Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш кезектеги XXXV сессия
2016-жылдын 14-июлу № 4
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-ж. кезектеги XXXII- сессиясынын № 1- токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезектеги XXXV - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү пайдаланылган каражат өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин жана тиркемеде өзгөртүлгөн багытта каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 15.03.2016-жылдагы №1-токтомунун 12-тиркемеси менен бекитилген Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынын штаттык тизмесине 0,5 штаттык бирдигин кошуп, толук 1 штат (юрист) мекеменин эмгек акысынын үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен кармоо мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине 2016-жылга каралган сметасынын чегинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 480,0 миӊ сом акча каражатына автоунаа алуу үчүн бекитилип берилсин жана бөлүнгөн каражатты жылдырып, каржылап берүү финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүнөн (Ленин көчөсүндөгү асма көпүрөнүн астынан) Жалал-Абад сууканал башкармалыгы тарабынан курулуп жаткан курулуш үчүн Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесинин атайын эсебинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 232,0 миӊ сом акча каражатын Жалал-Абад Сууканал башкармалыгына бөлүп берүү мекеменин жетекчисине (Т.Бакиров) милдеттендирилсин. Курулган курулушту муниципалдык менчикке алуу жагы тийиштүү мекемелерге милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесинин атайын эсебинен үнөмдөлгөн жана кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата 745,8 миӊ сом акча каражатын жумушчу кызматкерлерге бир жолку сыйлоо үчүн бөлүп берүү мекеменин жетекчисине (Т.Бакиров) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун №1-тиркемесиндеги 11165,0 миӊ сом чыгымдоолордун үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен Жеӊижок, 30а дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн айланасын тосууга коммуналдык чарба департаментинин түзгөн сметасынын негизинде смета түзгөн мекеме аркылуу каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. Жергиликтүү бюджетке кирбей калган шаардын ар түрдүү маселелерин чечүү үчүн шаар тургундарынын кайрылууларын аткаруу максатында шаардын депутаттарынын каттарынын негизинде 6200,0 миң сом акча каражаты шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде шаардык кеӊештин депутаттарынын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин толугу менен каржылоого макулдук берилсин.
8. Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин 2016-жылга бекитилген сметасынын чегинде спорттун бокс түрүнөн 150,0 миӊ сом, теннис түрүнөн 50,0 миӊ сом, баскетбол түрүнөн 50,0 миӊ сом, жалпысы 250,0 миӊ сом акча каражатын спорттун грек-рим күрөшү боюнча түрүнө жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
9. Жалал-Абад шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин 2016-жылга бекитилген сметасынын чегинде эмеректерди сатып алууга каралган акча каражатынын эсебинен 2 даана стол алууга карлган 20,0 миӊ сомдун 10,0 миӊ сомун принтер алууга жана жалюзи алуга жылдырып иштетүүгө макулдук берилсин жана каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылга бекитилген сметасынын чегинде 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен «Алтын Балалык» балдардын жайкы эс алуу лагерине 125,0 миӊ сом акча каражатын каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылга бекитилген сметасынын чегинде 6 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражаты өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана тиркемеде өзгөртүлгөн багытта каржылап берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
12. Жалал-Абад шаарынын №153-кварталынын жашоочуларын электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 100кВА кубаттуулуктагы трансформатор менен камсыз кылып берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин жана аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин..
15. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |