Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-октябры № 1
« Бешик-Жон айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын кышка карата даярдыгы жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын орун басары Абдыкаров Кушбактын Бешик-Жон айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчаларга 2017-жылдын жаны окуу жылына карата ремонт иштерине бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы боюнча берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагындагы мектеп бала бакчалардын кышка даярдыгы боюнча берилген отчету канааттандырылсын(№1тиркеме тиркелет).
2. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 6 айлык жыйынтыгы менен пландан сырткары кошумча түшкөн кирешелерден:Админстративдик штрафтан-16000,Мектептен чыккан эски материалдарды сатуудан түшкөн киреше-67000, Муниципалдык жерди менчиктештирүүдөн түшкөн киреше-31000сом жалпы 114000сом акча каражаты Карача айылына жаңы курулуп ишке кирген “Асыл”балдар бакчасынын 5айга кетүүчү ыссык тамагына жумшоо үчүн тамак-аш-2218статьясына кошумча план болуп киргизилсин(№2тиркеме тиркелет) .
3. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |