Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 01-августу № 138/23-7
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын 10.11.2014-жылдагы №633 сандуу токтому жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 30.7.2018-жылдын № 01-3/1104 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында эң маанилүү приоритет катары иштелип чыккан долбоорлорду карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан Талас шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү алкагында эң маанилүү приоритет катары иштелип чыккан төмөндөгү 5 долбоорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
- Талас шаарынын ички жана четки көчөлөрүн жарыктандыруу максатында жалпы
узундугу 14 926 метрге 372 даана прожектор орнотуу үчүн жалпы суммасы
4 700 000 (төрт миллион жети жүз миң) сомго эсептелген долбоору;
-Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүн, Ч.Сатаев көчөсүнөн К.Нуржанов аллеясына чейин
абаттоо максатында 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомго эсептелген долбоору;
-Талас шаарынын тазалыгын камсыздоо максатында 100 даана евроконтейнерлерди
сатып алуу үчүн 2 000000 (эки миллион) сомго эсептелген долбоору;
-Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык
ишканасына брусчатка чыгаруучу станок сатып алуу максатында жалпы суммасы
700000 (жети жүз миң) сомго эсептелген долбоору;
-Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясына Айкөл Манас атанын эстелигин орнотуу үчүн жалпы 4 500 000 (төрт миллион беш жүз миң) сомго түзүлгөн сметанын 1000000 (бир миллион) сому “Бакубат-Талас” фондусунан каржылангандыктан, калган 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сом акча каражатын каржылоо боюнча эсептелген долбоору;
2. Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунушталган долбоорлор боюнча жалпы долбоордук-сметалык документтерин так жана туура топтоп жөнөтүү жагы, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице-мэрине (Курманалиев Д.С.) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |