Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы № 12
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ 331029 маркасындагы автоунасын айыл өкмөтүнүн балансынан чыгаруу жөнүндө
Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловдун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ 331029 маркасындагы 1992-жылы чыккан мамлекеттик номери 05-96 ТА, техникалык өтө начар абалдагы кызматтык автоунаасы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган ГАЗ 331029 маркасындагы 1992-жылы чыккан мамлекеттик номери 05-96 ТА, техникалык өтө начар абалдагы кызматтык автоунаасы айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарылсын.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап, иш алып баруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабыловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |