Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 01-августу № 140/23-7
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын штаттык түзүмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүмчөсү, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 30.07.2018-жылдагы №01-2/1106 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |