Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 01-августу № 139/23-7
Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясынын түндүк тарабы, К.Медетбеков атындагы драма театрынын маңдайына Колпоч атанын эстелигин орнотууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 24.07.2018-жылдагы №01-4/1057 сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушунун негизинде, Талас облусундагы тарыхый инсандардын эрдигин кийинки урпактарга даңазалоо максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясынын түндүк тарабы, К.Медетбеков атындагы драма театрынын мандайына Колпоч атанын эстелигин орнотуу үчүн 0,1 га жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. Тарыхый эстеликти орнотууда заманбап архитектуралык талаптар сакталсын жана тегерегин кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагы “Колпоч ата” коомдук бирикмеси тарабынан каржылансын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |