 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 590,6 миң сом акча каражаты үнүмдөлдү.
Мамлекеттик салык кызматы
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2015-жылдын январь-декабрь айларына салык төлөмдөрү боюнча жеткирилген план-тапшырма 695,8 млн. сом, аткарылганы 705,5 млн. сом. Жеткирилген план-тапшырмадан 9 млн. 712,7 миң сомго көп чогултулуп 101,4 % түздү. Былтыркы жылга салыштырганда 55 млн. 696,4 миң сомго көп салык жыйналып, өсүү темпи 108,6 % түздү. Анын ичинен республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 399,3 млн. сом болсо, аткарылганы 408,0 млн. сом. Жеткирилген план тапшырмадан 8 млн. 729,7 миң сомго көп салык жыйналып, же болбосо 102,2 % түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 34,1 млн. сомго көп салык жыйналып, өсүү темпи 109,1 % түздү.
Жергиликтүү бюджетке жеткирилген план тапшырма 296,5 ммлн сом, аткарылганы 297,5 млн. сом, жеткирилген план тапшырмадан 983,0 миң сомго көп салык жыйналган, же болбосо 100,3% түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 21,6 ммлн сомго жергиликтүү бюджетке көп салык жыйналып, өсүү темпи 107,8 % түзгөн.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгы
Башкармалык өз ишин 2015 жылдын апрель айынан баштап КР Өкмөтүӊүӊ № 413 токтомунда көрсөткөн көрсөтмөгө ылайык жергиликтүү бюджетке түшүүчү 100 % салыктарды кыдыруу жолу аркылуу жүргүү менен көмүскөдөгү калып экономикалык терс көрүнүштөрдү ачык айкындуулукка чыгарылууну камсыз кылуу жана ыктыярдуу милдетүү патентер менен иш жүргүзгөн ишкерледин төлөгөн төлөмдөрүн квитанциясын негизинде узартуу киргизуу жагы каралган.
Жергиликтүү бюджетке 100 % түшүүчү салыктар эсебинен шаарыбыздын киреше бөлүгүнө 96 млн. 329,3 миң сом түшүрүлдү белгиленген план 94 млн. 126,7 миң сомду тузуп планга карата 102,3% ке жетишилди.
Ал эми, 50% пайыз түшүүчү салыктар менен жалпы 2015-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү салыктар эсебинен 297489,5 мин сом бюджетке түштү, 2014-жылга салыштырмалуу 21231,8 мин сомго ашыкча болуп,өсүү темпи 107,7% түзөт.
Анын ичинен башкармалыктын кызматкерлери тарабынан өз учурунда төлөбөй көмүскөдө жүргөндөрдү так учетторун тактоо иштерине чон көнүл бурулгандыктан экономикалык ишкердүүлүк жүргүзгөн бирок өз учурунда төлөмдөрүн төлөөдө качып көмүскөдө жүргөндөрдүн санын тактап, аларды салык төлөмдөрүн төлөтүүгө жетишилди.
Тактап айтсак, жеке кожолуктардан тамарка үчүн алынуучу жер салыгынтолук түшүрүү үчүн 11448 кожолукка кыдыруу жүргүзүлдү, анын ичинен 5575 кожолук КР Салык Кодексинин 344-беренесине ылайык жеңилдик алгандар болуп чыкты жана жыл жыйынтыгы менен 2 млн. 573,9 миң сом бюджетке 4626 кожолуктан түштү, 2014-жылга салыштырмалуу 375,7 миң сомго ашыкча же өсүү темпи 117,1% түзөт. Үймө үй кыдыруу мезгилинде 3-жылдан бери салык төлөмдөрүн төлөбөгөн 326 кожолуктан 361,0 миӊ сом түшүрүлгөн.
Чарбалык жерден алынуучу жер салыгы Т. Тайгараев аймактык башкармалыгы боюнча жүргүзүлүп, бул салыкты толук түшүрүү үчүн бир топ иштер алып барылды. 2015-жылдын май айында 2 күндүк рейд уюштурулду,июнь айында 5 кызматкер менен биргеликте биржума рейд жүргүзүлдү жана күн сайын кыдыруу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары,Т. Тайгараев аймактык башкармалыгнын эӊ алыс жайгашкан Кызыл-Суу айылына да кызматкерлер тарабынан рейдке чыгышып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп салык төлөмдөрү төлөтүлдү.Натыйжада 2015 жылга бекитилген планы 451,7 миң сом болсо 472,3 миң сом бюджетке түштү, өсүү темпи 101,8% түздү.Шаардык мамлекеттик салык кызматынан үлүш үчүн каттоодон өткөнү 1200 дү болуп жыл ичинде 1046 үлүш ээлеринен төлөмдөр түшүрүлдү.
Айыл чарбалык эмес жерлерден алынуучу жер салыгынын салык төлөөчүлөрү салык кызматынан 743 катоодон өткөн, анын ичинен физикалык жак 714 болуп ал эми юридикалык жактын саны 29 түзөт.
2015-жылга айыл чарба эмес багытындагы жер салыгына эсептелинген салык төлөмүнүн суммасы 11 млн. 682,7 миң сомду түзөт,ал эми жылга бекитилген план 12 млн. 100,0 миң сом болсо, аткарылганы 13 млн. 547,0 мин сомду түздү,бул планга карата ашыкча 1 млн. 483,5 миң сомго түшүрүлүп өсүү темпи 112,3% түздү. Мындан сырткары башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кыдыруу жолу менен каттоодон өтпөй ишкердүүлүк жүргүзүп келген 17 ишкерди аныктап алар эсебинен 12,1 миң сом салык төлөмдөрүн төлөтүүгө жетишилди.
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин эсебинен түшүүчү ижара акы Т. Тайгараев аймактык башкармалыгы тарабынан келишимдин негизинде берилген жер үчүн түшүүчү ижара акы болуп саналат жана төлөмдөрдүн бул түрү боюнча 2014-жылдын 322,1 миң сом түшсө, 2015-жылда 503,3 миң сом түшүп өсүү темпи 156,3%ти түздү.
Мамлекеттик салык кызматынан каттоодон өтүп салык төлөмдөрүн салык кодексинин 332-беренесине ылайык 1-апрелге чейинки мөөнөттө эсепчелерин тапшыруу жагы каралган.
Бирок, өз учурунда эсеп расчетторун тапшырбаган 23 жаранды кыдыруу жолу аркылуу такталып, алардын расчетторун тапшыртыруу үчүн 2015-жылдын 14-майындагы чыгыш №4-3/889 сандуу кат аркылуу мамлекеттик салык кызматына билдирилди жана алар эсебинен 31,0 миӊ сом төлөтүлдү.
Мүлк салыгынын 2-3-тайпасыбоюнча 2015-жылдын жыйынтыгы менен 19 млн. 13,9 миң сом бюджетке түштү,2014-жылдын жыйынтыгы менен 18 млн. 35,0 миң сом түшкөн же болбосо 978,9 миң сомго ашыкча түшүүгө жетишилди жана өсүү темпи 105,4%.
2015-жылга карата автоууналарды каттоо департаментинен алынган атайын аныкталманын негизинде 12562 автоунаа салык төлөмдөрүн төлөө жагы белгиленген жана эсептелинген сумма 11 млн. 973,2 миң сомду түзгөндүктөн 11,0 млн. сом план берилген.
Бирок, 2015 жылдын 1-июнуна карата алынган тактаманын негизинде сан жагынан 11810 болуп алардын салык төлөмдөрүн толук кандуу түшүрүү үчүн шаар мэриясынын буйругунун негизинде жол кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте күн сайын рейд жүргүзүлдү, шаардын бардык ишканаларына кат менен кайрылынып жана телевидениеден кулактандыруу эскертүүлөр берилип ,ошондой эле уюлдук телефондорго билайн компаниясы аркылуу жарандардын уюлдук телефондоруна салыктын бул түрүн төлөө керек экендиги жөнүндө СМС аркылуу билдирилип турулду. Натыйжада 8194 автоунаа ээлери 8695,4 миң сом транспорт салыгы түштү жана 2014-жылга салыштырмалуу 559,3 миӊ сом ашыкча түшүп,өсүү темпи фактка караганда 106,9% түздү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №413 токтомунда патент менен иш жүргүзүп салык төлөмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндөгү, банктан алынган квитанциясын негизинде патенттерге жазуу киргизүү жагы жүктөлгөн башкармалык бул маселе боюнча апрель айынан баштап иш жүргүп баштаган мезгилге карата Кыргыз Республикасынын салык кызматы тарабынан 2015-жылдын 23- мартындагы № 77 буйрук кабыл алынып кээ бир ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча базалык ставкаларга өзгөртүүлөр киргизилип, патенттин төлөө суммасы көбөйтүлүнгөн, бул мэрия тарабынан ачылган жаӊы башкармалыктын өз ишин баштоосуна бир топ тоскоолдуктарды жаратты, себеби башкармалык ачылаары менен патент үчүн төлөөнүүчү суммалары көбөйүшү карапайым калк арасында ар кандай түшүнүксүз жагдайларды пайда кылды, биз тараптан бир канча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө туура келди. Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине жана республикалык салык кызматына кайрылуу каттар жиберилип, натыйжада 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып КР мамлекеттик салык кызматынын №248 буйрук кабыл алынып кайра кээ бир ишмердүүлүктүн түрлөрү мурдагы буйрукта көбөйтүлгөн болсо, бул буйрук менен кайра азайтырылып берилди.(айрыма боюнча таблица тиркелет)
Ал эми ишкерлердин патент төлөмдөрүн өз учурунда көзөмөлгө алынбай калса ишкерлер тарабынан төлөм жүргүзүлбөй калган учурлар кездешүүдө, алар эсебинен ай сайын кошумча патент төлөмдөрүн 500-600 миӊ сомдон төлөтүүгө жетишилди. Натыйжада 2014-жылга салыштырмалуу ыктыярдуу патент эсебинен 6492,3 мин сом ашыкча түштү же болбосо 2014-жылда 31066,9 мин сом түшкөн болсо, 2015-жылда 37559,2 мин сом түшүп өсүү темпи 120,9 % түздү.
Жогоруда көрсөтүлгөн салыктын базалык ставкасынын узартылган патенттин негизинде эсептелгени боюнча 432,7 мин сом кошумча бюджетке киреше түштү.
Ошол эле мезгилде айта кетчү нерсе бул башкармалык өз ишин баштаганга чейин Жалал-Абад шаардык мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2015-жылдын 1-кварталында ыктыярдуу патентке бекитилген планга 664,1 миӊ сомго кем аткарышкан же бекитилган план 8591,1 болуп аткарылганы 7927,0 мин сомду түзгөн башкармалыктын кызматкерлеринин апрель айынан баштап патент үчүн ашыкча түшүрүлгөн акча каражаттарынын эсебинен аткарылбай калган планды да толугу менен жабууга жетиштик.
Милдеттүү патент боюнча 2015-жылга карата бекитилген планды толук аткаруу мүмкүнчүлүгү болгон жок, себеби 2014-жылга түшкөн сумма 7940,0 мин сом түзгөн 2015-жылга карата планды бекиткен учурда бюджетти көбөйтүү максатында 3360,0 мин сомго ашыкча бекиттирилип өсүү темпи 142,3% менен 11300,0 сомго коюлган. Эгер 10 % рост менен коюлган болгондо план 8730,0 мин сом болушу керек эле демек мурдагы жылга салыштырмалуу 2620,0 мин сомго ашыкча коюлган.
Ошондой эле белгилеп кетчүү нерсе 2014-жыл ичинде ишмердүүлүктүн букмердик же тотализатордук кызмат көрсөтүүлөрү боюнча түрү бар болуп, алар эсебинен 140,0 мин сом акча каражаты түшкөн, ишмердүүлүктүн бул түрү КР № 207 законун негизинде жокко чыгарылгандыктан салык төлөмдөрү түшпөдү. Бирок 2015-жылдын ичинде 10947,8 мин сом түшүрүүгө жетишилип 2014-жылга салыштырмалуу 1569,7 мин сомго ашыкча аткарылды, өсүү темпи факт менен салыштырмалуу 116,7%га жетти.
Айта кетчү нерсе 2015 жылга сметада каралган 2882,1 мин сом эмек акы жыл жыйынтыгы 2760,4 мин сом сарпталып 121,7 мин сом үнөмдөлдү ,ал эми командировочный эсебинен 23,0 мин сом күндөлүк керектелүүчү товарлар үчүн 2,4 мин сом,соц төлөм эсебинен 27,6 мин сом үнөмдөлүп бюджетке кайталылды.
Киреше бөлүгү
Жалал-Абад шаарынын 2015-жылынын12 айынын бюджетинин кирешебөлүгүжалпытакталган планы 383,1 млн.сом, аткарылганы383,3 млн.сомболуп, 100,1 % аткарылып,197,5 миң сомго көп түштү. Бунун ичинен жалпы салык жана салык эмес кирешелердин такталган планы 306,2 млн сом болуп, 308,0 млн сом түшүп 100,6 % аткарылды, же болбосо 1,7 млн. сомго көп түштү, ал эми бекитилген планга салыштырмалуу (302,3 млн. сом) 101,9 % аткарылып 5,7 млн. сом көм түштү. Атайын төлөм каражаттары боюнча такталган план 60,4 млн. сом, аткарылганы 59,7 млн. сомду, түзүп, 98,8 %га аткарылды.
Жогоруда аталган каражаттардан бөлөк республикалык бюджеттен 15,6 млн. сом акча каражаты келип түштү. Бул каражат Маданият техникумунун, №3 балдар спорт мектебинин, көркөм-сүрөт мектебинин жана музыкалдык мектебтин эмгек акыларын төлөө үчүн каржыланган.
Чыгаша бөлүгү
Шаардык бюджеттин чыгашалар бөлүгү такталган планга салыштырганда 99,8 % га аткарылган, бюджеттик каражаттар бюнча такталган план 248,9 млн. сомду түзүп 348,2 млн. сомго аткарылды. 1.01.2016-жылга карата эмгек акыга, социалдык фондко, коммуналдык чыгымдарга (жылуулук энергиясынан бөлөк), жеңилдиктерге мөөнөтү өткөн кредитордук карыздар жок.
Курулуш тармагы
2015-жылдын январь-декабрь айларына капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 417 млн. 781 миң сомду түзүп 2014-жылга салыштырмалуу – 76,4%ды түздү. Мамлекеттик мүлктүн эсебинен капиталдык салым 159 млн. 530 миң сомду, жалпы көрсөтүлгөн көлөмдөн 38,2%ды түздү. Ал эми жеке менчик эсебинен иштетилген капиталдык салымдар 258 млн. 250 миң сомду жалпы көлөмдүн 61,8%ын түздү. Жеке курулуш мекемелердин эсебинен 2015-жыл ичинде каптиладык салымы көлөмү 454 млн. 768 миң сом же болбосо 2014-жылга салыштырмалуу 130%ды түздү.
Ал эми, жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаарда 110,1 млн. сомдук курулуш жумуштары аткарылды, же болбосо 2014-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге өсүшүн камсыз кылынды жана шаар тургундарынын бир топ көйгөйлүү маселелери туура чечилди.
Долбоорлоо бөлүмү
Жалал -Абад шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун JWRP-8.1 биринчи кезектеги (биринчи приоритети)13,2 км. аралыктагы 315мм диаметрдеги негизги суу берүүчү (кольцевая) түтүгүн куруу.
Жалал-Абад шаарынын биринчи кезектеги 13,2 км аралыктагы 315мм диаметрдеги негизги суу тутугун курууну ишке ашыруу боюнча «Алым-Ата» ЖЧКсы 2015-жылдын 30- декабрга төмөнкү көлөмдөгү жумуштарды аткарды. 315х18 мм полиэтилен трубаларын жаткыруу үчүн 13.360 метр траншеялар казылып, 315 мм диаметрдеги 120342 п/м полиэтилен трубалары, 200 мм диаметрдеги 270 п/м полиэтилен трубалары, 110 мм диаметрдеги 747 п/м полиэтилен трубалары ширетилип, темир бетон кудуктарынын ичине чугун задвижка жана өрт өчүрүүгө улануучу гидранттар орнотулуп суу менен толтурулуп жогорку басымда сыноодон өткөрүлүп траншеяларга жаткырылды. Темир жол линиялары, каналдар кесилишкен участоктордо 315 мм диаметрдеги 82 п/м темир трубалары аркылуу өткөрүлдү. Казылган жолдордогу асфальт катмарларын калыбына келтирүү боюнча 1500 п/м аралыктагы траншеялардын үстү калыбына келтирилди. Долбоордун биринчи приоритетин ишке ашыруу боюнча аткарылган жумушттардын көлөмү 2015-жылдын 31-декабрга карата 1378.7 мин еврону түздү. Аткарылган жумуштарга төлөнүп берилген сумма 1168,2 мин евро.
Кийинки 2 -чи приоритеттеги JWRP-8.2 долбоорун ишке ашыруу боюнча «Ак-Бата» ЖЧК долбоордо каралган курулуш материалдарынын ичинен Россия федерациясынан 122,0 миң еврого сантехникалык фасондорду, Бишкек эркин экономикалык зонасынан 80,0 миң еврого полиэтилен трубаларын сатып алынып, Жалал-Абад шаарындагы базасына жеткирилди. 2015-жылдын декабрь айынын экинчи декадасында суу эсептегичтер жайгаштырыла турган 23 даана темир шкафтарды көчөлөргө орнотуу боюнча «Курманбек» аймактык башкармалыгынын Хамза, Икрамов, Мукумий, К. Жуматаев, Жамбул, Кошевой жана Курортный ключ көчөлөрүндөгү коюлчу жерлери аныкталды. Суу эсептегичтерди жыйноо үчүн темир шкафтарды жасоого керектүү өлчөмдөгү темир листтерди Бишкек шаарынан алынып келинди.
Долбоордун JWRP 8.3 приоритети боюнча 2015-жылдын 31- август күнү откөрүлгөн тендерге катышкан ишкана-мекемелеридин сунуштарын баалоо жыйынтыкталууда.
Долбоордун JWRP-8.4 приоритетин реабилитациялоого 2015-жылдын 29-декабрында тендер өткөрүлдү. Долбоордун JWRP – 9 чу лоту боюнча Швецария мамлекети тарабынан берилген гранттын эсебинен суу эсептегичтерди сатып алуу үчүн FELA компаниясы аркылуу 477,7 миң еврого 9,0 мин даана суу эсептегичтер, 3 даана расходомерлер сатылып алынды.
Швейцария мамлекеттик секретарияты (SECO) тарабынан берилип жаткан гранттын эсебинен 159,6 миң еврого «Жалал-Абадсуу канал» башкармалыгына 2 атайын техникалар сатылып берилип иштетилип жатат.
Бүгүнкү күнгө чейин долбоорду ишке ашырууда 1936,4 миң евро каражаты жумшалды.
Коммуналдык чарба департаменти
Турак-жай коммуналдык чарба департаменти 2015-жылдын ичинде бир нече иш-чараларды аткарды. Атап айтсак, 1379 м2 жол сызыктары сызылып 1702,5 миң сом, 2 светофордук обьект Московский-Чехов, Эркиндик-Бабкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду ага 1363,3 миң сом, 117 даана жол белгилери орнотулуп, ага 645,2 миң сом, Манас көчөсүнө 645 метрге лоток орнотууга 719,7 миң сом, Н. Айтматова көчөсүн ортосунан бөлүүгө 141 даана тосмо 486,0 миң сом, Транспортный жана Кызыл-Мехнат көчөсүнө темир-бетон арык куурларды орнотууга 220 метр 573,5 миң сом, Эркиндик (Советский туюк көчөсүнөн Ж. Бакиева көчөсүнө чейин) темир-бетон арык куурлары 375 даана 787,0 миң сом, Б. Осмонов көчөсүнө темир –бетон арык куурларын орнотуу 450 метр 465,9 миң сом.
Ленин көчөсүн кеңейтүүгө 8707,7 миң сом, ортосунан бөлүп тосууга 398 метр 398,4 миң сом, жарыктандырууга 780,0 миң сом, Токтогул көчөсүнө трансформатор сатып алуу жана орнотууга 426,4 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсибенен каржыланып, иш-чаралар бүткөрүлдү.
Шаардын борбордук көчөлөрүнө 200 даана урналар орнотулуп ага 254,8 миң сом сарпталды.
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы.
Мекеме тарабынан шаардын көчөлөрүнө 600 түп можжевельник, 600 түп кара жыгач, 9497 түп роза гүлү, 8 түп голубой ель, 200 түп кара жыгач, ал эми теплицага 10,0 миң даана тагетти, петуня 10,0 миң даана, георгин 10,0 даана, салвия 10,0 миң даана гүл уруктары эгилди. Андан сырткары областтык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба башкармалыгы тарабынан 300 түп ясин, 305 түп кара жыгач, 185 түп Ива көчөтү, 434 даана жаңгак көчөтү, 181 түп алча көчөтү отургузулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик Агенттигине караштуу Жалал-Абад регионалдык токой чарбасы менен 2100 даана (300 даана жаңгак, 300 даана ясин, 300 даана алма, 300 даана алча, 300 даана терек, 300 даана кара-тал, 300 даана кайрагач) тез өсүүчү дарактарды алуу боюнча 3 тараптуу келишим түзүлүп, көчөтөр алынып келинди.
Пушкин атындагы скверди реконструкциялоо иштери «Алым-Ата» ЖЧКу тарабынан жүргүзүлдү, Жайгашкан орду – Жалал-Абад шаары Ж.Бакиев көчөсү. Сквердин сметалык баасы – 1 876, 4 миң сом, ал эми тендердик баасы – 1 367, 7 миң сом, реконструкциялоо иштери 17-июнда башталып, 25-августунда бүткөрүлүп, эксплуатацияга берилип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылданды.
Санитардык атайын автобазасы
Баарыбызга белгилүү болгондой «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан чыккан турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо менен иш алып барат. Мекеменин балансында турган 22 техника атайын автоунаалар элге кызмат көрсөтөт. 2014-жылы жылдын башында 40123 абонент катталган, ал эми 2015-жылы жылдын башына 46294 абоненттен катталып ар кандай себептер менен жыл ичинде 3971 абонеттин саны азайган. Мекеме 2015-жыл ичинде 19 млн. 89 миң сом акча каражатын жыйнаган болсо, 2014-жыл ичинде 13 млн. 50 миң сом акча каражатын жыйнаган башкача айтканда 2014-жылга салыштырмалуу 6 млн. 38 миң сом акча каражаты жыйналган. 2015-жылдын ичинде 14921 рейс турмуш-тиричилик калдыктары 110446 м3 ташылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги аркылуу 228 даана контейнер алынып шаар көчөлөрүнө, көп кабаттуу үйлөргө орнотулууда, андан сырткары 2 даана атайын автоунаа алынды. Андан сырткары МТЗ-821 үлгүсүндөгү трактор 1780,0 миң сомго сатылып алынды. Ал эми таштанды таштоочу жайдагы урналарга 5 урналык тосмо 9 даана, 3 урналык 3 даана тосмо курууга 403,2 миң сом акча каражаты сарпталды, бүгүнкү күндө мекемеде 152 даана атайын таштанды таштоочу урна резеврде турат.
Жол башкармалыгы
2015-жылдын жыл ичинде Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Төш-Кутчу айылынын О.Макеев көчөсүнө 0,808 км жолго толук асфальт басылды. Курулуштун сметалык баасы – 4 928, 0 миң сомду түздү. Р. Азимов көчөсүнө 440 метр жолго реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, 2 млн. 980 миң сом каржыланды. 9200 м2 жолдор жамалып ага 7613,9 миң сом, 8000 п/ м жаракаларды жамап жасоого 224,0 миң сом жумшалды.
Жол чарба башкармалыгына Камаз-5511 үлгүсүндөгү техника 445,0 миң сомго, мотокаток арабасы менен сатып алууга 490,0 миң сом акча каражы жумшалды.
Социалдык тармак
2015-жылы Жалал-Абад шаарынын социалдык тармагында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015 – 2017-жылдарга карата программасы жөнүндөгү” 27.02.2015-ж. №85 токтомунун негизиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 24.03.2015-ж. №27 токтому менен бекитилген иш-чаралар планын турмушка ашыруу максатында Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 24.03.2015-ж. №27-токтому менен бекитилген областтын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн 2015 – 2017-жылдарга карата иш-чаралар планын турмушка ашыруу максатында 2015-жылдын ичинде шаардык мэрия, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы жана шаардык Кайрымдуулук борбору тарабынан аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөлөргө, тубаса майыптарга мамлекеттик жана социалдык жөлөк пулдарды төлөө, белгиленген тиешелүү категориядагы атуулдарды акчалай компенсациялар менен камсыз кылуу, багып-кароочусу жок карыларды тейлөө жана региондогу оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, Кыргыз Республикасынын кары-картаң жарандарына социалдык кызматтан колдонууга көмөктөшүү, материалдык жардамдарды берүү боюнча бир катар иштер аткарылган.
Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынаншаар боюнча 728 үй-бүлөдөн 2066 балага жалпы 14 млн. 403 миң сом жөлөк пул, 166 балага туулганда бир жолу берилүүчү 372,6 миң сомдук сүйүнчү акча аныкталган. 2015-жылы жалпы 14 млн. 776 миң сомдук жөлөк пул чектелип, бүгүнкү күнгө каржыланганы 14 млн. 817 миң сомду түздү.
Ошондой эле, социалдык жөлөк пул 1485 адамга 39 млн. 728 миң сом чектелип, каржыланганы 39 млн. 724 миң сомду түздү. 2015-жылдын ичинде 16 социалдык кызматкер тарабынан 166 жалгыз бой карылар камкордукка алынып, 26641 каттоо жасалып, 28997 жолу ар түрдүү кызматтар көрсөтүлдү.
Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлерине, согушта курман болгондордун жесирлерине, Чернобыль апаатынын катышуучуларына, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар болуп жалпы 611 адамга республикалык бюджеттен бөлүнгөн 16 млн. 871 миң сомдук акчалай компенсация өз убагында төлөнүп берилди.
Республикалык бюджеттин эсебинен Улуу Ата Мекендик согуштун 17 ардагерине 604,4 миң сом өмүр бою берилүүчү стипендия жана 1134,7 миң сом кошумча стипендия өз убагында төлөнүп берилди.
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 12 адамга 160,6 миң сомдук курортко жолдомо берилди. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча 471 аялга 2362,9 миң сомдук жөлөк пул төлөнүп берилди. Ошондой эле каза болгондор боюнча сөөк коюу үчүн 24 адамга 161,7 миң сом жөлөк пул берилди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен сөөк коюу үчүн 49 адамга 97,0 миң сом берилди. Көзү азиз жана угуу сезими начар 111 адамга байланыш түйүндөрү үчүн да 67,2 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилди.
Кайрымдуулук борбору
720 аз камсыз болгон калктын социалдык аяр катмарындагы шаар тургундары түшкү ысык тамак менен камсыз болушуп, ага жергиликтүү бюджеттен 1252,8 миң сом сарпталды. Ошондой эле, алар тиричилик кызматынан (чач тарач, өтүк устасынын кызматы) акысыз пайдаланышты.
Аз камсыз болгон 104 шаардын тургунуна 224,0 миң сом акча каражаты материалдык жардам катары, 76,0 миң сом көмүр үчүн бөлүнүп берилди.
Ал эми көзү азиздер үчүн жол каражатына 59,5 миң сом каржыланса, кургак учук оорусу менен жабыркаган 28 адамга Ысык-Көлдөгү реабилитациялык борбордо дарыланып келүүлөрү үчүн жол каражатына 90,8 миң сом төлөнүп берилди.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине ай сайын берилүүчү жөлөк акчалар өз убагында төлөнүп берилди. Анын жалпы суммасы 578,0 миң сомду түздү. Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине, ошондой эле Чернобыль апаатынын, Ооган согушунун, Баткен согушунун майыптарына даталуу күндөргө карата материалдык жардамдар катары 2015-жыл ичинде Кайрымдуулук борбору тарабынан жалпысынан 775,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. «Карылар күнүнө» карата 200 кары адамга 100,0 миң сомдук азык-оокаттар таратылса, Июнь коогалаңында каза болгондордун үй-бүлөсүнө 2,0 миң сомдон жалпы 70,0 миң сом бөлүндү.
«Кайрымдуулук» борбору тарабынан белгилүү бир жашаган жери жок адамдар үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт аянтчасында жайгашкан имаратын колдонуу үчүн 2015-жылдын 1-ноябрынан келишим түзүлүп, жошоочу жайы жок адамдарды кабыл алып, социалдык кызмат көрсөтүү 3-ноябрда башталды.
Учурда түнөк үйдө жалпы 15 адам түнөп жатат. Алардын 7өө аял, ал эми 8и эркектер. Алар үчүн керектелүүчү керебет, матрац, жамынчы, электр жылыткычы, кир жуучу машина, ашкана буюмдары менен камсыз болгон. Көчө селсаяктары үчүн тамак-ашка жана керектүү буюмдарга 149,6 сом бөлүнгөн жана ар күнү бир маал ысык тамак менен камсыз болушат, бир адамга орточо наркы 40-45 сомду түзөт. Алар медициналык кароодон өткөрүлүп, рентгенге түшүрүлөт.
Түнөк үйлөрүнө бир айда эки жолу дезинфекция жасалат. Жалал-Абад шаарынын шаардык алдын алып, залалсыздандыруу станциясы менен келишим түзүлгөн.Түнөк үйлөрүндө белгилүү жашаган жери жок адамдарга гигиеналыкбуюмдар (самын, шампунь, сүлгү, ич кийим, тиш үетка, паста ж.б) берилет. Түнөк үйүндө селсаяктарды каттоо жана алар менен иш алып баруу үчүн атайын убактылуу комендант ишке алынган. Бир айда эки жолу мончого түшүрүлөт.
Белгилүү жашаган жери жок адамдарга санитардык гигиеналык шарттар түзүлүп, медициналык кароодон өткөрүлүп, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынууда.
Калктын аяр катмарына социалдык кызмат көрсөтүү боюнча иштерден сырткары 2015-жылы Кайрымдуулук борбору тарабынан мекеменин имаратынын сыртын жана кароолканасын оңдоп, түзөө иштери толугу менен аягына чыгарылды. Ага жергиликтүү бюджеттен 226,0 миң сом бөлүнүп берилди.134,0 миң сомго жайкы ашкана курулду. Эмерек, газ плитасы, ж.б. бөлмөлөрдү жакшыртуу үчүн алынган буюмдар үчүн жалпы 63,0 миң сом сарпталды.
Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 1278 бала кезинен майып болгондор катталган. Улуу Ата Мекендик согуштун 1 майыбы, Советтик Армиянын 23 майыбы, ооруктун 4 майыбы, “Көзү азиздер жана дүлөйлөр” коомунун 323 майыбы, Афган согушунун 3 майыбы, ЧАЭС 7 майыбы ай сайын бекитилген минималдуу социалдык стандарттар менен социалдык кепилдиктерди алышууда. 5 майып адамга коляска берилген.
2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын текшерүүсүнөн (МСЭК) 841 жаран өткөн, алардын 607синин майыптыгы тастыкталган (повторные), ал эми 65 жаран биринчи жолу майыптыкка чыккан. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн жалпы жарандардын 169ун балдар түзөт. Алардын 99унун майыптыгы тастыкталган, 70 бала биринчи жолу майыптыкка чыккан.
“1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата ДМЧ 18 жашка чейинки 413 балага 500 сом өлчөмүндө, баары болуп 206 500 сом жардам көрсөтүлгөн.
“3-декабрь – майыптар күнүнө” карата 634 адамга 500 сомдон жалпы 317.0 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилди. 5 мекеме, уюмга (№17-“Каакым” балдар бакчасынын ДМЧ балдар тайпасы, балдардын психо-неврологиялык социалдык стационардык мекемеси, “Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому”, “Даанакер” коомдук бирикмеси, жана “Мээрим-Булак” ДМЧ балдардын жана ата-энелердин коомдук бирикмеси) шаардык мэрия жана шаардык мекеме, ишканалар тарабынан 952 494 сомдук колдоолор көрсөтүлдү.
ДМЧ 24 спортсмен бар. 2015-жыл ичинде ДМЧА арасында 6 жолу республикалык жана шаарлар аралык мелдештер спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Алар шахмат, шашки, кол күрөш, коляскада жарышуу, футбол, гир көтөрүү боюнча спорттук мелдештерге катышып, 1-2-3-орундарга ээ болушкан.Токтогул районунда өтүүчү VI ДМЧА спортакиадасына Жалал-Абад шаарынын спорттук командасы катышап, 1-орунду ээлеп келишти.
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга карата укук бузуулар катталган эмес.
2015-жыл 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармасында каттоодо турган калктын аярлуу катмарынын 18 жашка чейинки 413 балага 500 сом өлчөмүндө, жалпы 206,5 мин сом жардам көрсөтүлгөн.
2015-жылы шаар боюнча өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 756 болуп, 3,1%ды түздү, жакыр 1037 үй-бүлө 4,3%, орто жакыр 2127 үй-бүлө 8,8% түздү. 2015-жылы шаар боюнча жалпы жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 3920 болуп, жакырчылык деңгээли шаар боюнча 16,2 %ды түздү. 2014-жылы жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 4 818 болуп, жакырчылыктын деңгээли 19,6 % түзгөн, б. а. 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 3,4%га азайган.
Балдарды коргоо боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балдар иштери боюнча комиссиясынын 23 отуруму өткөрүлүп 105 маселе каралды.
Жалал-Абад областтык төрөт үйүндө төрөп, энеси баш тарткан 6 жаңы төрөлгөн ымыркайдан энеси баш тартып, аларга ысым ыйгарылып, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө катталган. Алардын ичинен асырап алуу үчүн кезекте турган жарандардын убактылуу камкордугуна 3 бала, асыроого 2 бала, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен берилген.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 17-августундагы “Турмуштун оор кырдаалында турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу жөнүндөгү” №219-б буйругун аткаруу максатында, 2015-жылдын 18-19-20-август күндөрү, Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, Жалал-Абад ШИИБнүн кызматкерлери, Спутник, Ч.Айтматов, Курманбек, Достук аймактык башкарууларынын кызматкерлери менен биргеликте мониторинг жүргүзүлгөн. Аталган иш-чаранын жыйынтыгында, жалпысынан 133 үй-бүлө текшерилип, 207 жашы жете элек өспүрүм катталган. Алардын ичинен: турмуш шарты оор балдардын саны – 94, мигранттын балдары – 82, жарым жетим – 27 жана тоголок жетим -1.
Ар бир айда, «Оор жумуш менен алектенген балдар», «Көчө балдары», «Мыйзам бузган балдар», «Кайыр сураган балдар», «Түнкү өспүрүм», «Салам мектеп» аттуу рейд жүргүзүлүп турат.
Ал эми кылмыштуулук боюнча 2015-жылы жаш өспүрүмдөр тарабынан 22 (2014-жылы 22) кылмыш иши жасалып, өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны 2014-жылга салыштырмалуу бирдей. Учурда каттоодо турган кылмыш иштеринин үчөө 2014-жылдан өткөн.
Социалдык Фонддун шаардык башкармалыгы
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча пенсияларды төлөө үчүн 406,5 млн. сом керектелсе, каржыланганы 406,5 млн. сом болуп, керектөөнүн 100% ы камсыз болгон же болбосо, пенсияларды төлөө үчүн орто эсеп менен ай сайын керектелүүчү сумма 33,9 млн. сомду түзгөн.
2015-жылы 506 пенсионерге жаңыдан пенсия чектелип, 765 пенсионерге топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнө (КБ2) кайра эсептөөлөр жүргүзүлүп берилди. 2016-жылдын 1-январына карата шаар боюнча 7471 пенсионер каттоодо турду.2015-жылдын 1-сентябрынан баштап кайра эсептөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 4 689 сомду түздү.
Шаардык билим берүү тармагы
“Жылдын мыкты мугалими” сынагына 19 мугалим, “Жылдын мыкты тарбиячысы” кароосуна 9 тарбиячы катышты. Бул сынакка шаардык бюджеттен 150, 0 миң сом акча каражаты каралып, жеңүүчү 1-2-3-орунга ээ болгон мугалимдерге компьютер, көп толкундуу меш, сыналгы, кызыктыруучу белектер жана билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары берилди. Ал эми Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар мугалими Айнура Мамашева “Жылдын мыкты мугалими” деп табылып, сынактын областтык туруна катышып, байгелүү 2-орунга ээ болду.
2015-жылдын 27-28-март күндөрү Бишкек шаарындагы №5 компьютердик гимназия мектебинде мектеп окуучуларынын арасында республикалык олимпиада 10 предмет боюнча өткөрүлдү. Ага шаарыбыздын мектептеринен 3 окуучу катышып, 1 окуучу II орунду алууга жетишти, ал эми калган 2 окуучу IV орунду камсыз кылышты.
Республикалык Жалпы Тестирлөөгө шаардын мектептеринен 11-класстардын 652 окуучусу, мурдагы бүтүрүүчүлөрдөн 62 окуучу, орто окуу жайларынан 75 окуучу катышып, жыйынтыгында М. Бабкин атындагы №1-гимназия мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Суханов Мирсаит 214 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болду.
Мектеп окуучуларынын билим сапаты 2014 – 2015-окуу жылынын жыйынтыгында 48,9 %ды түзүп, мурунку окуу жылына салыштырмалуу 2%га жогорулаган.
Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылындагы муниципалдык менчиктеги “Алтын Балалык” балдардын эс алуу лагеринде жайкы эс алуу уюштурулуп, балдардын ден-соолугун көзөмөлдөө жана коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер өз убагында аткарылды. Аталган лагерде 2015-жылдын жай мезгилинде 2 агым уюштурулуп, 200 бала эс алды. 1-агым үчүн жергиликтүү бюджеттен 225 000 сом акча каражаты бөлүндү.
2015– 2016-окуу жылында мектептерде 996 мугалим эмгектенүүдө. Ошондой эле, 19 009 окуучу менен 672 класс комплектелди. Мектеп окуучуларынын бош убактыларын туура пайдалануу жана кесипке багыт берүү, сергек жашоого үндөө, кошумча билим берүү максатында балдардын эки спорт мектеби, музыкалык, көркөм-сүрөт жана балдарга билим берүү борборлору иш алып барат. Бул мекемелерге 1842 окуучу тартылды.
Учурда шаардын аймагында мектепке тартылбай калган мектеп жашындагы балдар жок.
2015 – 2016-окуу жылына карата бардык билим берүү мекемелеринде утурумдук оңдоо-түзөө иштери сапаттуу жүргүзүлдү. Жаңы окуу жылына даярдык иштери үчүн билим берүү мекемелери республикалык бюджеттен 1372,1 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 7386,6 мин сом, ата-энелер фондунан 1619,1 мин сом, демөөрчүлөрдөн 678,4 мин сомкаржыланды.
2015 – 2016-жаңы окуу жылынын башынан 1-4-класстардагы 8716 окуучуга ар күнү шашке чай берилүүдө. Ага республикалык бюджеттен бир жылга 8312, 5 мин сом каралып, бир балага бир күнгө 7 сомдон акча каражаты сарпталат.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча
Шаарыбыздагы 21 муниципалдык бала бакчада азыркы учурда 4381 бала тарбияланууда. 2015 – 2016-жылга карата ар бир баланын тамак-ашына шаардык бюджеттен 19 сом 67 тыйын, ал эми ата-энелер тарабынан 43 сом 03 тыйын болуп, бир күндө орточо эсеп менен 62 сом 70 тыйын сарпталат.
Бала бакчаларда балдарды камтуу көрсөткүчүн жогорулатуу максатында 2015-жылы жаны №4-“Алтын Балалык” 50 орундуу бала бакчасы курулуп, эксплуатацияга берилди.
Саламаттыкты сактоо тармагы
Шаар боюнча төрөттүн саны 2014-жылдын 12 айында 2147ни түзгөн болсо, 2015-жылдын 12 айында 2240ты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу төрөттүн саны 93кө көп болду.
Энелердин өлүмү 2015-жылы катталган жок.
1 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны 2014-жылы 32ге жетип, көрсөткүчү 14,7 болсо, 2015-жылы 29 бала каза болуп, көрсөткүчү 12,9ду түздү, б.а., көрсөткүч салыштырмалуу 1,8ге азайган.
Шаар боюнча жугуштуу оорулардын саны 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 4,1%га азайган.
Энтерит 2015-жылы 357, 2014-жылы 538, 181 ооруга азайган.
Жалпысынан алганда вирустук гепатитке 2015-жылы 192 киши чалдыкса, 2014-жылы 352. Мындайча айтканда, салыштырмалуу 160 оорулууга азайган.
2015-жылы курч мүнөздөгү рестратордук вирустук инфекция боюнча (ОРВИ) 2014-жылга караганда 303 учурга аз катталды же болбосо 6,4%га азайды. 2014-жылы 4 693 учур катталса, 2015-жылы 4390 учурга жетти.
Жалал-Абад шаары боюнча 2015-жылы 85 адамдан жаңыдан биринчи жолу кургак учук оорусу табылган, ал эми 2014-жылы 111 адамдан табылган эле.
Жалал-Абад шаардык санитардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундакөзөмөлдө турган 786 объектте 2015-жылы санитардык кызматкерлер тарабынан 710 жолу текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мекеме, ишканалардын жетекчилерине 46 жолу көрсөтмөлөр берилген. Санитардык талаптарга жооп бербеген 62 мекеме, ишкананын жетекчилерине 81 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошону менен катар 47 обңект убактылуу ремонтко жабылап, 12 адам иштен четтетилди.
Ал эми, жугуштуу ооруларга карата эмдөөлөр боюнча сөз кыла турган болсок, жаңы төрөлгөн балдардан тартып 11 жашка чейинки балдарга кургак учукка, кара сарыкка, шалга, кептөөр, көк жөтөл, селейме жана кызылча-кызамыкка каршы эмдөөлөр мерчем боюнча аткарылды.
Шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармасы тарабынан эпизоотияга каршы иш-чаралар түзүлүп, анын негизинде үй жандыктарына (жылкы, кара мал, кой, эчкилер, ит) бруцелөзго серологиялык изилдөө жүргүзүлдү.
Сибирь жарасынын мурунку очоктору 2015-жылдын 12 айында 2 жолу залалсыздандырылды.
Жылкынын кеңги оорусуна, сап оорусуна серологиялык изилдөө боюнча, ошондой эле, кутурма, чечек, шарп жана башка жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр боюнча план толугу менен аткарылган.
Бүгүнкү күнгө карата шаарда эпизоотиялык абал туруктуу.
Жумушка орноштуруу
2015-жыл ичинде шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан 1189 жумушсуз атуул жумушка орноштурулган,
Эмгек рыногунун активдүү багыты боюнча коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 300 жумушсуз атуул тартылган.
2015-жылдын 12 айында баары болуп 227 жумушсуз жаран окуу курстарына жөнөтүлдү. Ал эми 35 жумушсуз атуулга өз ишмердүүлүгүн баштоо үчүн 1 млн. 50 миң сом өлчөмүндө жылдык үстөгү 15%ды түзгөн чакан насыялар берилди.
Миграция
Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө 2015-жылы ичинде миграция маселелери боюнча 5460 атуул кайрылып, аларга тиешелүү кеп-кеңештер берилген. Кайрылгандардын негизги бөлүгүн Россия, Казакстан жана Корея мамлекеттерине иштеп келүүнү каалаган жарандар түзгөн.
2015-жыл ичинде шаардан чыгып кеткен тышкы мигранттардын саны 13474тү түзсө, кирген мигранттардын саны 9787ни түздү.
Тарыхый Мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар боюнча
Шаардын аймагында 830 этникалык кыргыздар катталган. Алардын ичинен «Кайрылман» статусун алгандардын саны 746ны түзөт, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын саны 318, өз күчү менен турак-жай сатып алгандардын саны 43, Өзбекистан Республикасынан келгендердин саны 812, Таджикистан Республикасынан келгендердин саны 11.
Этникалык кыргыздардын дээрлик көпчүлүгү жеке ишкердик менен алектенишет, башкача айтканда, базарда соода-сатык иштерин жүргүзүшөт, ошондой эле, талаа жумуштары менен алектенишет.
Жаштар иштери
Жаштар менен иш алып барууну жогорулатуу максатында шаардык мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетин толук кандуу ишке киргизүү 2015-жылга мерчемделип, 2-чейрегинде иш кагаздары толугу менен бүткөрүлүп, иши башталды. Комитеттин жылдык иш-планына ылайык 14 иш-чара аткарылды. Алардын ичинен 3 кайрымдуулук акциясы, 2 интеллектуалдык таймаш, 4 маданий тармактагы иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү. Пландан сырткары шаардык мэрия тарабынан уюштурулган 13 маданий, экономикалык, саламаттыкты сактоо, диний жааттагы иш-чаралардын өтүшүнө Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери активдүү көмөк көрсөттү.
Дене тарбия жана спорт тармагы
2015-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен спорттун 11 түрү боюнча жалпысынан 103 мелдеш каржыланып, шаардын спортсмендери 102 байгелүү орунга же 2014-жылга салыштырмалуу 29га көп байгелүү орунга жетишишти. Анын ичинен 37 алтын, 27 күмүш жана 38 коло медалдарына ээ болушту.
Эң көрүнүктүү жеңүүчүлөрдүн бир нечесин белгилей кетсек, 2015-жылдын февраль айында Токмок шаарында болуп өткөн спорттун бокс түрү боюнча жаш өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын биринчилиги болуп, Жалал-Абад шаарынан Кайкыев Майрамбек алтын медалга ээ болсо, март айындагы Жалал-Абад шаарында болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Максатбеков Сыргак 50 кг салмактагы, Дордоков Балбай 55 кг салмактагы жана Асанов Эсен 74 кг салмактагы спортсмендердин арасында 1-орунду жеңишип, алтын медалдарга ээ болушту.
Спорттун эркин күрөш түрү боюнча Ош шаарында болуп өткөн жаштар арасында Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Абдикарим уулу Жыргалбек 50 кг салмактагы спортсмендердин арасында 1-оорунду ээледи.
Азербайжан мамлекетинни Баку шаарындагы грек-рим күрөүү боюнча Эл аралык Гран При турниринде Сулайманов Калы 2-орунга ээ болсо, Нейпидо мамлекетинин Мьянма шаарында спорттун ушул эле түрү боюнча жаштар арасында Азия биринчилигинде Максатбеков Сыргак 2-орунду, Асанов Эсен 3-орунду камсыз кылышты.
Бишкек шаарында Бүткүл Дүйнолүк жеңил атлетика күнүнө карата болуп өткөн мелдеште, А. Бекбоева 1-орунга ээ болду. Ал эми спорттун кикбоксинг түрү боюнча май айында жаштар жана өспүрүмдөр арасында өткөн Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Т. Нуралиев 86 кг салмактагы спортсмендердин арасында 1-орунду жеңип алды. Ошондой эле, июнь айында алыш күрөшү боюнча Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатында Ч. Аканов, Э. Алымкулов, Т. Алымжан уулу жана М. Каримжан уулу 1-орунду багындырышты.
