Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 01-августу № 141/23-7
Талас шаарынын чыгыш тарабына жер астындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 30.07. 2018-жылдагы №01-3/1104 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоорун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кенешинин 28.06.2017-жылдагы №47/9-7 сандуу Талас шаарындагы Ж.Молдосанов көчөсүндөгү жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү долбоору жөнүндө токтому жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын чыгыш тарабында жер астындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн жалпы суммасы 12 509000 (он эки миллион беш жүз тогуз миң) сомго эсептелген долбоорун Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |