Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V- чакырылыштагы 9 -сессиясы
2018-жылдын 14-апрели № 1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындыгы №244-Токтомунун 2-тиркемесине ылайык Жободо белгиленген беренелерде Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан каржыланган маданий жана башка обьектилерге ысымдарды ыйгаруу жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен жалпы жыйындын жана Орток айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен ыйгаруу прерогативасы берилгендиктен Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнө караштуу айылдык маданият үйүнө Таш-Башат айылынан чыккан коомдук, партиялык жана агартуу тармагынын ишмери Асаналы Турсунбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомолдун Нарын обкомунун бөлүм башчысы, Орток айыл аймагында эӊ алгачкы уюшулган Киров совхозунда, ирилештирилген Калинин атындагы колхозунда партиялык уюмдун секретары, Ворошилов, Учкун, Куланак, Ленин, Калинин атындагы орто мектептеринде 25 жылдан ашык директор жана Дөбөлү айылдык кещешинин төрагасы болуп эмгектенип, чарбанын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө, жаштарга билим берүүгө өзгөчө салым кошкон Турсунбаев Асаналынын ысымы айылдык маданият үйүнө ыйгарылып, айыл жергесинин тарыхый маданий өнүгүүсүн чагылдыруу максатында тарыхый маданий комплекс деп аталсын.
2. Айылдык тарыхый-маданий комплексине атайын критерийдин негизинде алгачкы артель болуп уюшулгандан берки айылдын өнүгүшүнө салым кошкон инсандары жөнүндөгү маалыматтарды чогултуу, ирээттүү чагылдырууну, комплексти жасалгалоону уюштуруу Орток айыл өкмөтүнүн аппаратына сунушталсын. Комплекске чыгымдалуучу финансылык каражаттар А.Турсунбаевдин үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен ишке ашырылсын.
3. Айылдын тарыхый- маданий комплексине айыл элинин кайрылуусунун негизинде жалпы элдик жыйындын жана айылдык кещештин сессиясынын чечими менен Асаналы Турсунбаевдин атын ыйгаруу чечимине колдоо көрсөтүү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.+мүрзаковго млдеттендирилсин.
5. Бул ишти көзөмөлгө алууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сещирбаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Мүсүров |