Маданият тармагы
Шаардык мэриянын алдындагы маданият, искусство жана маалымат иштери боюнча кеңештин 2015-жылга карата бекитилген иш планынын негизинде шаарда өткөрүлүүчү маданий жана тарыхый иш-чараларды, юбилейлерди өткөрүүнүн алдында отурумдар өткөрүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Чечимдердин негизинде шаарда өткөн бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ал иш-чаралар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Ата Мекенди коргоо күнүн, «Нооруз» майрамы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Аялдардын Эл аралык күнүн белгилөөдө иш-чара тиешелүү деңгээлде өткөрүлүп, 200 айымга акчалай сыйлык, 15 айымга Ардак Грамоталар тапшырылды. Энелер күнүн өткөрүүдө 150 энеге сыйлуу белектер, 20 энеге Ардак Грамоталар жана гүлдөр тапшырылды.
Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө балдар үчүн концерттик программалар тартууланды. Ошондой эле 2016-жаңы жылды тосуу да тиешелүү деңгээлде өткөрүлдү.Жалпы 2015-жыл ичинде 41 коомдук саясий жана социалдык маданий иш-чара, 10 массалык оюн-зоок тамаша майрамы, 20 кесиптик майрам, 8 кароо-сынак, жалпысы болуп, 79 иш-чара өткөзүлдү.
Шаардык музейде көрүнүктүү инсандарга арналган бурчтар ачылып, көргөзмөлөр уюштурулду.
Музейде 2015-жыл ичинде 155 экскурсия өткөрүлүп, 12 миң адам катышты. Учурда музейдеги экспонаттардын саны 6080.
Диний чөйрө
Шаардагы мечиттердин саны 25, намазканалардын саны 6. Жума Намаздары окулуучу мечиттердин саны 11. Мечиттердин баары мамлекеттик каттоодон өтүшкөн. Жалпы 31 имамдын атайын диний орто жана жогорку билимдери бар.«Аз-Захра» балдар медресеси «Достук» кичи шаарчасында жайгашып, анда жалпысынан 24 окуучу билим алышат жана аларга 6 мугалим сабак берет. Медресенин окуу программалары жана иш пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы диний иштер боюнча Агенттиги жана республикалык Муфтияттын башчысы тарабынан бекитилген, ишмердүүлүгү областтык Казыят, шаардын баш имамы тарабынан ар дайым көзөмөлдөнүп турат.2015-жылдын 18-январында шаардык мэриянын кызматкерлери жана областтык мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен тыгыз иштер алынып барылып, үйлөрдө жүргүзүлүп жаткан аялдардын арасындагы дааваттарды көзөмөлдөө үчүн 1 жолу рейд жүргүзүлдү. Рейд учурунда шаардын Тихий көчөсүндөгү үйдө 22 оронгон аял чогулуп, даават иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Аларга мыйзамга каршы иштер жүргүзүлсө, катуу чаралар көрүлөөрү катуу эскертилди.
2015-жылдын 18-февралында диний экстремизмди жана адамдардын Сирияга тартылууларын алдын алууга багытталган конференция мэриянын чоң жыйындар залында болуп өттү. Анда УКМК тарабынан даярдалган адамдардын Сирияга тартылууларына бөгөт коюуга үгүттөгөн видео сюжет көрсөтүлдү.Шаардык мэрия жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан май айында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, суицидди алдын алуу, салттуу дин туурасында түшүнүк берүү жана “Акыркы коңгуроо” аземин тартип бузууларсыз өткөрүү максатында областтык Казыяттын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлериинин, психологдордун катышуусунда шаардагы ар бир мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2015-жылдын октябрь айында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, суицидди алдын алуу, Сирияга кетүүлөргө бөгөт коюу боюнча областтык прокуратура менен биргеликте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын, областтык Казыяттын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин, психологдордун катышуусунда шаардагы ар бир мектепте видео сюжеттерди колдонуу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
“Жаштар жумалыгынын” алкагында 11-ноябрь күнү шаардык мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан “Диний экстремизм жана зордук-зомбулукка каршы” аталыштагы “Даанышман” интеллектуалдык оюну уюштурулду. Ага 6 команда катышып, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин командасы жеңип чыкты.
Шаардык мэрия тарабынан ноябрь айында шаарда жайгашкан бардык жогорку, атайын орто окуу жайларда, кесиптик лицейлерде студенттер менен, ошондой эле, аймактык башкарууларда элдер менен диний экстремизмди, адамдардын Сирияга тартылууларын алдын алууга багытталган 14 жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууларга областтык Казыяттын, УКМК Жалал-Абаддагы башкармалыгынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн 10-тобунун кызматкерлери чакырылды.
Туризм
2015-жыл ичинде 19089 саякатчы шаарыбызга келди же болбосо 2014-жылга салыштырмалуу 86,7%ды түздү. Мейманканалар тарабынан салык төлөмдөрү 60540,8 миң сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 17468,7 миң сомго көп акча каражаты бюджетке чегерилди, б.а., өсүү темпинин көлөмү 140,6%ды түздү.
Маалымат кызматы
Шаардык мэриянын сайтын кайрадан ишке киргизүү, шаардык мэриянын жана депутаттардын шаардык кенешинин калаа тургундары үчүн аткарып жаткан жумуштарын шаардагы бардык массалык маалымат каражаттарында жеткиликтүү чагылдырылышын уюштуруу менен мэриянын маалымат кызматынын натыйжалуулугуна жетишүү максатында 2015-жылы “Маалымат борборун” түзүү мерчемделип, 11 штаттык бирдиги менен 2015-жылдын ноябрь айында түзүлдү жана юридикалык иш кагаздары бекитилип, аталган борбордун иши башталды. Маалымат борборунун медиа ресурсу катары А3 форматында 8 беттен турган коомдук-саясий “Мезгил” гезити түзүлүп, айына 2 жолу 1 700 нускадан чыгарылып жатат. 2016-жыл ичинде нускасын 2,5 миңге жеткирүү жана 16 беттен чыгаруу мерчемделүүдө. Гезитти өнүктүрүү иши боюнча атайын менеджмент стратегиясы иштелип чыккан жана аны ишке ашыруу 2016-жылы колго алынат.2015-жылдын декабрь айында Маалымат борборунун дагы бир медиа ресурсу болгон муниципалдык веб-сайты иштелип чыкты. Веб-сайттын функциясы жана структурасы жалпы шаардык муниципалитеттин маалымат саясатын алып барууга, шаар тургундары менен дайымкы диалогду жүргүзүүгө, шаардыктардын маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандырууга ылайыкташтырылды. Учурда веб-сайтты провайдер аркылуу Интернетке улоо маселеси чечилип жатат. Шаар тургундары өзүнө керектүү маалыматтарды, документтерди таап, анын нускасын көчүрүп алуу, мэриядагы жана шаардык кеңештеги маалыматтарга оңой жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.Шаардын тургундарынын алдында жана сырткы маалымат мейкиндигинде шаардын имиджин көтөрүү максатында 40 секундалык атайын ролик тартылды. Аны телевидениелер аркылуу обого чыгаруу иши колго алынмакчы.