Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- чакырылыштагы 8 -сессиясы
2018-жылдын 16-январы № 6
2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Орток айыл аймагын өнүктүрүү максатында « Айылыбыздын өнүгүшү өз колубузда» жана « Келечек жаштардыкы» долбоорлорун бекитүү жөнүндө
2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында « Айылыбыздын өнүгүшүү өз колубузда» жана « Келечек жаштардыкы» долбоорлорун бекитүү үчүн Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактын элдик өкүлчүлүктүү жыйында көп добушка ээ болгон демилгелүү топ тарабынан сунушталган « Айылыбыздын өнүгүшү өз колубузда» жана « Келечек жаштардыкы » долбоору бекитилсин.
2. « Айылыбыздын өнүгүшү өз колубузда » долбооруна жергиликтүү бюджеттен 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. « Келечек жаштардыкы » долбооруна жергиликтүү бюджеттен 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, жалпысы жергиликтүү бюджеттен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
4. Долбоорго мониторинг жүргүзүү боюнча төмөнкүдөй көзөмөлдөө комиссиясы түзүлсүн. (тиркеме 1 баракта тиркелет)
5. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.+мүрзаковго млдеттендирилсин.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сещирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мүсүров |