Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXIII сессиясы
2018-жылдын 01-августу № 142/23-7
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна жаңы долбоорлорду даярдоо иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин кезексиз XXIII сессиясынын протоколдук чечиминин негизинде Талас шаарынын инфраструктурасын жана тейлөө чөйрөсүн жакшыртуу багытында маанилүү приоритеттик жаны долбоорлорду даярдап, Талас өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча жобого ылайык иш алып баруу жагын Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына милдеттендирүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы (мэр А.Джузупбеков) тарабынан Талас шаарынын инфраструктурасын жана тейлөө чөйрөсүн жакшыртуу багытында маанилүү приоритеттик жаңы долбоорлор бир айлык мөөнөттө тиешелүү жобого ылайык иштелип чыксын жана Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
2. Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунушталган жаңы долбоорлор боюнча жалпы долбоордук-сметалык документтерин так жана туура топтоп жөнөтүү жагы, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице-мэрине (Курманалиев Д.С.) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |